Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-марты № 47
2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2022-жылдын 31-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Абу-Даби өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |