Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 10-апрели № 83
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 638-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) биринчи абзацта "жана администрациялык иштер" деген сөздөр ", администрациялык иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттук эксперттин тыянагы - ал тарабынан экспертизанын объекттерине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү талдоонун натыйжасында алынган, атайын билимдердин базасындагы изилдөөнүн натыйжасы боюнча түзүлгөн, конкреттүү маселе боюнча соттук эксперттин жазуу жүзүндө баяндалган ой корутундусу. Тыянактар бир маанилүү жана ыктымалдуу болушу мүмкүн.";
в) он үчүнчү абзацта "соттук-эксперттик изилдөөнү жүргүзүүгө тийиштүү эксперттик адистиги боюнча квалификациясын ырастоочу" деген сөздөр "тийиштүү эксперттик адистиги боюнча квалификациясын ырастоочу жана соттук-эксперттик изилдөөнү жүргүзүүгө укук берүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Соттук эксперт адистиги - белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түрчөдөгү экспертизаларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон белгилүү бир билимге, атайын даярдыкка жана иш тажрыйбасына ээ болуу жолу менен алынган билимдердин, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн комплекси.";
д) он алтынчы абзацта "жазыктык, жарандык же администрациялык процесстердин" деген сөздөр "кылмыш-жаза, жарандык, администрациялык процесстердин же укук бузуулар жөнүндө иштин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"Атайын эксперттик даярдык (кесиптик даярдык) - белгилүү бир билими бар адамдын белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түрчөдөгү экспертизалардын өндүрүшүндө өзүнүн билимин колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу процесси жана натыйжасы, тактап айтканда, анын эксперт кесибине (квалификациясына) ээ болуу процесси.";
2) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдар
Соттук-эксперттик иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстеринен, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинен, ушул Мыйзамдан жана соттук экспертизаларды уюштурууну, дайындоону жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.";
3) 11-беренеде:
а) 1-пунктта "жана администрациялык иштер" деген сөздөр ", администрациялык иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттук эксперттин ведомстволук караштуулугуна карабастан эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү методикалык мамилени иштеп чыгуу жана камсыз кылуу.";
4) 12-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "уруксаты менен" деген сөздөр "жазуу жүзүндөгү уруксаты менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук-эксперттик иш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Соттук-эксперттик иш негизги иши болуп саналган уюмдар мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп таанылат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында алар үчүн бул негизги иш орду болуп саналган жана алардын квалификациясынын деңгээли белгиленген тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты менен ырасталган эксперттер турууга тийиш.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар соттук-эксперттик ишке катышуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоого ыйгарым укуктуу болгон башка органдар (уюмдар) тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу соттук экспертиза чөйрөсүндөгү сапат стандарттарына ылайык келүүгө аккредитацияланууга тийиш.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар гана жүргүзүүчү экспертизалардан башка соттук экспертизалардын бардык түрлөрүн жүргүзөт.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго экспертиза жүргүзбөйт.
Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга экспертизалардын төмөнкү түрлөрүн жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилет:
1) баллистикалык экспертиза;
2) адам издерине экспертиза;
3) бүтүнгө бөлүктөр боюнча экспертиза;
4) жарылуучу техникага экспертиза;
5) өрт-техникалык экспертизасы;
6) люминофорлорго экспертиза;
7) автотехникалык экспертиза;
8) транспорттук-трассологиялык экспертиза;
9) товар таануу экспертизасы - кылмыш-жаза иштери боюнча;
10) дин таануу экспертизасы - кылмыш-жаза иштери боюнча;
11) лингвистикалык экспертиза - кылмыш-жаза иштери боюнча;
12) адамдын биологиялык бөлүп чыгарууларына жана алардын издерине экспертиза - кылмыш-жаза иштери боюнча;
13) видео жана үн жазууларына экспертиза - кылмыш-жаза иштери боюнча;
14) ДНК экспертизасы - кылмыш-жаза иштери боюнча;
15) стационардык соттук-психиатриялык экспертиза;
16) өлүктөргө экспертиза;
17) дарыгерлердин кесиптик иштериндеги укук бузуулар боюнча экспертиза.
Экспертизалардын көрсөтүлгөн түрлөрүн жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарга өткөрүп берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
в) 4-бөлүктө "Бир жана ошол эле профилдеги мамлекеттик" деген сөздөр "Мамлекеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Соттук эксперттин адистигинин алкагынан чыккан жана соттук-эксперттик уюмдар тарабынан жүргүзүлбөгөн экспертизалардын айрым түрлөрүн жүргүзүү үчүн соттук экспертизаны дайындаган жактын же органдын чечими боюнча тиешелүү билимге ээ башка адистер мыйзамда белгиленген тартипте тартылышы мүмкүн.";
6) 14-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мындай учурда экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылганга чейин аны дайындаган орган (жак) экспертиза жүргүзүүнү тапшырууга ниеттенген эксперттин өздүгүн, анын компетенттүүлүгүн текшерип, анын тараптар менен болгон мамилесин аныктап, эксперттен баш тартууга негиздер жок экендигин текшерүүгө тийиш.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бул чөйрөдө соттолгондугу жоюлбаган жактар соттук эксперт катары тартыла албайт.
Тиешелүү юридикалык факт катталган күндөн тартып 3 жылдын ичинде төмөнкүдөй адам соттук эксперт боло албайт:
1) бул чөйрөдөгү анын соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган;
2) соттук-эксперттик уюмдан (укук коргоо органдарынын профилдик бөлүмдөрү) тартиптик жорук жасагандыгына байланыштуу бошотулган;
3) соттук-эксперттик иш менен алектенүүгө компетенттүүлүк сертификатынан ажыратылган;
4) анын соттук-эксперттик иш менен алектенүүгө компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушу токтотулган.";
7) 15-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "атайын" деген сөз "атайын илимий" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарда эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билими бар жана кийин конкреттүү эксперттик адистик боюнча атайын даярдыктан өткөн жаран ээлей алат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли ар бир 5 жылда аталган комиссиялар тарабынан кайра каралууга тийиш.";
8) 16-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эксперттик-квалификациялык комиссия" деген сөздөр "мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар
1. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар мамлекеттик соттук эксперттин же мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдун соттук экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүү, берүүдөн баш тартуу, колдонулушун токтото туруу, токтотуу, же болбосо ажыратуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
2. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар соттук-эксперттик мекемелердин өкүлдөрүнөн жана 5 жылдан кем эмес эксперттик иш стажы бар соттук эксперттерден түзүлгөн туруктуу курамга ээ болот.
3. Комиссияларда соттук экспертизалардын айрым жааттары (түрлөрү) же болбосо конкреттүү эксперттик багыттар боюнча секциялар түзүлөт.
4. Комиссиялардын курамына аткаруу бийлигинин башка органдарынын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын эксперттик кызматтарынын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
5. Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялардын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 18-беренеде:
а) "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 19-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) аны дайындаган органды (жакты) кошпогондо, соттук экспертизанын жыйынтыктары жөнүндө кимдир бирөөгө билдирүүгө.";
12) 21-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 2-пунктта "жазык, жарандык жана администрациялык" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пунктта ", түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды" деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) тиешелүү соттук-эксперттик уюмдун жетекчиси же аны дайындаган орган (жак) тарабынан тапшырылган соттук экспертизаны өндүрүшкө кабыл алууга;";
13) 22-беренеде:
а) 2-бөлүктө ", администрациялык" деген сөз алып салынсын;
б) 3-бөлүктө "ажыратылышы мүмкүн" деген сөздөр "ажыратылат" деген сөзгө алмаштырылсын;
14) 24-берененин аталышында "Соттук-эксперттик уюмда соттук'’ деген сөздөр "Соттук" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 27-беренеде:
а) 3-бөлүктө "уюштуруу жана жүргүзүү" деген сөздөр "жүргүзүүнү уюштуруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн төртүнчү сүйлөмү алып салынсын;
16) 29-берененин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 30-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 31-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта ", бул тууралуу соттук экспертизаны дайындаган органга (жакка) дароо кабарландырылат" деген сөздөр алып салынсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгерде коюлган маселе соттук эксперттин атайын билиминин чегинен тышкары чыкса.";
19) 33-беренеде:
а) 2-бөлүктө "кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу" деген сөздөр "кызматтарды келишимдик негизде көрсөтүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "Башка" деген сөз "Мамлекеттик эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 34-берененин 2-бөлүгүндө "мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарга" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
21) 35-берененин 2-бөлүгүндө "буюмдук далил болгон предметтерди" деген сөздөр "изилденип жаткан объекттерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 2-мартында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |