Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 23-марты № 68
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 867-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу объектти пайдаланууга комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш. Бул талап сакталбаган учурда келишим жараксыз деп эсептелет.
Ушул талап лицензиясы мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерине жайылтылат.";
2) 1037-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"географиялык көрсөтмөлөр;";
3) 1038-статья "каралган учурларда жана тартипте" деген сөздөрдөн кийин "интеллектуалдык менчик жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 1088-статьянын 2-пунктунда "Алууга укук пайда боло турган ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны патенттик бюро тарабынан берүүнүн" деген сөздөр "Патент алуу укугу пайда болгон ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө карата коюлуучу талаптар, аны берүүнүн жана укуктук коргоонун токтотулушунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 1094, 1095-статьяларда "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 1108-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Товардык белгиге (тейлөө белгисине) укуктук коргоону берүү жана токтотуу тартиби мыйзам менен белгиленет.";
7) 1111-статьяда:
а) 1-пункт "башка адамга" деген сөздөрдөн кийин "ээликтен ажыратуу же лицензия берүү жолу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-пунктта "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 1112-статьянын биринчи бөлүгүндө "патенттик ведомстводо" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 1113-статьянын биринчи бөлүгү "чыгымдардын ордун толтурууга" деген сөздөрдөн кийин "же мыйзамдарда белгиленген компенсацияны төлөөгө" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 59-главанын 3-параграфынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "§ 3. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы";
11) 1114-1117-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1114-статья. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоонун негизинде берилет.
2. Товардын келип чыккан өлкөсүнүн, регионунун же жайгашкан жеринин аймагын, аныкталган сапатын, беделин жана анын географиялык келип чыгышы менен олуттуу деңгээлде байланышкан башка мүнөздөмөлөрүн идентификациялоочу белги ага укуктук коргоо берилүүчү географиялык көрсөтмө болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүү баскычтарынын жок дегенде бири жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Өлкөнүн, шаардык же айылдык калктуу конуштун, жердин же мындай аталышты же мындай аталыштын туундусун камтыган башка географиялык объекттин азыркы же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышын туюндурган жана өзгөчө касиеттери ошол географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана (же) адамдык факторлор менен гана аныкталуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон белги ага укуктук коргоо берилүүчү товардын чыгарылган жеринин аталышы болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын өзгөчө касиеттерин түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүүнүн бардык баскычтары жүзөгө ашырылууга тийиш.
4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
5. Каттоонун негизинде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
6. Каттоо, күбөлүктөрдү берүү, пайдалануу, каттоону жана күбөлүктөрдү жараксыз деп таануу жана колдонулушун токтотуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.
1115-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак ошол товардын граждандык жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу бул белгилерди товарда, таңгакта, эсептерде, жарнамада, проспекттерде жайгаштырууга жана аны башкача түрдө пайдаланууга укуктуу.
2. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы ушул Кодекстин 1114-статьясынын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген товарды белгилөө үчүн бир нече жактар тарабынан биргелешип, ошондой эле бири-бирине көз карандысыз да каттоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу мындай жактардын ар бирине таандык болот.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугунан ажыратууга, аны өткөрүп берүү жөнүндө башка бүтүмдөргө жана лицензиянын негизинде аны пайдаланууга укук берүүгө жол берилбейт.";
1116-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуктук жактан коргоону колдонуу чөйрөсү
1. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон географиялык көрсөтмөлөргө же товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарына Кыргыз Республикасында укуктук коргоо берилет.
2. Эгерде бул аталыш товар чыгарылган өлкөдө, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда ушул Кодекске ылайык катталса, Кыргыз Республикасында башка мамлекетте болгон географиялык көрсөтмөгө же товардын чыгарылган жеринин аталышына укуктук коргоо берилет.
1117-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуксуз пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдар бул географиялык көрсөмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдаланган жактан аны пайдаланууну токтотууну, товардан, анын таңгагынан, бланктарынан жана ушул сыяктуу документтерден мыйзамсыз пайдаланылган көрсөтмөнү же аталышты, аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгини алып салууну, көрсөтмөнүн, аталыштын же аны менен чаташтыруу деңгээлине чейин окшош болгон белгинин даярдалган сүрөттөрүн жок кылууну, ал эми бул мүмкүн болбосо - товарды жана (же) таңгакты алып салууну жана жок кылууну талап кыла алат.
2. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак бул укукту бузуучудан келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак укук бузууну токтотуу же келтирилген чыгымдарды же болбосо мыйзамдарда белгиленген компенсацияны өндүрүп алуу жөнүндө талаптардан тышкары, ишкер беделин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.".
2-берене.
"Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 228 "а"-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Билдирме жана ага тиркелүүчү документтер интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же билдирмелерди электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.";
б) жетинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 15-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 375-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, каттоого өтүнмөлөрдү кароого кабыл алат, алар боюнча алдын ала экспертиза жүргүзөт, аларды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, патенттерди берет, расмий маалыматтарды жарыялайт, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү өзүнүн жобосуна ылайык башка функцияларды аткарат.";
2) 5-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-статьяда:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же почта байланышынын уюму же болбосо өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн.";
б) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын:
"Селекциялык жетишкендиктерге айырмалуулукка, бир түрдүүлүккө жана туруктуулукка карата жүргүзүлгөн сыноонун негизинде алардын коргоого жөндөмдүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылат.
Өтүнмө ээси сураган укуктук коргоонун көлөмүндө билдирилген селекциялык жетишкендиктердин селекциялык жетишкендикти коргоо жөндөмдүүлүгүнүн шарттарына шайкеш келбегени белгиленген учурда, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.";
6) 16-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 34-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 35-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 41-статьянын 2-бөлүгүндө "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 542-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-статьянын 2-пунктунда:
а) биринчи абзацта "(мындан ары - Кыргызпатент)" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи абзацта "Кыргызпатентке" деген сөз "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 8-статьяда:
а) 2 жана 6-пункттарда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын он минималдык өлчөмүнөн кем болбоого тийиш" жана "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести түзөт" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын ондон кем эмес өлчөмүн түзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген төлөө жүзөгө ашырылган күнгө карата эмгек акынын жыйырма минималдык өлчөмүнөн кем эмести" деген сөздөр "кызматтык ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторунун жана жалдоочунун ортосундагы эмгек келишиминде белгиленген эмгек акынын жыйырмадан кем эмес ар айлык өлчөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 10-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери пайдаланылат.";
2) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "кайра аттестациялоодон жана" деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "жана кайра аттестациялоо" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-статьяда "Өнөр жай менчигинин", "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "Интеллектуалдык менчик", "интеллектуалдык менчик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "өнөр жай" деген сөздөр "интеллектуалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктө:
- ", кайра аттестациядан" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-пункт "жогорку" деген сөздөн кийин "кесиптик" деген сөз менен толукталсын;
- 4-пунктта "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактар.";
6) 7-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "өнөр жай менчигинин" деген сөздөр "интеллектуалдык менчиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) жетинчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 10-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз" деген сөздөр "ал алгачкы аттестацияланган датадан тартып беш жылдын ичинде кайрадан аттестациялоосуз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 15-статьяда "кайрадан аттестациялоого жана" деген сөздөр алып салынсын.
6-берене.
"Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 278-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 685-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-статья менен толукталсын:
"41-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алат, мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат, каттоо жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик реестрге киргизет, салттуу билимдер боюнча маалыматтар базасын түзөт, салттуу билимдер жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.";
2) 7-статьянын алтынчы бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-статьяда:
а) бешинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Өтүнмө жана ага тиркелүүчү документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке өзү же болбосо почта байланышынын уюму же өтүнмөлөрдү электрондук түрдө берүү тутуму аркылуу берилиши мүмкүн. Өтүнмөгө тиркелүүчү документтерге талаптар жана аларды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 11-статьяда:
а) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 17-статьянын жетинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 144-берененин 1-бөлүгү "билимге," деген сөздөн кийин "ушул Кодексте белгиленген интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланышкан юридикалык маанилүү башка иш-аракеттерди жасоого," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 145-берененин 2-пунктунда "товардын чыккан жеринин аталышын" деген сөздөр "географиялык көрсөтмөнү же товардын чыккан жеринин аталышын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9-берене.
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
191-берененин 2-бөлүгү "тейлөө белгилерин" деген сөздөрдөн кийин ", географиялык көрсөтмөлөрдү" деген сөздөр менен толукталсын.
10-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 8-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |