Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-февралы № 41
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-статьянын онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 142-статья менен толукталсын:
"142-статья. Инвестициялык визалардын колдонулуу мөөнөттөрү
Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөттөргө берилет:
- 5 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо;
- 10 жылга, эгерде инвестор өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага эквиваленттүү акчалай жана материалдык баалуулуктар түрүндө салым кошсо.
Инвестор өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк валютада салым кошууга укуктуу.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15(3464) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 11-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |