Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
167-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"167-берене. Тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгарылышына жол бербөө
1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар кылмыш иши боюнча териштирүү аяктаганга чейин ачыкка чыгарылууга, анын ичинде алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарынын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес.
2. Тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти, адисти, котормочуну жана тергөө аракеттеринин өндүрүшүнө катышып жаткан башка жактарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертет жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.
Колкат тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу кылмышты териштирүүнүн жыйынтыктарына терc таасирин тийгизет деп эсептөөгө негиздер болгон учурларда гана, жарыяланышы аларды жоготууга, шектүү же айыпталуучу тарабынан аларды жок кылуу үчүн шарттардын түзүлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон иш боюнча чогултулган далилдерди коргоо максатында алынат, бул шектүүнүн же айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашырынуусуна, тергөөгө башкача жол менен тоскоолдук кылуусуна мүмкүндүк берет, колкат ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн мыйзам менен корголуучу сырларын, кадыр-баркын, ар-намысын жана ишмердик аброюн коргоо жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл учурда алынат.
Сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат алуунун зарылдыгы тууралуу тергөөчү жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат.
3. Эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келбесе жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга байланышпаса, тергөөнүн маалыматтары тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен жана алар жол берген көлөмдө гана ачыкка чыгарылышы мүмкүн.
Тергөөчүнүн же прокурордун уруксаты менен сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, алардын жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну ачыкка чыгарылышы мүмкүн, буга тергөөнүн тактикасын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата көрүлүүчү коопсуздук чараларын ачыкка чыгаруу кирбейт.
4. Ушул Кодекстин 291-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу төмөнкү маалыматтарга жайылтылбайт:
1) кылмыш жасоо фактысы жөнүндө;
2) кылмыш ишин козгоо жөнүндө;
3) кылмыш жасаганга шектүү адамды кармоо жана бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө;
4) айып коюу жөнүндө;
5) тергөөнүн аяктагандыгы жана айыптоо актысынын түзүлгөндүгү, иштин кыскартылгандыгы же болбосо токтотулуп тургандыгы жөнүндө;
6) иш боюнча, анын ичинде адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттик жана эл аралык органдарга берилүүчү өтүнүчтөрдө, арыздарда жана даттанууларда камтылган кылмыш ишинин материалдарынан алынган маалыматтар;
7) мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамды, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу фактылары жөнүндө;
8) айкындалган, анын ичинде тергөөчү же прокурор тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына же башка ачык-айрым ыкма менен жайылтылган маалыматтар.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларынын, анын ичинде айыпталуучунун жеке турмушу жөнүндө маалыматтар өзгөчө учурларда, маалыматка тиешеси бар адамдын макулдугу болсо, эгерде бул анын кызыкчылыктарына жооп берсе, үчүнчү жактарга же жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланышы мүмкүн.
Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат талап кылынган адам тергөөчүдөн же прокурордон ачыкка чыгарууга укугу жок маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга укуктуу. Тергөөчү ачыкка чыгарылбай турган маалыматты жазуу жүзүндө конкреттештирүүгө милдеттүү.
Жогоруда аталган маалыматтар ачыкка чыгарылган учурда, эгер бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуп жатса, ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келсе, тергөөчүдөн же прокурордон берилген маалыматты конкреттештирүүнү талап кылууга тыюу салынат.
5. Мамлекеттик сырларга байланыштуу иштер боюнча өндүрүштө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокатка ага адвокаттык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда ал жоопкерчиликке тартылары жөнүндө иш өндүрүшүндө турган адам эскертет. Ушуну менен бирге, адвокат мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу милдеттенме берет. Мамлекеттик сырларды камтыган маалыматтар так аныкталууга жана жашыруун эмес материалдардан обочолонуп турууга тийиш.
Эскертүү. Бул беренеде тергөө маалыматтары деп сурактын, беттештирүүлөрдүн убагында берилген суроолордун жана алардын жоопторунун мазмуну, тергөө аракеттеринин жүрүшүндө адамга жасалган кылмыштын жагдайлары белгилүү болгон башка тергөө аракеттеринин мазмуну түшүнүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |