КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-марты № 46
2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө азербайжан тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |