Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 66
Органикалык өндүрүш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардын, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү субъекттердин ишинин укуктук негиздерин аныктайт жана органикалык өндүрүмдүн төмөнкү түрлөрүн өндүрүү, жүгүртүү, маркалоо менен байланышкан мамилелерин жөнгө салат:
1) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган өндүрүм, анын ичинде балык өстүрүү, балчылык өндүрүмү;
2) айыл чарбасынан алынган кайра иштетилген өнүмдөр;
3) тоют (тоют өнүмдөрү);
4) вегетативдик үрөн материалдары жана өстүрүү үчүн уруктар;
5) тамак-аш же тоют өндүрүмү катары пайдаланылуучу ачыткылар;
6) токойдогу, жапайы өсүмдүктөрдөн жана өсүмдүктүн чийки заттарынан чогултулган жана кайра иштетилген өндүрүм.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу өздүк керектөө үчүн өндүрүлүүчү органикалык өндүрүмдү өндүрүү, жүгүртүү жана маркалоо менен байланышкан мамилелерге, жапайы жаныбарларга аңчылыктан жана балык уулоодон алынган өндүрүмгө жайылтылбайт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өндүрүм органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын эрежелерине жана талаптарына жооп берүүгө тийиш.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) биодинамикалык препараттар - кыртыштын абалын жакшыртуучу жана чыңдоочу, ошондой эле жердин (жер участогунун) түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу органикалык препараттар, анын ичинде, органикалык жер семирткичтер;
2) буфердик зона - айыл чарба өндүрүшүнө тартылбаган, экосистемалык жана башка атайын функцияларды (коргоочу, микроклиматтык ж.б.) аткаруучу, органикалык өндүрүштүн операторлорунун аймагынын, жер участогунун бөлүгү;
3) генетикалык модификацияланган организмдер (мындан ары - ГМО) - гендик инженерия ыкмалары менен өзгөртүлгөн өсүмдүктөр, жаныбарлар же микроорганизмдер;
4) гендик инженерия - табигый жупташуу жана көбөйүү же табигый рекомбинация методдору менен алынышы мүмкүн болбогон натыйжалары бар өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, микроорганизмдердин, клеткалардын жана биологиялык башка бирдиктердин генетикалык материалы алардын жардамы менен өзгөрүүчү молекулярдык биологиянын ыкмаларынын, методдорунун жана технологияларынын жыйындысы;
5) топтук сертификаттоо - чарбаны жана өндүрүштү жүргүзүү тутуму окшош болгон органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобун сертификаттоо;
6) жапайы өсүүчү өсүмдүк - жапайы жерде терилген, органикалык өндүрүштү тескөөнүн алкагында өстүрүлбөгөн жана багылбаган өсүмдүк же өсүмдүктүн бөлүгү;
7) кошулма - тамак-аш азыктарына, тоютка же башка өнүмдөргө кошулуучу, өндүрүмдүн коопсуздугуна, консистенциясына, түсүнө, даамына, жытына же башка техникалык сапаттарына таасир этүүчү зат;
8) иммунологиялык ветеринардык препараттар - жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу же алардын ылаңдарын дарылоо үчүн даярдалган вакциналар же жаныбарлар үчүн сывороткалар;
9) ингредиент - тамак-ашты же тоютту өндүрүүдө же даярдоодо пайдаланылуучу жана акыркы өндүрүмдө, анын ичинде модификацияланган түрүндө камтылган зат, тамак-аш же тоют кошулмалары кошо;
10) иондоштуруучу нурландыруу - өндүрүмдүн молекулярдык түзүмүн өзгөртүүгө жөндөмдүү, өнүмдөрдөгү (эреже катары, тамак-аш азыктарында) микробиологиялык булгоочу заттар, патогендер, мите курттар жана зыянкечтер менен күрөшүү, өндүрүмдү сактоо же өнүп чыгуу же бышуу сыяктуу физиологиялык процесстерге бөгөт коюу максатында пайдаланылуучу радионуклеотиддердин жогорку энергияда бөлүнүп чыгышы;
11) тоют (тоют азыктары) - тамак-аш өндүрүмүн өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жаныбарларды түздөн-түз азыктандыруу үчүн багытталган иштетилген материалды, жарым фабрикатты же чийки материалды кошо, кандай болбосун материал;
12) маркалоо - таңгакка, же таңгакка кадалган же аларга жайгаштырылган же болбосо аларга тиркелген маалымат алып жүрүүчүнүн башка түрүнө жазуу, сүрөт, белги, символ, жана башка белги жана (же) алардын комбинациясы түрүндө чагылдырылган, органикалык өндүрүм жөнүндө маалымат;
13) органикалык эмес (салттуу) өндүрүш - органикалык өндүрүштү жүргүзүү эрежелерине шайкеш келбеген өндүрүш;
14) органикалык өндүрүштүн оператору - органикалык өндүрүмдү органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык өндүрүүнү, топтоону, иштетүүнү, кайра иштетүүнү, таңгактоону, сактоону, ташууну, жүгүртүүгө чыгарууну жана маркалоону жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак;
15) сертификаттоо боюнча орган - органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
16) органикалык өндүрүм - органикалык өндүрүштүн эрежелерине ылайык өндүрүлгөн, "биологиялык өндүрүм", "экологиялык өндүрүм" сыяктуу мааниге же кыскартылган түрдө "био" же "эко" белгилери түрүндө колдонулуучу башка окшош аталышка ээ болгон өндүрүм;
17) органикалык мал чарбачылыгы - айыл чарба жаныбарларын, анын ичинде канаттууларды жана курт-кумурскаларды багуу, көбөйтүү (өндүрүү) жана органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен жаныбарлардан өндүрүм алуу үчүн өндүрүү менен байланышкан органикалык өндүрүш;
18) органикалык өндүрүш - өсүмдүктөн жана жаныбарлардан өндүрүлгөн өнүмдөрдү органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык өндүрүүнү, чогултууну, иштетүүнү, кайра иштетүүнү, таңгактоону, сактоону камтыган иш;
19) органикалык өсүмдүк өстүрүүчүлүк - органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин даярдоону камтуучу агро өсүмдүктөрдү органикалык өндүрүү;
20) органикалык чийки зат - пестициддерди жана өсүмдүктөрдү коргоонун башка каражаттарын, химиялык жер семирткичтерди, өстүрүүнү өбөлгөлөөчүлөрдү жана жаныбарларды семиртүүчү заттарды, антибиотиктерди, гормоналдык жана ветеринардык препараттарды, генетикалык модификацияланган организмдерди пайдаланбастан органикалык өндүрүш эрежелерине ылайык алынган жана иондоштуруучу нурлантууну пайдалануу менен иштетилбеген, курамында тыюу салынган жана зыяндуу заттар, ошондой эле аларды кайра иштетүүдөн өнүмдөр болбогон чийки зат;
21) өндүрүмдү артка чакыртып алуу - жүгүртүүгө киргизилген өндүрүмдү кайтарып алууну камсыз кылууга багытталган аракеттер;
22) параллель өндүрүш - органикалык эмес (салттуу) жана органикалык өндүрүштү, же өткөөл мезгилде турган өндүрүштү аларды өз-өзүнчө өндүрүү шартында өндүрүмдүн ошол эле түрүн органикалык өндүрүштүн ошол эле оператору тарабынан бир маалда жүргүзүү;
23) өткөөл мезгил - анын убагында органикалык өндүрүштүн оператору органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоочу, органикалык эмес (салттуу) өндүрүштөн органикалык өндүрүшкө өтүү үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы;
24) органикалык өндүрүштүн эрежелери - органикалык өндүрүштү жүргүзүү жол-жоболорун жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык бекитилген талаптар;
25) сертификаттоо программасы - органикалык өндүрүштүн жана/же органикалык өндүрүмдүн аныкталган стандартка шайкештигин тастыктоо үчүн сертификаттоо боюнча орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, аныкталган талаптары, жол-жоболору жана тескөөсү бар тутум.
26) ГМОдон өндүрүлгөн өнүм - толугу менен же жарым жартылай ГМОдон иштелип чыккан кандай болбосун өнүм;
27) ГМОну пайдалануу менен өндүрүлгөн өнүм - өндүрүү процессинде акыркы тирүү организм катары ГМОну пайдалануу аркылуу алынган, генетикалык модификацияланган организмди камтыбаган жана курамы андан турбаган кандай болбосун өндүрүм;
28) өндүрүштүк бирдик - негизги өндүрүштүк имараттарды, жер участокторун, жайыттарды, өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн, мал чарбасынын өндүрүмдөрүн, чийки заттарды жана башка кандай болбосун ресурстарды сактоо үчүн имараттарды кошо алганда, аларга органикалык жана органикалык эмес өндүрүштүн же өткөөл мезгилдин убагындагы өндүрүштүн эрежелерине ылайык мамиле жасаган жана тескеген жеке же юридикалык жактын активдери;
29) өсүмдүктөн алынган чийки зат - пестициддерди, жана өсүмдүктөрдү коргоонун башка каражаттарын, химиялык жер семирткичтерди, өсүүнү өбөлгөлөөчүлөрдү колдонбостон органикалык өндүрүштүн эрежелерине ылайык алынган чийки зат;
30) сертификаттоо боюнча органды каттоо - органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) белгилеген тартипте сертификаттоо боюнча органдардын реестрине киргизүү боюнча аракети;
31) органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестри - органикалык өндүрүштүн операторлору жөнүндө маалыматтар базасы;
32) сертификаттоо боюнча органдардын реестри - сертификаттоо боюнча органдар жөнүндө маалыматтар базасы;
33) сертификат - органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүм органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо чөйрөсүндөгү талаптарга шайкеш келерин ырастоочу документ;
34) сертификаттоо - шайкештикти ырастоочу форма, анын жүрүшүндө сертификаттоо боюнча орган органикалык өндүрүш, жүгүртүү, маркалоо жана органикалык өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү талаптарга органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүм шайкеш келерин документ менен ырастайт;
35) кепилденген катышуу тутуму (англис тилинде - participatory guarantee systems (PGS) - үчүнчү жак тарабынан сертификаттоо алкагынан тышкары иштеген, органикалык өндүрүмдү өндүрүүчүлөрдүн ата мекендик бирикмелери тарабынан ыктыярдуулук, ишеним көрсөтүү, алардын мүчөлөрүнүн жана кызыкдар тараптардын жигердүү катышуусу принциптеринде колдонулуучу, органикалык өндүрүмдүн шайкештигин жана сапатын камсыз кылуунун жана ырастоонун локалдык тутуму;
36) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - өзүнүн компетенциясынын чегинде органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо процесстерин жөнгө салуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик орган;
37) органикалык өндүрүш тутумунун эквиваленттүүлүгү - органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдүн шайкештигин ырастоонун бир эле ошол деңгээлин камсыз кылуу үчүн өндүрүмдүн, органикалык өндүрүштү сертификаттоонун жана контролдоонун түрдүү тутумунун жетиштүүлүгү;
38) органикалык өндүрүштүн экологиялык коопсуздугу - жаратылыш чөйрөсүнө карата жүктүн деңгээли анын өзүн-өзү калыбына келтирүү жөндөмүнөн ашпаган учурда, курчап турган жаратылыш чөйрөсү балансталган кошо жашоого жана уюштуруучулук өндүрүү жүргүзүүгө жеткенде пайда болуучу, адамдын өмүрүндөгү маанилүү экологиялык кызыкчылыктарынын, алды менен, анын жашоосу үчүн таза, чың, жагымдуу айлана-чөйрөгө укугу корголгон абалы.
3-берене. Органикалык өндүрүштү мамлекеттик колдоо
Органикалык өндүрүштү мамлекеттик колдоо төмөнкү багыттар боюнча берилет:
1) органикалык өндүрүштүн операторлорун маалыматтык, консультациялык жана методикалык камсыздоо;
2) органикалык өндүрүштүн операторлорунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана органикалык өндүрүмдү ички жана эл аралык рыноктордо илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
3) өз өндүрүмүн экспорттоонуу жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлоруна жеңилдиктерди, техникалык жардамды берүү жана башка колдоо көрсөтүү;
4) кредиттерди жана кайтарымсыз субсидияларды кошо алганда, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана каржылоо боюнча программаларды кабыл алуу;
5) органикалык өндүрүштүн операторлорун органикалык өндүрүмдүн өндүрүшүн жүргүзүү көндүмдөрүнө жана инновациялык технологияларына окутууну уюштуруу;
6) органикалык өндүрүш жаатында, органикалык өндүрүштүн технологияларын илимий-методикалык иштеп чыгууда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын шарттарын эске алуу менен эл аралык методдордун жана органикалык өндүрүштүн технологияларынын адаптациялануусуна көмөк көрсөтүү;
7) калкка органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо жөнүндө маалымдоо жана ал жөнүндө маалыматка жана билимдерге жетүүсүн камсыз кылуу;
8) органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында органикалык өндүрүмдү кеңири жайылтуу;
9) органикалык өндүрүштүн операторлорунун өндүрүштүк, жаратылыш ресурстарына жана өндүрүштүн башка каражаттарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү.
2-глава. Органикалык өндүрүштүн эрежелери
4-берене. Органикалык өндүрүштүн жалпы эрежелери
1. Органикалык өндүрүштүн операторлору төмөнкү эрежелерди сакташы керек:
1) органикалык өндүрүү максатында абалы мыкты гана жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, ошондой эле коопсуз өнүмдөрдү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдөн алынган чийки заттарды пайдалануу;
2) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилгендерди кошпогондо, синтетикалык химиялык жер семирткичтерди, пестициддерди, антибиотиктерди, гормондорду, агрохимикаттарды пайдаланбастан органикалык өндүрүүнү жүзөгө ашыруу (мындан ары - уруксат берилген заттардын тизмеги);
3) уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилгендерди кошпогондо, химиялык синтезделген кошулмаларды пайдаланууга тыюу салуу;
4) ГМОну жана ГМОдон жасалган же ГМОну пайдалануу менен жасалган азыктарды пайдаланууга тыюу салуу;
5) уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилбеген химиялык заттарды пайдалануу менен өндүрүүнүн гидропондук методдорун пайдаланууга тыюу салуу;
6) органикалык тамак-аш азыктарын, тоюттарды же органикалык тамак-аш азыктарында же тоюттарда пайдаланылуучу чийки заттарды тазалоо үчүн иондоштуруучу нурланууну пайдаланууга тыюу салуу;
7) кыртыштын түшүмдүүлүгүн сактоо жана кармап туруу;
8) кайра жаралбоочу жаратылыш ресурстарын жана өндүрүш каражаттарын пайдаланууну минималдаштыруу;
9) органикалык өндүрүш шартында алынган калдыктарды жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алынуучу зыяндуу өнүмдөрдү өсүмдүк өстүрүүчүлүктө жана мал чарбачылыгында пайдалануу үчүн кайра иштетүү;
10) органикалык өндүрүштө экологиялык тең салмактуулукту кармап туруу;
11) биотехнологиянын натыйжасы болуп саналбаган өсүмдүктөрдүн сортторун, биологиялык контролдун каражаттарын (энтомофагдарды, биопрепараттарды) пайдалануу менен, ошондой эле туура уюштурулган которуштуруп айдоону пайдалануу менен өсүмдүктөрдү коргоо;
12) айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден, отоо чөптөрдөн жана ылаңдардан коргоонун механикалык жана физикалык методдорун колдонуу;
13) жаныбарлардын организмин табигый иммундук коргоону стимуляциялоо аркылуу алардын саламаттыгына кам көрүү;
14) жаныбарлардын жергиликтүү шарттарга адаптациялануу мүмкүнчүлүктөрүн жана деңгээлин, жашоого чыдамкайлуулугун жана ылаңдарга туруктуулугун эске алуу менен алардын тукумун селекциялоо;
15) органикалык өндүрүш шартында өстүрүлгөн жаныбарларды пайдалануу менен органикалык өндүрүштү жүзөгө ашыруу;
16) эгерде органикалык өндүрүштүн эрежесинде башкасы каралбаса, мал чарбачылыгында органикалык өндүрүштүн шартында алынган айыл чарба ингредиенттеринен, ошондой эле айыл чарбасынан эмес алынган табигый заттардан турган тоюттарды пайдалануу;
17) табигый суулуу экологиялык тутумдун биологиялык түрдүүлүгүн сактоо, аквакультура өндүрүмүн өндүрүүдө курчап турган суулуу жана жер үстүндөгү табигый экологиялык тутумдардын талаптагыдай абалын камсыз кылуу;
18) абада жана сууда булгануудан коргоо үчүн буфердик зона түзүү.
2. Органикалык өндүрүш ушул Мыйзамда белгиленген органикалык өндүрүү эрежелерине шайкеш келиши керек. Органикалык өндүрүш органикалык эмес (салттуу) өндүрүштөн өзүнчө жүзөгө ашырылат.
3. Органикалык өндүрүмдү кайра иштетүүдө органикалык өндүрүштүн операторлору төмөнкү шарттарды сакташы керек:
1) тамакка кошулмаларды, тоютка кошулмаларды, органикалык эмес компоненттерди (технологиялык жана сенсордук функцияларды аткаруучу), ошондой эле микроэлементтерди жана аларды пайдалануу технологиялык же зоотехникалык зарылдыкта же уруксат берилген заттардын тизмегине ылайык тамак-аш максатында жол берилген технологиялык кошулмаларды пайдаланууну чектөө;
2) органикалык өндүрүштүн керектүү сапатын камсыз кылуу үчүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык талаптарды сактоо.
5-берене. Органикалык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн негизги эрежелери
Органикалык өсүмдүк өстүрүүчүлүк өндүрүшүнө органикалык өндүрүштүн жалпы эрежелеринен сырткары төмөнкү эрежелер пайдаланылат:
1) кыртыштын органикалык затын кармап турган же анын камтылышын көбөйткөн, топурактын туруктуулугун жана кыртыштын биологиялык түрдүүлүгүн жогорулаткан, ошондой эле кыртыштын тыгыздыгынын жана эрозиясынын алдын алган кыртышты тазалоо жана культивациялоо методдорун колдонуу;
2) кыртыштын түшүмдүүлүгүн жана биологиялык жигердүүлүгүн сактоо жана жакшыртуу;
3) сертификатталган биодинамикалык препараттарды пайдалануу;
4) синтетикалык эритме жер семирткичтерди жана кыртыштын уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилбеген кондиционерлерин пайдаланууну жокко чыгаруу;
5) уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилгендерди кошпогондо, минералдык жер семирткичтерди колдонбоо;
6) кандай болбосун булгануунун же айлана-чөйрө үчүн кандайдыр бир башка тобокелдиктердин алдын алуучу же аны минимумга жеткирүүчү өсүмдүктөрдү өндүрүү методдорун пайдалануу;
7) зыянкечтердин табигый душмандарын пайдаланууга, түрлөрүн жана сортторун, которуштуруп айдоону, өстүрүү методдорун жана термикалык же механикалык процесстерди тандоого негизделген ыкмалар аркылуу зыянкечтер, ылаңдар жана отоо чөптөр келтирген зыяндын алдын алуу;
8) айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн белгиленген коркунуч жаралганда, уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилген өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу;
9) вегетативдик көбөйтүү үчүн органикалык өндүрүлгөн урук жана материалдар рынокто жок болгон учурда, аларды өстүргөнгө же рынокто жүгүртүлүүсү пайда болгонго чейин өткөөл мезгилде органикалык эмес (салттуу) өндүрүштө пайдаланылуучу вегетативдик материалдарды жана уруктарды пайдалануу;
10) ушул Мыйзамда каралган шарттарды сактаган гана учурда органикалык жана салттуу өндүрүштү бир эле ошол өндүрүштүк бирдикте бир маалда пайдалануу;
11) уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилген заттарды гана тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн органикалык өндүрүштө өнүмдөрдү пайдалануу;
12) органикалык өндүрүштө поливинилхлоридден жасалган, ошондой эле курамында синтетикалык фунгициддер, консерванттар, фумиганттар же өнүмдүн органикалык бүтүндүгүн бузууга жөндөмдүү заттар менен тийишкен таңгактоочу материалдарды жана идиштерди пайдаланууну жокко чыгаруу.
6-берене. Органикалык мал чарбачылыгынын негизги эрежелери
Органикалык өндүрүштүн жалпы эрежелеринен сырткары, органикалык мал чарбачылыгында төмөнкү эрежелер пайдаланылат:
1) малдын келип чыгышына карата:
а) органикалык айыл чарба жаныбарлары, органикалык өндүрүш эрежелеринде каралган учурларды кошпогондо, органикалык өндүрүш катары сертификатталган фермердик чарбада туулушу жана көбөйүшү керек;
б) өткөөл мезгилдин башталышында фермердик чарбада болгон жаныбарлар жана алардын өнүмдөрү органикалык өндүрүштүн эрежелери менен аныкталган өткөөл мезгилди сактагандан кийин органикалык болуп саналат;
2) аларды өстүрүү жана багуу шарттары боюнча ишке карата:
а) адамдын жана жаныбарлардын саламаттыгын коргоо максатында киргизилүүчү чектөөлөрдү кошпогондо, органикалык айыл чарба жаныбарлары тиешелүү аба ырайынын жана кыртыштын абалынын шартында ачык аянттарга дайыма жеткиликтүү болушу керек;
б) органикалык өндүрүштүн эрежелеринде башкача каралбаса, органикалык айыл чарба жаныбарлары башка жаныбарлардан өзүнчө багылышы зарыл;
в) органикалык айыл чарба жаныбарларын ташуунун узактыгы минимумга жеткирилиши керек;
г) уяларындагы аарыларды жок кылууга тыюу салынат;
3) көбөйтүүгө карата:
а) айрым жаныбарларды ветеринардык терапевтик дарылоо учурларын кошпогондо, аларды көбөйтүүдө гормондор же ошого окшош заттар пайдаланылбастан табигый методдор пайдаланылышы керек;
б) клондоо жана эмбриондорду көчүрүү сыяктуу генетикалык кийлигишүүгө негизделген кайра жаратуу формалары колдонулбашы керек;
4) азыктандырууга карата:
а) айыл чарба жаныбарларын азыктандыруу өсүүлөрүнүн түрдүү баскычтарында алардын азыктануу заттарындагы керектөөлөрүнө жооп берген органикалык тоюттар менен жүргүзүлүшү керек; рациондун бөлүгү органикалык өндүрүштүн эрежелерине ылайык органикалык жер иштетүүгө өткөн чарбадан тоютту камтышы мүмкүн;
б) органикалык жол менен өндүрүлгөн тоют жок болгон учурларда аныкталган мөөнөткө белгиленген пайыздык дозада органикалык өндүрүштүн эрежелери менен түздөн-түз уруксат берилген учурларды кошпогондо, өсүмдүктөн алынган органикалык эмес тоют заттарын, малдан жана минералдан алынган тоют заттарын, тоютка кошулмаларды жана жаныбарлар үчүн тоюттарда жана технологиялык кошулмаларда пайдаланылуучу өнүмдөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга жол берилбейт;
в) өсүүгө өбөлгөлөөчүлөр жана синтетикалык аминокычкылдыктар колдонулбашы керек;
г) аарыларды кошпогондо, үй жаныбарлары жайыттарга же кесек тоюттарга дайыма жеткиликтүү болушу керек;
5) ылаңдын алдын алууга жана ветеринардык дарылоого карата:
а) ылаңдын алдын алуу тийиштүү түрлөрдү жана пародаларды тандоого; көбөйтүү методдоруна; жогорку сапаттагы тоюттарды жана эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; жаныбарлардын башынын талаптагыдай жыштыгына жана тиешелүү гигиеналык шарттарда талаптагыдай жайып багууга негизделиши керек;
б) ылаңды дарылоо дароо жүргүзүлүшү зарыл; зарылдыкка жараша сертификаттоо органынын уруксаты менен Химиялык синтетикалаштырылган аллопатиялык ветеринардык дары препараты, анын ичинде антибиотиктер колдонулушу мүмкүн; органикалык өндүрүштүн эрежелеринде дарылоо курсуна жана күтүү мөөнөтүнө карата чектөөлөр аныкталышы керек;
в) иммунологиялык ветеринардык препараттарды колдонууга уруксат берилет;
6) мал чарба имараттарын жана курулмаларын тазалоо жана жугушсуздандыруу үчүн өнүмдөр уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилген учурда гана пайдаланылат.
7-берене. Органикалык өндүрүштүн кошумча эрежелери
Органикалык аквакультурага, балчылыкка, иштетилбеген аймактан өндүрүм чогултууга, ошондой эле тамак-аш же тоют катары керектөөгө багытталбаган органикалык өндүрүмгө карата Министрлер Кабинети тарабынан органикалык өндүрүштүн ушул Мыйзам менен каралган жалпы жана негизги эрежелеринен сырткары кошумча эрежелер белгилениши мүмкүн.
8-берене. Уруксат берилген заттардын тизмеги
Органикалык өндүрүштө пайдалануу үчүн уруксат берилген заттардын тизмеги, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, жугушсуздандыруу жана азыктандыруу, кыртышты байытуу заттарын жана технологиялык кошулмаларды, алардын сүрөттөлүшү боюнча спецификацияларды, курамына жана пайдалануу шарттарына талаптарды кошо алганда тизмеги органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
9-берене. Өткөөл мезгил
1. Органикалык эмес (салттуу) айыл чарба өндүрүшүнөн органикалык өндүрүшкө өтүү тартиби органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
2. Органикалык өндүрүшкө өтүүдө төмөнкү шарттар сакталышы керек:
1) органикалык өндүрүштү жарым-жартылай киргизүүдө жана органикалык өндүрүүгө өтүү абалында болууда органикалык өндүрүштүн өндүрүмүн жана өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүмдү сактоо өз-өзүнчө жүргүзүлөт;
2) статусун ырастоочу сертификатка ылайык, өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүм өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүм катары сатылат жана маркаланат;
3. Органикалык эмес (салттуу) өндүрүштөн органикалык өндүрүшкө өтүү органикалык өндүрүштүн операторун сертификаттоо боюнча органды сертификаттоо программасына киргизген мөөнөттөн башталат, бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте жана органикалык өндүрүштүн оператору органикалык өндүрүштүн эрежелерин ишке киргизип баштаган мөөнөттөн баштап кабарлайт.
4. Бир жылдык өсүмдүктөр үчүн өткөөл мезгил 2 жылды, көп жылдык өсүмдүктөр үчүн 3 жылды түзөт.
Салттуудан органикалык өндүрүшкө өтүү мезгили төмөнкүдөй башталышы керек:
1) сепкенге же отургузганга чейин эки жыл мурун (бир жылдык өсүмдүктөр үчүн);
2) органикалык тоют катары пайдалануу үчүн жайыт жерлерде же шалбааларда малды жайганга чейин же түшүм жыйнаганга чейин эки жыл мурун;
3) органикалык өнүмдүрдүн түшүмүн чогултканга чейин үч жыл мурун (көп жылдык өсүмдүктөр үчүн, тоют өсүмдүктөрүнөн башка).
5. Өткөөл мезгил аралыгында ушул Мыйзамдын талаптары толук көлөмдө сакталышы керек.
6. Конкреттүү айыл чарба өсүмдүктөрү, жаныбарлардын түрлөрү жана айыл чарба жерлери үчүн өткөөл мезгилдин узактыгы органикалык өндүрүштүн эрежелери менен аныкталат.
7. Жапайы өсүмдүктөрдү төмөнкү зоналардан чогултууга уруксат берилет, эгер алар:
1) чогултула турган зоналар органикалык өндүрүштө уруксат берилбеген заттар менен иштетилбеген болсо, чогултканга чейинки үч жыл мурун;
2) мындай чогултуу табигый жашоо чөйрөнүн жаратылышынын тең салмактуулугуна же чогултуучу зонада түрдү сактоого таасир этпесе;
3) токойдогу өрттөн жабыр тарткан зоналарда терүү иштери органикалык өндүрүштүн экосистемасын калыбына келтирүү максатында ал убакыттын аралыгында органикалык өнүмдү чогултуу тыюу салынган эрежелери менен аныкталган убакыт өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат;
8. Өткөөл мезгилде өндүрүлгөн, сертификаттоо органы тарабынан берилген сертификат менен тастыкталган өндүрүм өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүм катары сатылат жана маркаланат.
10-берене. Параллель жана бөлөк өндүрүү
1. Органикалык жана органикалык эмес өндүрүштүк бирдиктердин ортосунда бөлүштүрүү шарттары сакталган учурда, органикалык жана органикалык эмес (салттуу) параллель, бөлөк өндүрүүгө уруксат берилет.
2. Бөлүштүрүү төмөнкү талаптарга негизделет:
1) параллель же бөлөк өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлору бардык операцияларды жана органикалык катары билдирилген өндүрүмдөрдү бүткүл өндүрүштүк чынжыр боюнча так, үзгүлтүксүз жана текшерүүгө жаткандай бөлүүнү камсыз кылат;
2) параллель өндүрүшүнүн органикалык жана органикалык эмес өндүрүштүк бирдиктери физикалык, финансылык жана техникалык параметрлери боюнча бөлүнүүгө тийиш;
3) органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык жана органикалык эмес өндүрүмдүн жана өндүрүштүк бирдиктердин өзүнчө эсебин жүргүзүүгө тийиш.
3-глава. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо
11-берене. Органикалык өндүрүштү сертификаттоо
1. Органикалык өндүрүштү жана органикалык өндүрүмдү сертификаттоо органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү, маркалоо жана органикалык өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана стандарттар менен каралган маркалоонун эрежелерине шайкеш келишине карата жүзөгө ашырылат.
2. Органикалык өндүрүшкө жана органикалык өндүрүмгө сертификаттоо жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
12-берене. Сертификаттоо боюнча органдарды каттоо
1. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органды каттоону жана сертификаттоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.
2. Сертификаттоо боюнча органды органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизүү анын компетенциясын аккредитациялоо боюнча орган тастыктаган же аккредитация боюнча эл аралык жана региондук уюмдардын макулдашуулары менен аны тааныган учурда жүзөгө ашырылат.
3. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органдын ишине мониторинг жүргүзүүнү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өткөрүп берүүгө укуктуу.
13-берене. Органикалык өндүрүштү жүргүзүүнү топтук сертификаттоо жана кепилдик катышуу тутуму (PGS)
1. Топтук сертификаттоо органикалык өндүрүштү жүргүзүүнүн окшош тутумуна жана географиялык жакындыгына ээ болгон органикалык өндүрүштүн операторлор тобунун биргелешкен сертификаттоодон өтүүсүнө багытталган.
Бир айылдык аймактын же болбосо бир калктуу конуштун аймагында органикалык өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу катары сертификатталышы мүмкүн.
2. Топтук сертификаттоодо органикалык өндүрүштүн операторлорунун тобу бир бүтүн катары сертификаттоодон өтүшөт жана органикалык өндүрүштүн операторлору органикалык өндүрүштү өз алдынча сертификттоого укуктары жок.
Топтук сертификаттоодон өтүүнүн эрежелери жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кепилдик катышуу системасы (PGS) органикалык өндүрүштү жүргүзүүнүн сапатын камсыз кылуучу локалдуу багытталган, жергиликтүү рынокторго жана берүүлөрдүн кыска чынжырчаларына атайын көндүрүлгөн тутуму, органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдү керектөөчүлөрдүн өз ара жигердүү аракеттеринин тутуму болуп саналат.
4. Кепилдик катышуунун (PGS) эрежелери жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
14-берене. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестри
1. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган органикалык өндүрүштүн операторлорунун, органикалык өндүрүштүн операторлор тобунун жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS) реестрин жүргүзөт.
2. Сертификаттоо боюнча органдар алар каттаган органикалык өндүрүштүн операторлорунун тизмегин Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүшөт жана бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берет.
4-глава. Органикалык өндүрүмдү маркалоо
15-берене. Органикалык өндүрүмдү маркалоого жалпы талаптар
1. Ушул Мыйзамга ылайык органикалык катары сертификатталган өнүмдөр органикалык өндүрүм катары маркаланат.
2. Эгер маркалоо өндүрүм же анын ингредиенттери органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык алынган деп сатып алуучу эсептегенге негиз берген терминдерди же символдорду камтып турса, өндүрүм органикалык өндүрүм катары маркаланган деп эсептелет.
3. Органикалык өндүрүмдү маркалоо "органикалык", "биологиялык", экологиялык" деген терминдерди же окшош маанидеги жана алардын "орг", "био", "эко" түрүндөгү кыскарган сөздөрүн камтып турушу керек.
4. Органикалык эмес өндүрүмдүн этикеткаларында улуттук органикалык логотипке же өндүрүм органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык өндүрүлгөндүгү жөнүндө сатып алуучуну түздөн-түз же кыйыр түрдө адаштырган башка логотиптерге окшош пиктограммаларды (сүрөттөрдү, белгилерди, символдорду) пайдаланууга жол берилбейт.
16-берене. Иштелбеген органикалык өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү
Өсүмдүктөн же жаныбардан алынган иштелбеген өндүрүм "органикалык" катары маркаланат же төмөнкү шартта этикеткада же органикалык өндүрүш жөнүндө коштомо документтерде көрсөтмөсү болушу керек:
1) өсүмдүктөн жана жаныбардан алынган азыктарды өндүрүү органикалык өндүрүштүн талаптарына шайкеш келгенде;
2) органикалык өндүрүм шайкештикке тастыкталганда;
3) органикалык өндүрүм сертификаттоо боюнча органдын сертификаттоо программасына киргизилген органикалык өндүрүштүн оператору тарабынан өндүрүлгөндө же ташылып келгенде;
4) маркалоо сертификаттоо боюнча органдын жана иштелбеген органикалык өндүрүмдүн өндүрүлүшүнө жооптуу органикалык өндүрүштүн операторунун аталышын жана коддук номерин камтып турганда.
17-берене. Кайра иштетилген органикалык өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү
1. Кайра иштетилген органикалык өндүрүмдү маркалоо төмөнкү учурда өндүрүүнүн органикалык ыкмасына көрсөтмөнү камтып турушу керек:
1) өндүрүштүн же өндүрүмдү органикалык өндүрүштүн талаптарын сактоо менен ташып келүүнүн шайкештиги;
2) кайра иштетилген органикалык өндүрүмдүн шайкештиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан тастыкталганда;
3) маркалоодо сертификаттоо боюнча органдын аталышы жана коддук номери көрсөтүлгөндө.
2. Маркалоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкү көрсөтмөлөрдү камтыйт:
1) "Органикалык өндүрүм/органикалык өнүм": өндүрүмдүн ингредиенттеринин 95 пайыздан кем эмеси салмагы боюнча органикалык алынган, ал эми өндүрүмдүн калган ингредиенттери айыл чарба жолу менен алынган, же болбосо кошулган сууну жана тузду кошпогондо, уруксат берилген заттардын тизмегине киргизилген заттарды камтып турат;
2) "Органикалыктан (ингредиенттердин аталышы) жасалган": өндүрүмдүн ингредиенттеринин 70 пайыздан кем эмеси, кошулган сууну жана тузду кошпогондо, органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык өндүрүлгөндө. Бул учурда ингредиенттердин тизмеги алардын санынын кемүү тартибинде түзүлүшү жана анын ингредиенттеринин кайсынысы органикалык экендиги көрсөтүлүшү керек.
3. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өндүрүмдүн "органикалык өнүмдөрдөн жасалган" жана "өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" деген маркалоонун техникалык шарттарын бекитет.
18-берене. Өткөөл мезгилде өндүрүмдү маркалоонун өзгөчөлүктөрү
Өткөөл мезгилде болгон органикалык өндүрүштүн операторлорунун өндүрүмү төмөнкү шартта "өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" катары маркаланат:
1) органикалык өндүрүштүн оператору сертификаттоо боюнча органдын сертификаттоо программасына киргизилгенде жана органикалык өндүрүмдү өндүрүү же кайра иштетүү органикалык өндүрүштүн талаптарына ылайык акыркы 12 ай аралыгында жүзөгө ашырылганда;
2) "өндүрүм өткөөл мезгилде өндүрүлгөн" деген белги же өндүрүмдүн этикеткасындагы ушуга окшош көрсөтмө түсү, өлчөмү жана жазуу стили боюнча этикеткадагы башка маалыматтан айырмаланбаганда; ингредиенттердин тизмеги өткөөл мезгилдин процессинде өндүрүлгөн ингредиенттерди көрсөтүү менен, алардын саны кемүү тартибинде келтирилгенде;
3) өткөөл мезгилде өндүрүлгөн өндүрүмгө көрсөтмө сатып алуучуну адаштырууга алып келбеши керек жана бул өндүрүмдү органикалык өндүрүшкө өтүүнү толук аяктаган органикалык өндүрүштүн операторунун өндүрүштүк бирдигинде өндүрүлгөн өндүрүмдөн айырмалоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.
19-берене. Органикалык өндүрүштө маркалоого тиешелүү башка талаптар
1. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган органикалык өндүрүмдү ташуу үчүн пайдаланылуучу контейнерлерди маркалоонун атайын эрежелерин аныктайт.
2. Органикалык катары маркаланган жана барган рыногунун эрежелерине ылайык жана экспорт жөнүндө макулдашуунун же эквиваленттүүлүктүн алкагында экспорт үчүн багытгалган өндүрүм "органикалык өндүрүмдү органикалык өндүрүү, жүгүртүү жана маркалоо эрежелерине ылайык (өлкөнүн же аймактын аталышы)" деген белгини камтышы мүмкүн.
20-берене. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби
1. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби органикалык өндүрүмдү маркалоодо, презентациялоодо жана жарнамалоодо пайдаланылышы мүмкүн. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган органикалык өндүрүмдүн улуттук логотибин пайдаланууга мониторинг жүргүзөт.
3. Органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби этикеткага же органикалык өндүрүмдүн этикеткасынын белгисине төмөнкү шартта киргизилиши мүмкүн:
1) бул логотип "өткөөл мезгилде органикалык өндүрүшкө" деген өндүрүм үчүн колдонулбайт;
2) "органикалык" же "органикалык өнүмдөр" катары белгиленген өндүрүмдөр үчүн колдонулат, бирок "органикалык өнүмдөрдөн даярдалган" катары белгиленген өндүрүм үчүн колдонулбайт.
4. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайкештиги жана сапаты кепилдик катышуу тутуму (PGS) аркылуу тастыкталганын алган өндүрүм үчүн колдонулуучу атайын улуттук логотипти бекиткенге укуктуу.
5. Эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуунун күчүнө туура келген органикалык импорттук өндүрүм органикалык өндүрүмдүн улуттук логотибин жабыштыруу менен кайрадан маркаланышы мүмкүн.
5-глава. Органикалык өндүрүмдү импорттоо жана экспорттоо
21-берене. Органикалык өндүрүмдү импорттоо
1. Импорттолуучу органикалык өндүрүмдү Кыргыз Республикасында рынокко төмөнкү шартта жүгүртүүгө жол берилет:
1) өндүрүм ушул Мыйзамдын талаптарына жана органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо чөйрөсүндөгү, өндүрүмдүн шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү стандарттарга шайкеш келгенде;
2) өндүрүм аны менен эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуу түзүлгөн экспорттоочу-өлкөнүн, же эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуусу болбогон, бирок Министрлер Кабинети белгилеген тартипте органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган өлкөнүн сертификаттоо боюнча органы тарабынан берилген сертификат менен коштолгондо.
2. Импорттоочулар ташып келүү мөөнөтүнөн баштап берүү чынжырынын кийинки этабына чейин жеткирүүдө органикалык өндүрүмдүн органикалык бүтүндүгүнүн сакталышын камсыз кылат.
3. Органикалык өндүрүмдү ташып келүү эрежелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана сертификаттоонун тутумунун жана эрежелеринин Кыргыз Республикасына органикалык өндүрүмдү экспорттоочу өлкөлөр менен эквиваленттүүлүгүн таануу жол-жобосун кароого тийиш.
22-берене. Органикалык өндүрүмдү экспортоо
Багытталган рыногунун эрежелерине шайкеш келген органикалык катары маркаланган же эквиваленттүүлүк жөнүндө макулдашуунун алкагында экспорттолуучу экспорт үчүн өндүрүм этикеткасында "органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана маркалоонун эрежелерине ылайык (өлкөнүн же аймактын аталышы)" деген шилтемени камтышы мүмкүн.
23-берене. Органикалык өндүрүш тутумунун эквиваленттүүлүгү
1. Органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана сертификаттоо тутумунун жана эрежелеринин башка өлкөлөр менен эквиваленттүүлүгүн таануу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
2. Органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана сертификаттоо тутумунун жана эрежелеринин эквиваленттүүлүгүн таануунун демилгечилери болуп органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактар чыгышы мүмкүн.
6-глава. Мамлекеттик органдардын органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү компетенциясы
24-берене. Министрлер Кабинетинин органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү компетенциясы
Министрлер Кабинети:
1) улуттук саясатты ишке ашырат жана органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо чөйрөсүндөгү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт;
2) башка өлкөлөрдүн органикалык тутумунун эквиваленттүүлүгүн, органикалык өндүрүмдүн эрежелеринин, органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдүн шайкештигин тастыктоо тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу жөнүндө макулдашууну түзөт;
3) органикалык өндүрүш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды дайындайт;
4) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
25-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) уруксат берилген заттардын тизмегин жүргүзөт;
2) улуттук органикалык логотипти жана аны пайдалануу эрежесин аныктайт;
3) сертификаттоо боюнча органдардын, органикалык өндүрүштүн операторлорунун, органикалык өндүрүштүн операторлор тобунун жана кепилдик катышуу тутумунун (PGS), жана органикалык өндүрүш жүргүзүү үчүн жарактуу жерлердин (жер участокторунун) реестрин жүргүзөт;
4) органикалык өндүрүш, органикалык өндүрүмдү жүгүртүү жана маркалоо чөйрөсүндө ишти координациялайт жана мониторинг жүргүзөт;
5) органикалык өндүрүштүн операторунан органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн, маркалоонун жана сертификаттоонун эрежелерине шайкеш келбеген органикалык өндүрүмдү чакыртып алуу жол-жобосун демилгелөөнү талап кылууга укуктуу;
6) ушул Мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7-глава. Органикалык өндүрүш субъекттеринин укуктары жана милдеттери
26-берене. Органикалык өндүрүштүн операторлорунун укуктары жана милдеттери
1. Органикалык өндүрүштүн операторлору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) органикалык өндүрүмдү өзүнүн коммерциялык аталышы жана/же соода маркасы (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн белги) менен өндүрүүгө жана сатууга;
2) үчүнчү жактын өндүрүштүк бирдиктерин сертификаттоо боюнча орган тарабынан текшерүү жана андан макулдук алуу шартында, өзүнчө кызмат көрсөтүүнү (жумушту), анын ичинде органикалык өндүрүш үчүн керектүү подряддык (иштетип алма) ишти үчүнчү жакка тапшырууга.
2. Органикалык өндүрүштүн операторлору өзүнүн ишинин чегинде Кыргыз Республикасынын органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сакталышы үчүн жооп берет.
3. Органикалык өндүрүштүн операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоого;
2) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкеш келбеген, анын ичинде өндүрүм органикалык өндүрүмдүн улуттук логотиби менен маркаланган болсо же "органикалык", "биологиялык", "экологиялык", "органик" деген белгилерди жана жазууларды жана кандай болбосун бир уңгулуу жана/же бул сөздөрдөн кандай болбосун тилдердеги "био-", "эко-" ж.б. приставкалары менен туундуу сөздөрдү камтып турган, бирок андай болбогон өзүнүн өндүрүмүн жүгүртүүдөн чакыртып алууга;
3) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкештигин тастыктоо үчүн өндүрүлгөн органикалык өндүрүмдүн органикалык өндүрүштүн сертификаттоосунан өтүүсүнө;
4) алар менен сертификаттоо жүргүзүүгө келишимдер түзүлгөн сертификаттоо боюнча органдар менен өз ара аракеттенүүгө, жана органикалык өндүрүштүн инспекторлорунун объекттерге, үлгүлөрдү тандоо үчүн өндүрүштүк бирдиктерге тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле сертификаттоо боюнча органдардын талаптары боюнча органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоо үчүн керектүү документтерди берүүгө.
27-берене. Сертификаттоо боюнча органдардын укуктары жана милдеттери
1. Сертификаттоо боюнча органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) органикалык өндүрүштүн операторунан органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоо үчүн керектүү документтерди талап кылууга;
2) органикалык өндүрүштү жана/же органикалык өндүрүмдү сертификаттоо же органикалык өндүрүштүн оператору органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабаган учурда мындай сертификаттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
3) органикалык өндүрүш жана/же органикалык өндүрүм белгиленген талаптарга шайкеш келген учурда белгиленген үлгүдөгү сертификаттарды берүүгө, ошондой эле алардын күчүн токтотуп турууга, чакыртып алууга жана жокко чыгарууга;
4) топурактын же материалдардын, уруктардын жана көчөт материалдарынын, тоюттун, өндүрүмдүн, суунун үлгүлөрүн лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн тандап алууга;
5) органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдүн жүгүртүлүшүнүн эрежелеринин бузулушун аныктоо критерийлерин жана жол-жобосун белгилөөгө.
2. Сертификаттоо боюнча органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоого;
2) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Министрлер Кабинети бекиткен тартипте каттоодон өтүүгө;
3) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүлөрү алар менен сертификаттоо жүргүзүүгө келишим түзгөн, органикалык өндүрүштүн жана/же органикалык өндүрүмдүн сертификаттоосунан өткөн органикалык өндүрүштөрдүн операторлору, ошондой эле берилген, чакыртылып алынган жана жокко чыгарылган сертификаттар жөнүндө маалыматты берүүгө;
4) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүгө;
5) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча сертификаттоо боюнча органдын ишине мамлекеттик контроль жүргүзүү үчүн керектүү документтерди берүүгө;
6) сертификаттоо жүргүзүү жөнүндө органикалык өндүрүштүн оператору менен түзүлгөн келишимге ылайык сертификаттоону жүргүзүүгө;
7) органикалык өндүрүштүн операторлорун жана кызыкдар тараптарды органикалык өндүрүштүн эрежелерине окутууну жүргүзүүгө;
8) органикалык өндүрүштү жана органикалык өндүрүмдү инспекциялоо, сертификаттоо жол-жоболорун сертификаттоо боюнча органдардын кызматкерлерине окутуу жүргүзүүгө;
9) сертификаттоо боюнча органдын кызматкерлерине аттестация жүргүзүүгө;
10) органикалык өндүрүштүн операторлорун сертификаттоо программасын бекитүүгө;
11) органикалык өндүрүштүн операторлору тарабынан сертификаттоо программасынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө;
12) органикалык өндүрүштүн операторлорунун сертификаттоо программасын сактабаганы жана органикалык өндүрүштүн жана/же органикалык өндүрүмдүн жүгүртүү эрежелери бузулганы табылган учурда, бузуулардын себебин жана аларды андан ары жоюу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында иликтөө жүргүзүү жол-жобосун демилгелөөгө;
13) органикалык өндүрүштүн операторлорунун органикалык өндүрүштүн жана/же органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн эрежелерин бузууларын жоюу жана алдын алуу үчүн керектүү чараларды алдын ала кароого;
14) органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана маркалоонун эрежелерин бузуу табылган учурда бул жөнүндө органикалык өндүрүм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо кабарлоого.
3. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, органикалык өндүрүштүн операторлорунан сертификаттоо боюнча орган алган маалымат (документтер) ачыкка чыгарылууга же органикалык өндүрүштүн операторлорунун макулдугусуз алып коюлууга тийиш эмес.
28-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мониторинг
1. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мониторинг органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактарга органикалык өндүрүш чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнү өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мониторинг жүргүзүүгө төмөнкүлөр кирет:
1) органикалык өндүрүштүн операторлору тарабынан органикалык өндүрүштүн эрежелерин, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана маркалоонун сакталышына мониторинг жүрүзүү;
2) сертификаттоо боюнча органдардын ишине мониторинг жүргүзүү.
8-глава. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
29-берене. Органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнү токтотуп туруу
1. "Органикалык" катары сертификатталган өндүрүмдүн органикалык бүтүндүгү бузулган деп эсептөөгө негизи бар органикалык өндүрүштүн операторлору анын жүгүртүлүшүн токтотуп турат жана бул жөнүндө сертификаттоо боюнча органга жана органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
2. Өндүрүмдү органикалык катары сертификаттаган сертификаттоо боюнча орган шайкеш эместиктер табылган учурда сертификаттын күчүн токтотуп турат жана бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет. Шайкеш эместиктер тастыкталган учурда сертификаттоо боюнча орган бул жөнүндө органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү менен сертификаттын күчүн жокко чыгарат.
3. Эгерде өндүрүм ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербегендиги сертификаттоо боюнча орган тарабынан аныкталса, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүгө чыгарган органикалык өндүрүштүн операторлору өндүрүмдү жүгүртүүдөн чакыртып алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Эгерде органикалык өндүрүштүн оператору ушул берененин 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган аракеттерди көрбөсө, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген талаптарга шайкеш келбеген өндүрүмдү жүгүртүүдөн чакыртып алуу жана алып коюу боюнча чараларды көрөт. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракети мында органикалык өндүрүштүн операторуна кошумча зыян тийгизбеши керек.
30-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн органикалык өндүрүштүн операторлорунун жоопкерчилиги
Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган органикалык өндүрүштүн операторун органикалык өндүрүштүн операторлорунун реестринен чыгарып кое алат, эгерде органикалык өндүрүштүн оператору:
1) органикалык өндүрүштүн, органикалык өндүрүмдү жүгүртүүнүн жана маркалоонун эрежелеринин талаптарына шайкеш келбеген жана рынокто "органикалык" катары жайгаштырылган өндүрүмдү жүгүртүүдөн чакыртып албаса;
2) ушул Мыйзамдын талаптарын сактабаса;
3) сертификаттоо боюнча органга, органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалган же адаштырууга алып келген маалыматтарды, билдирүүлөрдү берсе.
31-берене. Сертификаттоо боюнча органдардын органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сертификаттоо боюнча органды каттоону токтото тура алат же сертификаттоо боюнча органдын реестринен чыгарып кое алат, эгерде ал:
1) органикалык өндүрүштүн операторун органикалык өндүрүштүн принциптерин бузуу менен дискриминацияласа;
2) ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келбеген өндүрүмдү "органикалык", "органикалык заттарды пайдалануу менен жасалган" же "өткөөл мезгилде болгон" катары сертификаттаса;
3) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же башка компетенттүү мамлекеттик органдарга жалган же адаштырууга алып келүүчү маалыматтарды берсе;
4) органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мониторинг жүргүзүүгө тоскоолдук жаратса.
32-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларына даттануу
Органикалык өндүрүштүн операторлору жана сертификаттоо боюнча органдар органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине жогору турган органда жана/же сотто административдик актыларды даттануу боюнча мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанууга укуктуу.
9-глава. Өткөөл жоболор
33-берене. Органикалык өндүрүш чөйрөсүндөгү субъекттердин өткөөл мезгилдеги ишинин өзгөчөлүктөрү
1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап алты айдын ичинде бул ишке киргизилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын аймагында "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сертификаттоо боюнча органдар же башка өлкөлөр же эл аралык уюмдар (мындан ары - субъекттер) тарабынан таанылган ченемдерге жана стандарттарга ылайык сертификаттоо боюнча органдар катары өз ишин жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, бөлүмдөр, өкүлчүлүктөр, юридикалык жактардын филиалдары алардын арызынын негизинде сертификаттоо боюнча органдын реестрине киргизилүүгө тийиш жана кийин алар ушул Мыйзамдын талаптарын бузган учурда сертификаттоо боюнча органдардын реестринен чыгарылышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келбегендигинин негизинде сертификаттоо боюнча органдын реестринен субъекттерди анын аралыгында белгиленген субъекттер сертификаттоо боюнча органдын реестрине киргизилүүгө тийиш болгон алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин чыгарууга жол берилет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап, органикалык өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу жана өндүрүмдүн аталышында жана товардык белгилеринде "органикалык өнүм" деген жазууну, ошондой эле "органикалык", "биологиялык", "экологиялык", "органик" деген белгини жана жазууну жана/же "био-", "эко-" приставкалуу кандай болбосун бир уңгулуу жана/же бул сөздөрдөн туунду сөздөрдү кандай болбосун транскрипцияда колдонуучу чарбалык иштин субъекттери товардык белгиге жана тейлөө белгисине күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин органикалык өндүрүштүн жана органикалык өндүрүмдүн шайкештигине сертификат алууга, же болбосо жогоруда белгиленген аталыштарды пайдаланууну токтотууга милдеттүү деп белгиленсин.
34-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 18-майындагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 5, 261-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 9-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |