Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 31-марты № 77
Ыктыярчылык иш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам ыктыярчылыктын укуктук негиздерин белгилейт, Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти жүргүзүүнүн максаттарын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) ыктыярчылык иш (ыктыярдуулук) - жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдук же мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган, ыктыярдуу башталышта акчалай сый акы албастан ар кандай формаларда көрсөтүлүүчү, анын жүрүшүндө билим, тажрыйба, көндүмдөргө ээ болуп жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө ала турган коомдук пайдалуу иштерди жүзөгө ашыруу;
2) ыктыярчы - материалдык же финансылык кызыкчылыктарды көздөбөстөн, же тышкы социалдык, экономикалык же саясий басымдын таасири астында эмес, өз ыктыяры менен аракеттенип жаткан жеке жак;
3) ыктыярчылык программа - социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган жана ыктыярчылардын уюшкан ишин пайдалануу менен ишке ашырыла турган иш-чаралардын комплекси;
4) ыктыярчылык акция - ыктыярчылар катышуучулары болуп саналган социалдык маанилүү милдеттерди чечүүгө багытталган бир жолку иш-чара. Мындай акцияларды жүзөгө ашыруунун максаттары, милдеттери, методдору жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүгө тийиш эмес;
5) ыктыярчылык уюм - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ыктыярчылык ишти жүргүзүүчү, ыктыярчылык ишти уюштуруучу болуп саналган, ыктыярчылык программаларды ишке ашырып жаткан же анын атынан жана анын тапшырмасы боюнча аракеттенип жаткан ыктыярчыларды өз ишине тарткан ыктыярчылык акцияларды өткөрүп жаткан коммерциялык эмес уюм;
6) ыктыярчылык келишими - ыктыярчы деп аталган жеке жак менен ыктыярчылык уюм деп аталган юридикалык жактын, же ыктыярчылык ишти уюштуруучунун, ыктыярчылык жардамды алуучунун, же болбосо анын тапшырмасы боюнча аракеттенүүчү жактын ортосунда жарандык-укуктук келишим түрүндө түзүлгөн, ал боюнча биринчи жак экинчи жактын алдында акчалай же башка түрдөгү материалдык сый акы албастан, коомго пайда келтирүү чөйрөсү белгилүү бир иштерди жүргүзүүгө милдеттенме алган макулдашуу;
7) ыктыярчылардын координатору - ыктыярчылык уюм, ыктыярчылык ишти уюштуруучу тарабынан ыктыярчыларга көрсөтмө берүү, алардын ортосунда иштерди бөлүштүрүү, ар бир ыктыярчынын ишинин ордун жана көлөмүн аныктоо, алардын ишти аткаруусун контролдоо максатында ыктыярчылык уюмдун мүчөлөрүнүн арасынан дайындалган, ошондой эле ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка ыктыярчылык уюмдар менен түздөн-түз өз ара аракеттешүү ыйгарым укугуна ээ болгон ыктыярчы же ыктыярчылык уюмдун кызматкери;
8) ыктыярчынын өздүк китепчеси - ыктыярчы катары жеке жактын ишин тастыктоочу белгиленген формадагы документ;
9) ыктыярчылык ишти уюштуруучу - өз алдынча же болбосо ыктыярчылык уюмдар аркылуу ыктыярчыларды ишке тартуучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана мекемелер, жеке жактар;
10) ыктыярчылык жардамды алуучу - ыктыярчылардын жардамына муктаж жана алардын кызыкчылыктары үчүн ыктыярчылык иш жүргүзүлүп жаткан жеке же юридикалык жак, социалдык топ;
11) коомго пайда келтирүү чөйрөсү - жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, кайрымдуулук, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, маданият жана искусство, туризм жана спорт, айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук мааниге ээ болгон башка тармактар.
3-берене. Ыктыярчылык иштин максаттары жана милдеттери
1. Ыктыярчылык иштин максаттары:
1) коомдо жарандык позицияны, социалдык жоопкерчилик, тилектештик, өз ара жардамдашуу жана боорукердик сезимдерин калыптандыруу;
2) уюштуруучуларынын макулдугу менен коомдук маанилүү иш-чараларга акысыз катышуу, жардамга муктаж адамдарга жана социалдык топторго акысыз жардам көрсөтүү;
3) жарандарды социалдык практикага аралаштыруу аркылуу алардын өзүн көрсөтүүсүнө, өз потенциалын ишке ашырууга жана эмгегине жараша таанылуусуна мүмкүнчүлүк берүү.
2. Ыктыярчылык иштин милдеттери:
1) социалдык милдеттерди чечүүдө жана коомдук маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө мамлекетке, мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга, жеке жактарга жардам берүү;
2) жашоо-тиричиликтин коопсуздук негиздерине, алгачкы жардам көрсөтүү, экологиялык коргоо, калктын ар түрдүү категориялары менен социалдык иштөө жөндөмдөрүнө ээ болууда жарандарга жардам берүү;
3) кесиптик багыт алууга түрткү берүү жана кесиптик жөндөмдөрдү калыптандыруу;
4) социалдык милдеттерди чечүү үчүн жарандардын өзүн-өзү көрсөтүү жана өзүн-өзү уюштуруу жөндөмдөрүнө ээ болуусуна жардам берүү;
5) ыктыярчылардын кадрдык резервин даярдоо;
6) калктын жашоосунун сапатын жакшыртууга жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга, маданий мурасты сактоого, жаштарга адеп-ахлактык, мекенчилдик жана экологиялык тарбия берүүгө багытталган көп түрдүү коомдук ишке жарандарды тартуунун механизмдерин түзүү;
7) жаштардын ыктыярчылык ишти уюштурууга жана жүзөгө ашырууга багытталган демилгелерин өнүктүрүү жана колдоо.
4-берене. Ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруунун принциптери
1. Ыктыярчылык иш төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) эркин ачык билдирүү, эмгектин акысыздыгы, ыктыярдуулук, чынчылдык, тең укуктуулук жана ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жагынан мыйзамдуулукту сактоо;
2) адамдын жана жарандын укуктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, каада-салттарды жана коомдук тартипти сөзсүз түрдө сактоого негизделген ыктыярчылык ишти тандоодо максаттарды, формаларды, түрлөрдү жана ыкмаларды аныктоодогу эркиндик;
3) адам укуктарын, жеке маалыматтарын жана маалыматтарды сактоо менен ыктыярчылык иш жөнүндөгү маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
4) гумандуулук, ыктыярчылык жардамды алуучу катары, ошондой эле ыктыярчынын өзү катары адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо;
5) жынысына, расасына, тилине, этноско таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу укугунда бардык адамдардын теңдиги;
6) тилектештик, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, адамкерчилик жана ыктыярчылык ишке катышуучуларды колдоо;
7) ыктыярчынын жана анын айланасындагылардын жашоосу үчүн коопсуздук, алардын мүлкүнүн сакталышы, айлана-чөйрөнү коргоо.
2. Ыктыярчылык иш саясий партияларды, диний уюмдарды колдоого, социалдык же материалдык пайдага жетүү максатында товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү коммерциялык илгерилетүүгө, коммерциялык ортомчулукка багытталышы мүмкүн эмес.
Ыктыярчылык уюмдарды аскерлешкен түзүмдөрдүн тиби боюнча түзүүгө тыюу салынат.
3. Ыктыярчылык иш мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча алардын иштерин алмаштыра албайт.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартипте жана формаларда ыктыярчылык ишти колдоого укуктуу.
5. Көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну кошпогондо, ыктыярчылык иш ыктыярчылык жардамды алуучудан же кабыл алган тараптан, тартуучу уюмдан кандайдыр-бир акчалай же материалдык сый акы албастан жүзөгө ашырылат.
6. Ыктыярчыларды тартуу жана кабыл алуу бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жана кысымга албастан жүзөгө ашырылат; ыктыярчы өз укуктарын жана милдеттерин билүүсүн, анда билими, көндүмдөрү, жөндөмдөрү жана иш тажрыйбасы жана ыктыярчылардын практикалык салымын караган иштин болушун болжолдойт.
7. Ыктыярчылык иш Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынбайт.
5-берене. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамилелердин субъекттери
Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамилелердин субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыктыярчылар, ыктыярчылык уюмдар, ыктыярчылык иштин уюштуруучулары;
2) ыктыярчылык ишти уюштурууга, кызмат көрсөтүүгө, тейлөөгө, продукцияны түзүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө катышы бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле иши ыктыярчылар менен байланышкан уюмдар же мекемелер;
3) ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
6-берене. Ыктыярчылык ишти жөнгө салуучу мыйзамдар
Ыктыярчылык ишти жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2-глава. Ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары
7-берене. Ыктыярчылык иштин негизги формалары жана түрлөрү
1. Ыктыярчылык иш төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жекече ыктыярчылык иш;
2) топтун курамындагы ыктыярчылык иш;
3) ыктыярчылык уюм жана иши ыктыярчылар менен байланышкан башка уюмдар же мекемелер аркылуу ыктыярчылык иш.
2. Ыктыярчылык иштин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) куралдуу жаңжалдардын, табигый кырсыктардын, өрттүн, эпидемиянын жана эпизоотиянын, экологиялык, техногендик жана башка апааттардын, социалдык жаңжалдардын, кокустук учурларынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга; кылмыштардын курмандыктарына, качкындарга жана аргасыз жер которгондорго, ошондой эле башкалардын жардамы менен колдоосуна, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо мекемелерине муктаж болгон адамдардын башка категорияларына жана топторуна жардам көрсөтүү;
2) табигый кырсыктар, экологиялык, техногендик жана башка апааттар жөнүндө калкка кабарлоо, аларга даярдык көрүүгө жана алардын кесепеттеринен арылууга катышуу;
3) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана өрт коопсуздугун камсыздоо жаатында билимдерди жайылтуу;
4) айлана-чөйрөнү коргоого жана сактоого, экологиялык иш-чараларга, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга катышуу;
5) калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук жактан агартуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
6) оорулуу жана улгайган жарандарга кам көрүү, согуштун жана эмгектин ардагерлерине, майыптыгы бар адамдарга, ошондой эле балдар үйлөрүндөгү жана башпаанектердеги, дене-бой же акыл-эс жагынан кемчилиги бар адамдар үчүн мекемелердеги жана башка социалдык мекемелердеги адамдарга көмөк көрсөтүү;
7) жетим балдарды, ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды, кароосуз калган балдарды, жашоонун оор кырдаалына кабылган балдарды социалдык реабилитациялоого катышуу;
8) жашы жете электердин кароосуз калгандыгынын жана укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишке катышуу;
9) балдардын жана жаштардын илимий-техникалык, көркөм чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
10) археологиялык, этнографиялык жана башка илимий экспедицияларга, реставрациялоо, оңдоо иштерине катышуу;
11) балдарды жана жаштарды мекенчилдик, руханий-адептик тарбиялоого көмөктөшүү;
12) жаштардын демилгелерин, балдар жана жаштар кыймылдарын балдар жана жаштар уюмдарын колдоо;
13) эстеликтерди жана көрүстөндөрдү кайтарып-кароо, токой чарбаларында жана коруктарда иштөө (токойлорду тазалоо, бак отургузуу жана башка жумуштар);
14) социалдык жарнаманы өндүрүү жана (же) таратуу, социалдык иштин башка түрлөрү боюнча иштерге көмөктөшүү;
15) жарандардын жүрүм-турумунун социалдык кооптуу формаларынын алдын алууга көмөктөшүү;
16) инсандын чыгармачылык жактан өзүн көрсөтүүсү жана чыгармачылык дараметин ачуусу үчүн, ошондой эле адамды өнүктүрүү, иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу, социалдык реинтеграциялоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызматташууга катышуу;
17) маданий мурасты жана тарыхый-маданий чөйрөнү, тарых жана маданият эстеликтерин сактоого катышуу;
18) билим берүүнү, илимди өнүктүрүүгө, билимдерди жайылтууга, инновацияларды колдоого катышуу;
19) дене тарбияны, спортту жана активдүү эс алууну, социалдык туризмди өнүктүрүүгө жана даңазалоого катышуу;
20) муниципалдык, региондук, республикалык жана эл аралык дене тарбия жана спорттук иш-чаралар менен мелдештерди уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
21) жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга катышуу;
22) сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо, социалдык жактан маанилүү оорулардын таралышына каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү;
23) маданий, дене тарбиялык, спорттук, оюн-зоок жана башка коомдук иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
24) дайынсыз жоголгон адамдарды издөө боюнча иш-чараларга катышуу;
25) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка ыктыярчылык иш.
8-берене. Ыктыярчылык иш
1. Ыктыярчылык ишти он сегиз жашка толгон жеке жактар, ошондой эле юридикалык жактар жүзөгө ашыра алат.
2. Он сегиз жашка толо элек жеке жактар ыктыярчылык ишти өздөрүнүн ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугунун негизинде жана ыктыярчылык иш алардын ден соолугуна, адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбеген жана окуу процессин бузбаган шартта жүзөгө ашыра алат.
3. Ыктыярчылык иш кайрымдуулук иштен айырмаланат, анткени кандайдыр-бир материалдык же акчалай сый акы каралбайт.
4. Ыктыярчылык иш ыктыярчы менен ыктыярчылык уюмдун же ыктыярчылык ишти уюштуруучунун ортосунда түзүлгөн ыктыярчылык келишиминин негизинде, ошондой эле ыктыярчы ыктыярчылык жардамды алуучу менен түздөн-түз макулдашкан учурда мындай келишимди түзбөстөн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Ыктыярчы ыктыярчылык ишти жекече жүзөгө ашыруусунун шарттары ыктыярчы менен ыктыярчылык жардамды алуучунун ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталышы мүмкүн, анын предмети болуп ыктыярчылык жардамды алуучунун кызыкчылыгында ыктыярчынын иштерди акысыз аткарышы жана (же) кызмат көрсөтүүсү эсептелет.
9-берене. Ыктыярчылык келишими
1. Ыктыярчылык келишими он сегиз жашка толгон адамдар менен түзүлөт. Ыктыярчылык келишими ошондой эле он төрт жашка толгон адамдар менен алардын ата-энелеринин же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен түзүлүшү мүмкүн.
2. Ыктыярчылык келишими ыктыярчы менен ыктыярчылык уюмдун, ыктыярчылык ишти уюштуруучунун, ыктыярчылык жардамды алуучунун же анын тапшырмасы боюнча аракеттеген адамдын ортосунда түзүлүшү мүмкүн.
3. Эгерде ыктыярчы айына жыйырма сааттан ашык ыктыярчылык иш менен алектенсе, ыктыярчылык уюм аны менен ыктыярчылык келишимин түзө алат.
Эгерде ыктыярчы бир эле учурда бир нече ыктыярчылык уюмда иш жүргүзсө, анда ыктыярчы бир айда жыйырма сааттан көп иш жүргүзгөн ар бир ыктыярчылык уюм ыктыярчы менен өзүнчө ыктыярчылык келишимин түзө алат.
4. Ыктыярчылык келишими жазуу жүзүндө эки нускада таризделет, алардын бири ыктыярчылык уюмда ыктыярчылык ишти уюштуруучуда милдеттүү сактоодо болот, ал эми экинчиси ыктыярчыга берилет. Оозеки келишим эч кандай укуктук натыйжаларды, анын ичинде жоопкерчиликти жаратпайт жана сотто кароонун предмети боло албайт.
5. Ыктыярчылык келишиминде: ыктыярчынын ишинин түрү, кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) мүнөзү, алардын көлөмү, жумуш күндөрү жана сааттары, жумуш күнүнүн узактыгы, жумуштардын мөөнөтү, келишимдин мөөнөтү, ыктыярчынын, ыктыярчылык уюмдун, ыктыярчылык ишти уюштуруучунун, ыктыярчылардын координаторунун же ыктыярчылык жардам алуучунун укуктары менен милдеттери, иштерди уюштуруунун, коопсуздук техникасынын маселелери, ыктыярчылык келишимин токтотуунун тартиби, тараптардын жоопкерчилиги, анын ичинде мүлккө, жабдууга келтирилген зыян жана моралдык зыян, анын ичинде үчүнчү жактарга келтирилген моралдык зыян үчүн өз ара материалдык жоопкерчилик аныкталууга тийиш.
6. Жекече эмгек келишимин түзүүдөн качуу максатында же акысыз кызмат көрсөтүүнүн жарандык-укуктук келишиминин же ушул сыяктуу башка келишимдин жагдайлары боюнча жалган ыктыярчылык келишимин түзүүгө тыюу салынат. Мындай жагдайлар аныкталган учурда ыктыярчылык келишими куру келишим деп таанылат.
10-берене. Ыктыярчынын укуктары жана милдеттери
1. Ыктыярчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде ыктыярчылык келишиминде башкасы көрсөтүлбөсө, ыктыярчылык ишти жүргүзүүгө өзүнүн катышуусун, ошондой эле иштин мүнөзүн жана шарттарын эркин тандоого;
2) эгерде ыктыярчылык келишиминде башкасы каралбаса, ыктыярчылык ишти каалаган убакта эркин токтотууга;
3) ыктыярчылык иштин максаттары, милдеттери жана мазмуну жөнүндө, ыктыярчылык ишти уюштуруучу, ыктыярчылык уюм, анын жетекчилиги, иштөө принциптери жана уюштуруучулук түзүлүшү жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга;
4) ыктыярчылык ишти сапаттуу жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган, демилгеленген же сунушталган маалыматтык жана билим берүү программаларына жана башка иш-чараларга катышууга;
5) эгерде бул ыктыярчылык келишиминде каралса, атайы кийим-кече алууга, жол киреге, түнөккө, тамактанууга, жеке коргонуунун зарыл каражаттарын, инструменттерин сатып алууга чыгымдардын жана башка чыгымдардын орду толтурулушуна, коопсуздук боюнча көрсөтмөлөрдү алууга;
6) эгерде бул ыктыярчылык келишиминде каралса, социалдык коргоонун жана медициналык жардам көрсөтүүнүн кепилдиктерине;
7) ыктыярчылык уюмдан жана/же ыктыярчылык ишти уюштуруучудан ыктыярчылык уюмдун жана/же ыктыярчылык ишти уюштуруучунун ички эрежелерине ылайык сунуштама каттарды алууга; ыктыярчынын өздүк китепчесине коомдук пайдалуу иштери жөнүндө, иштеген жери, иштеп берген сааттардын саны, сыйлоо жөнүндө жаздырууга.
2. Ыктыярчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыктыярчылардын координаторунан, ыктыярчылык уюмдан, ыктыярчылык ишти уюштуруучудан алынган тапшырмаларды ак ниеттүү аткарууга;
2) коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоого, өз иш-аракеттери менен ыктыярчылык уюмга, ыктыярчылык жардамды алуучуларга, алардын мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөгө;
3) ыктыярчылык келишиминде белгиленген учурларда медициналык кароодон өтүүгө жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат берүүгө;
4) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу боюнча өз милдеттерин аткарууну башкаларга ыктыярчылык уюмдун макулдугусуз башка адамдарга өткөрүп бербөөгө;
5) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу процессинде өзүнө берилген материалдык ресурстарга жана жабдууларга аяр мамиле жасоого, иш аяктагандан кийин аларды кайра кайтарып берүүгө;
6) ыктыярчылык келишиминде каралган башка милдеттерди аткарууга.
11-берене. Ыктыярчынын өздүк китепчеси
1. Ыктыярчылык ишти эсепке алуу үчүн ыктыярчынын өздүк китепчеси ыктыярдуу тартипте толтурулат жана ыктыярчынын иши, аны сыйлоолор жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Бул маалыматтар ыктыярчынын өздүк китепчесине ыктыярчы иштеген ыктыярчылык уюмдар, ыктыярчылык иштин уюштуруучулары же ыктыярчылык жардам алуучулар тарабынан жазылып, тийиштүү уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колтамгасы жана уюмдун мөөрү же ыктыярчылык жардамды алуучунун колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.
2. Ыктыярчынын өздүк китепчеси ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген формада ыктыярчы тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.
12-берене. Ыктыярчылардын координатору
1. Ыктыярчылардын координатору ыктыярчылык уюм же ыктыярчылык программаны же ыктыярчылык акцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон ыктыярчылык ишти уюштуруучу тарабынан дайындалат, же болбосо ыктыярчылар тобунун курамына кирген ыктыярчылар тарабынан алардын ичинен шайланат.
2. Ыктыярчылардын координатору ыктыярчыларга нускама берет, алардын арасында жумуштарды бөлүштүрөт, ар бир ыктыярчынын ишинин ордун жана көлөмүн белгилейт, алардын ишин контролдойт.
3. Ыктыярчылардын координатору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка ыктыярчылык уюмдар жана ыктыярчылык ишти уюштуруучулар, ошондой эле ыктыярчылардын топтору менен өз ара аракеттенет.
13-берене. Ыктыярчылык уюм
1. Ыктыярчылык уюм ыктыярчылык ишти уюштуруучу болуп саналат, белгилүү чөйрөлөрдө иштөө үчүн ыктыярчыларды тандап алат жана окутат, алар менен ыктыярчылык келишимдерин түзөт, жеке жана юридикалык жактарга ишке жөнөтөт, ыктыярчылык программаларды ишке ашырууга катышат жана өз алдынча ишке ашырат.
2. Ыктыярчылык уюм ыктыярчылык программаларды өз алдынча иштеп чыгып жана ишке ашырып, ыктыярчылык ишти уюштуруучу, башка ыктыярчылык уюмдар менен бирге же ыктыярчыларды ишке тартуу менен өз алдынча ыктыярчылык акцияларды жүргүзө алат.
3. Ыктыярчылык уюм төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ыктыярчылык келишиминин негизинде ыктыярчыларды ыктыярчылык программаларды же ыктыярчылык акцияларды ишке ашырууга, жекече иштерге тартууну;
2) ыктыярчылардын координаторун дайындоону, анын компетенциясынын, укуктарынын жана милдеттеринин даражасын аныктоону;
3) ыктыярчыларды өз алдынча ишке тарткан учурда алардын өздүк китепчелерине алардын коомдук пайдалуу иштери, иштеп берген сааттары, сыйлоолору, ошондой эле аларды окутуу тууралуу жазууларды жүргүзүүнү;
4) ыктыярчылык иш чөйрөсүндө алда канча айырмаланган ыктыярчыларды сыйлоо үчүн талапкерлерди же талапкерлердин тизмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнү.
4. Ыктыярчылык уюм ыктыярчыларды окутуу, семинарларды, талкууларды, угууларды, ыктыярчылардын жумушчу жолугушууларын, слётторун өткөрүү үчүн билим берүүнү жүзөгө ашырып жаткан уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
5. Ыктыярчылык уюм ыктыярчынын жол киреге, түнөккө, тамактанууга, зарыл болгон жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга байланышкан чыгымдарынын жана башка чыгымдарынын ордун толтурат, эгерде бул ыктыярчылык келишиминде каралса, атайын кийимди жана инструменттерди берет.
6. Ыктыярчылык уюм ыктыярчыларды кубаттоону жүзөгө ашырат, ошондой эле алда канча айырмаланган ыктыярчыларды кубаттоо жана (же) сыйлоо үчүн талапкерлерди ыктыярчылык ишти уюштуруучуга, ошондой эле ыктыярчылык ишти уюштуруучу болуп саналбаган мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көрсөтөт.
14-берене. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмелери (ассоциациялары жана бирликтери)
1. Ыктыярчылык уюмдар өз максаттарын ишке ашырууда өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн келишимдик негизде түзүлгөн ассоциацияларга жана бирликтерге бириге алат.
2. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) мүчөлөрү өзүнүн өз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сактап калат.
3. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмеси (ассоциациясы, бирлиги) өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттери үчүн жооп бербейт. Ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча ыктыярчылык уюмдардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте субсидиардык жоопкерчиликти тартат.
15-берене. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу
1. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу ыктыярчылык программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, ыктьмрчыларды тартуу менен өз алдынча же башка ыктыярчылык ишти уюштуруучулар же болбосо ыктыярчылык уюмдар менен бирге ыктыярчылык акцияларды өткөрөт.
2. Ыктыярчылык ишти уюштуруучу:
1) ыктыярчылык ишти, ыктыярчылык программаларды жана ыктыярчылык акцияларды жүзөгө ашырууга, ыктыярчылык келишиминин негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жекече иштерге ыктыярчыларды тартат;
2) ыктыярчылык келишимин өз убагында жана сапаттуу аткаруусу боюнча ыктыярчынын ишин контролдоону жүзөгө ашырат;
3) бүтүндөй алганда ыктыярчылык кыймылга, анын программаларына жана айрым акцияларына маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле аларды алга илгерилетүүгө көмөктөшөт;
4) ыктыярчыларга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, өзгөчө иштерди уюштуруунун коопсуздугу жагынан нускама берет;
5) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарат, жогору турган уюмдарга жана ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыктыярчылык иштин натыйжалары туурасында маалыматтарды берет.
3-глава. Ыктыярчылык ишти мамлекеттик жөнгө салуу
16-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) ыктыярчылык ишти жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүү боюнча тийиштүү программаларды, стратегияларды жана концепцияларды бекитүү;
3) ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо;
4) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ыктыярчылык иштин субъекттери менен өз ара аракеттешүүсүнүн тартибин аныктоо жана координациялоо;
5) ыктыярчылык ишке дем берүү боюнча шарттарды түзүү жана чараларды иштеп чыгуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
17-берене. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
1. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
2. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, анын функциялары менен ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
18-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү компетенциясы
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыярчылык ишти өнүктүрүү боюнча чараларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
4-глава. Ыктыярчылыкты колдоо боюнча чаралар
19-берене. Ыктыярчылыкка дем берүү боюнча чаралар
1. Мамлекет ыктыярчылык ишти бардык деңгээлдерде илгерилетет жана колдойт, ыктыярчылык ишке дем берүү жана өнүктүрүү саясатын жүзөгө ашырат.
2. Ыктыярчылык келишимин түзгөн ыктыярчы белгиленген форма боюнча ыктыярчынын өздүк китепчесин жүргүзөт жана ыктыярчылык ишти жүргүзгөнүн жана тажрыйба менен жөндөмдөргө ээ болгонун тастыктаган сунуштама каттарды алат.
3. Ыктыярчынын өздүк китепчеси жана сунуштама каттар менен ырасталган ыктыярчылык иш иштин тажрыйбасы катары эске алынышы мүмкүн.
4. Эгерде студент 40 сааттан кем эмес убакыт иштеп берсе жана кесиптик билим берүү мекемесинин ыктыярчылык уюм менен кызматташуу жөнүндө макулдашуусу (меморандум) бар болсо, студент жөндөмдөрдү калыптандыруу жана кесиптик тажрыйбага ээ болуу максатында ишке ашырып жаткан, өздүк китепчеси жана ыктыярчылык келишими менен тастыкталган ыктыярчылык окуу же өндүрүштүк (диплом алдындагы) практика деп таанылат.
20-берене. Ыктыярчылык ишти колдоо
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ыктыярчылык ишти колдоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Ыктыярчылык иштин принциптерин алга илгерилетүүдөгү жана аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруудагы салымдарын таануу жана баалоо иретинде жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сыйланышы мүмкүн.
3. Ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ыктыярчылык уюмдар менен биргелешип төмөнкүлөрдү жүргүзө алат:
1) ыктыярчылыкты алга илгерилетүү жана программалар менен акцияларга катышуу үчүн ыктыярчыларды кабыл алуу боюнча ар жылдагы иш-чараларды;
2) ыктыярчылык тармагындагы салымдарды таануу боюнча ар жылдагы улуттук иш-чараларды;
3) ыктыярчылык ишти даңазалоо боюнча башка иш-чараларды.
21-берене. Ыктыярчылык ишти каржылоо жана аны камсыз кылууга багытталган чыгымдар
1. Ыктыярчылык ишти каржылык камсыз кылуу жеке жана (же) юридикалык жактардын өз же тартылган каражаттарынын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Ыктыярчылык иштин конкреттүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн жеке же юридикалык жактар каражаттарды жана башка мүлктөрдү максаттуу берген учурларды кошпогондо, ыктыярчылык уюмдар же өз ишине ыктыярчыларды тартуучу уюмдар жана мекемелер, ыктыярчылык ишти уюштуруучулар ыктыярчылык ишти камсыз кылуу үчүн тартылган каражаттарды жана башка мүлктү пайдалануунун багытын өз алдынча аныкташат.
5-глава. Корутунду жоболор
22-берене. Ыктыярчылык иш жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын ыктыярчылык иш жөнүндө мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жоопкерчиликке алып келет.
23-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-апрелиндеги № 28(3477) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну жана тийиштүү уюштуруу жана башка чараларды көрүүнү камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 15-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |