Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 16-марты № 59
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "е" жана "ж" пунктчалары менен толукталсын:
"е) качкындын ырастамасы;
ж) он алты жашка толгон, ошондой эле жашы жете элек адамдар үчүн фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү каттоодо туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;";
б) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пунктчасы менен толукталсын:
"ж) качкындын ырастамасы.";
2) 10-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет" деген сөздөр "баш тартуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 13-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдүн кызматкеринин инсандыгын ырастаган документтер;";
б) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Баланын туулгандыгын каттоо жөнүндө арыз анын ата-энеси же алардын бири тарабынан, ал эми ата-энеси ооруп калган, каза болгон же башка себептер менен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда - жакын туугандарынын арызы боюнча берилет.
Эгерде баланын атасы менен никеде турбаган балалуу эне каза болуп калса же төрөлгөндөн кийин баланы саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, же баланы төрөлгөндөн кийин саламаттык сактоо уюмуна таштап кетсе жана анын жашаган жери белгисиз болсо, баланын туулгандыгын каттоо төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын же болбосо бала жайгашкан (калтырылган) саламаттык сактоо уюмунун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же болбосо бала колунда турган адамдын арызы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде төрөлгөндөн кийин баланын ата-энеси баланы саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, баланын туулгандыгын каттоо төрөт болуп өткөн жердеги саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын арызы боюнча жүргүзүлөт.
5. Ата-энесинде (ата-энесинин биринде) алардын инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда бала туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо баланын туулгандыгы жөнүндө арыздын жана туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде жүзөгө ашырылат жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актыларынын электрондук жазуусуна тиешелүү белги коюлат.
Баланын туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт.";
4) 16-берененин 3-пункту "энелик укуктарынан ажыратылган учурда" деген сөздөрдөн кийин "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам менен никеге туруусун мамлекеттик каттоо жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын никеге турууга укуктук жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документтин негизинде жүргүзүлөт.
Жарандыгы жок адамдардын никеге турууга укуктук жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жаранды өлдү же дайынсыз жок деп таануу жөнүндө тиешелүү соттук чечимдер сот тарабынан жокко чыгарылган учурда никени калыбына келтирүү жубайлардын биргелешкен арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.";
7) 28-берененин 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
8) 30-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Он алты жашка толгон адам атасынын атын көрсөтүүдөн баш тартууга укуктуу.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мында баланын атасынын аты ушул берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талаптарына ылайык жазылат же болбосо көрсөтүлбөйт.";
9) 31-берененин экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мында фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү үчүн кайрылган адамга туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берилет.";
10) 34-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду киргизүүгө жол берилет, мында ишенимдүү адамдын арыз берүүгө жана жарандык абалдын актысын каттоо тууралуу күбөлүк алууга ыйгарым укуктары ишеним катта атайын айтылууга тийиш.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 24-мартындагы № 21 (3470) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |