Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-марты № 51
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-беренеде түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 4-пунктунда "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга" деген сөздөр "майыптыгы бар адамдарга жана өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз улгайган жарандарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 8-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөттө" деген сөз "Министрлер Кабинетинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 10-берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-беренеде:
а) 6-пунктта "мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар" деген сөздөр "майыптыгы бар адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-пунктта "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөр "майыптыгы бар адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 12-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Стандартты мөөнөтүнөн мурда кайра карап чыгуудан баш тартуу ведомстволор аралык комиссияга, коллегиялуу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, же болбосо сотко административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.";
8) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине ылайык иштелип чыгат жана мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу тартипте бекитилет.";
б) 2-бөлүктүн 9-пунктунда "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөр "майыптыгы бар адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 15-берененин 7-бөлүгүндө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөр "Майыптыгы бар адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 16-беренеде:
а) 1-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга" деген сөздөр "Майыптыгы бар адамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |