Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 15-февралы № 26
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1021-берене менен толукталсын:
"1021-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү
1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан педагогикалык кызматкерге карата сөгүнүү, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди) же предметтерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникация тармактары аркылуу билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, -
жеке жактарга эскертүү берүүгө же 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоосуна алып келген ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын он алты жашка чейинки курактагы баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы -
эскертүүгө алып келет.";
2) 456-берене "102," деген цифралардан кийин "1021," деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-февралындагы № 13 (3462) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |