Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 27-февралы № 43
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) биринчи абзацта "Администрациялык жол менен чыгарып салуу" деген сөздөр "Чыгарып салуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 51-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-статьяда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 7-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн 2-пунктунда "мамлекеттик" деген сөз "улуттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) төртүнчү бөлүктүн 5-пунктунда "администрациялык" жана "администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
5) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн 1-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 12-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 14-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 15-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 16-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи бөлүктүн 10-пунктунда "администрациялык же мажбурлоо жолу менен" деген сөздөр алып салынсын;
в) экинчи бөлүктүн 10-пунктунда "администрациялык же мажбурлоо жолу менен" деген сөздөр алып салынсын;
12) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жүрүүнүн белгиленген тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин бузуусу. Укук бузуу жасагандыгы үчүн жазма буйрук чыгаруу, чыгарып жиберүү
Визасынын, жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган же болбосо жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү жокко чыгарылган, жүрүү укугун ырастоочу документтери (каттоо, эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо жөнүндө күбөлүк, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда качкындын ырастамасы) жок болгон же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилген максатка шайкеш келбеген себептер менен республиканын аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасында Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Миграция, калкты каттоо чөйрөсүндө, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында жүрүү тартиби бузулганына фактылар табылганы жөнүндө ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук органына билдирүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чет өлкөлүк жарандарды жоопкерчиликке тартууда аларга карата ички иштер органы укук бузууну жоюу жөнүндө жазма буйрук чыгарат.
Аны тапшырган учурдан тартып 30 күндүн ичинде укук бузууну жоюу жөнүндө жазма буйрук аткарылбаган учурда, чет өлкөлүк жаран соттун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарылууга тийиш.
Чет өлкөлүк жарандар төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
1) эгерде алардын иш-аракеттери улуттук коопсуздукту камсыз кылуу же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыктарына каршы келсе;
2) эгерде бул калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо.
Чыгарып жиберүүгө материалдар ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы, ал эми дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы же Кыргыз Республикасында аккредиттелген өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрү нон грат персонасы деп жарыяланган учурда - тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таризделет.
Чыгарып жиберүү менен бирге ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү жана тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө кабарлоо менен адамдын Кыргыз Республикасына киришине убактылуу тыюу салат.
Чет өлкөлүк жарандардын укук бузуу жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна убактылуу тыюу салуу мөөнөтү 2 жылды түзөт.
Чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынан чыгарып жиберүү ички иштер органы же улуттук коопсуздук органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чыгарып жиберилген чет өлкөлүк жарандар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуу мөөнөтүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ички иштер органы же болбосо улуттук коопсуздук органы тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумуна киргизилет.
Чыгарып жиберүү боюнча чыгымдарды каржылоо ушул Мыйзамдын 191-статьясында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана болуусуна тыюу салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
13) 191-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
б) үчүнчү бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 21-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 23-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 24-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 27-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 28-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 30-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 31-статьяда:
а) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жетинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 34-статьянын биринчи бөлүгүндө:
а) 7-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-пунктта "администрациялык же мажбурлоо жолу менен" деген сөздөр алып салынсын;
в) 13-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 42-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 44-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 46-статьянын биринчи бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) эгерде арыз ээси соттун өкүмү боюнча пробациялык көзөмөлдө болсо, - көзөмөл токтотулмайынча.";
25) 47-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 51-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 52-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 16(3465) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |