Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 10-апрели № 82
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура району Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп кайра аталсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |