Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-апрели № 80
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьянын 5-7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек, ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.
Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусунун негизинде Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн.
Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.";
2) 11-статьяда:
а) 1-бөлүктө "67-статьясында" деген сөздөр "73-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун арызы боюнча Кыргыз Республикасынын экс-президентине ушул Мыйзамдын 13-17-статьяларында каралган бардык кепилдиктерди берүүнү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылууну токтотуу жөнүндө маселе сот тарабынан каралат.";
3) 14-статьянын 1-бөлүгүндө "өмүр бою" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 2-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |