Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-марты № 45
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын кооперативдерин жана алардын бирликтерин түзүүнүн жана алардын ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин аныктайт.
Кооперативдерди жана алардын бирликтерин түзүүгө жана алардын ишине байланышкан мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.";
3) 5-статьянын 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 10-статьяда:
а) 2-пунктта "учурдан баштап" деген сөздөр "күндөн баштап" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктта:
- биринчи абзацта "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "мыйзамда белгиленген тартипте сотко" деген сөздөр "административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 15-статьянын 1-пунктунда "чыгарылышы мүмкүн" деген сөздөр "чыгарылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 24-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацында "алып салынбаган (же жоюлбаган)" деген сөздөр "жоюлбаган" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 2-февралында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |