Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-апрели № 86
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьянын үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 35-статьянын 1-пунктунда "акча" деген сөз "улуттук акча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 217-статьянын 1-пунктунда:
а) 2-пунктчада "Куралдуу Күчтөрдүн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктчада "өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 23317-статьяда:
а) статьянын аталышы "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1 жана 2-пункттар "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 23318-статьяда:
а) статьянын аталышы "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
в) эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү: коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыздоого, коргонуу объекттерин, жаратылыш-корук фондунун, социалдык, өндүрүштүк, энергетикалык, инженердик, архитектуралык-курулуш жана транспорттук инфратүзүмдөрдү, анын ичинде аэропортторду жайгаштырууга жана тейлөөгө, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга байланышкан муктаждыктар.";
6) 259-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тарыхый-маданий баалуулуктарга тиешелүү археологиялык табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлүүгө тийиш.";
7) 261-статьянын 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында "Тарых же маданият эстеликтерине" деген сөздөр "Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 281-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында "муктаждык" деген сөз "жана мамлекеттик муктаждыктар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 284-статьянын 1-пункту "коомдук" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 386-статьянын 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 948-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 11031-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1176-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 216-берененин 7-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 217-берененин 5-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 374-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 377-берененин 3-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 182-берененин 6-пунктунда ар кандай жөндөмө формаларындагы "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 183-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда ар кандай жөндөмө формаларындагы "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 21-главанын аталышында "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 204-беренеде:
а) 204-берененин аталышында "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө ар кандай жөндөмө формаларындагы "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөр "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 4-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) 5-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 205-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр "Судьялар кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөр "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 269-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 273-берененин 4-пунктунда "Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр "Конституциялык сотунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 2-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |