Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 29-марты № 74
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) насыялык бюронун жетекчисине жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан тизмеги аныкталган насыялык бюронун кызмат адамдарына, ошондой эле насыялык бюронун акцияларынын жалпысынан 10 жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилейт;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) насыялык бюронун уставдык капиталына карата талаптарды белгилейт;
10) насыялык бюронун акцияларынын 10 жана андан көп пайызынан ашкан насыялык бюронун акцияларын сатып алуунун тартибин аныктайт.";
2) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы тууралуу насыялык маалыматты үч жыл бою;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Насыялык бюро насыялык маалыматты жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну жана алмашууну камсыз кылуучу өзүнүн маалыматтык тутумдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырууга милдеттүү.";
3) 16-берененин 2-бөлүгүндө:
а) "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана насыялык бюролордун Мамлекеттик реестрине киргизилген жок дегенде бир насыялык бюрого" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген, учурда иштеп жаткан насыялык бюролорго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 15-февралында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |