Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-апрели № 85
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 13-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) административдик актыны жараксыз же административдик органдын аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп толугу менен же болбосо бир бөлүгүн таануу жөнүндө;";
б) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "административдик укук бузуулар жөнүндө (жоруктар жөнүндө)" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 24-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Сот соттук жыйналышта тараптардын макулдугу менен аныктаманын резолюциялык бөлүгүн жарыялаганга укуктуу.";
3) 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Аракети жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин түзүүгө, өзгөртүүгө же токтотууга алып келүүчү административдик органдардын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынча бөлүмдөрү жоопкер болушу мүмкүн.";
4) 29-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Өкүл сотко кайрылганда ишеним катты түп нускада же талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмө формасында берүүгө милдеттүү.";
5) 41-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө аныктама даттанылышы мүмкүн.";
6) 42-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Прокурор чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Мында кызыкчылыгы үчүн доо берилип жаткан адам доогер катарында тартылышы мүмкүн.";
7) 109-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"административдик актыны (актыны) жараксыз же жоопкердин аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп толугу менен же болбосо бир бөлүгүн таануу жөнүндө талапты камтыган административдик актыны (актыны) же аракетти талашуу тууралуу доо;";
б) 3-пункт "административдик актыны" деген сөздөрдөн кийин "(акт)" деген сөз менен толукталсын;
в) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) жоопкердин күчүн жоготкон административдик актыны (акт) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө талабын камтыган административдик акт (акт) күчүн жоготкондугунун мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо.";
8) 110-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, доо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып, же болбосо арыз ээси бул актынын чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде сотко берилет.
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине даттанууда арыздар сотко арыз ээси алардын жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракетсиздигине даттанууда арыздар сотко ал боюнча жооп алынбаган же болбосо арыз ээси аны менен макул болбогон жооп алынган тиешелүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына кайрылган күндөн бир ай өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.";
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк "аракетке" деген сөздөн кийин "(аракетсиздикке)" деген сөз менен толукталсын;
г) 5-бөлүктө "бир айдын" деген сөздөр "үч айдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.";
9) 113-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) административдик доо ушул Кодексте же мыйзамда аларга мындай укук каралбаган мамлекеттик бийлик органы, башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм, кызмат адамы же болбосо жаран тарабынан башка жактын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилсе;
5) административдик доону, арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн административдик иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ушул Кодекстин ченемдеринде каралган башка негиздер болсо.";
10) 115-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда "жарандын" деген сөз алып салынсын;
11) 125-берененин 8-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнмө жок болгондо, судья доону кароосуз калтыруу жөнүндө аныктама кабыл алат.";
12) 166-беренеде:
а) 2-бөлүк "өкүлүнө" деген сөздөн кийин "жана үчүнчү жактарга" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 169-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чечимдин резолюциялык бөлүгүн чыгарууда жүйөлүү чечим соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен түзүлөт жана ишке катышкан жактарга жиберилет (тапшырылат).";
14) 173-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) сотко кайрылган адамдын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулбаганбы, же болбосо талашылып жаткан акт (аракет) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан кабыл алынган (жасалган) күнү бул адамга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар жаралганбы.";
6) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Сот административдик жол-жоболорду же башка мыйзамдарда белгиленген эрежелерди сактоо менен аракет (аракетсиздик) жүзөгө ашырылганын текшерип, административдик органдын аракети (аракетсиздиги) боюнча чечим чыгарат.";
15) 174-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- 6-пунктта "жараксыз" деген сөз "мыйзамсыз" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эгерде административдик органдын, башка мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын даттанылып жаткан актысы же аракети (аракетсиздиги) сотко кайрылган адамдын же анын кызыкчылыгы үчүн доо берилген жактын жеке укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобойт деп сот аныктаса жана аларды жүзөгө ашырууга карата тоскоолдуктар түзүлбөгөндүгү аныкталган учурда, сот административдик доону канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.";
16) 175-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 174-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар болгондо, чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө алардын белгилениши гана көрсөтүлөт.";
17) 176-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жүйөлөнгөн чечимди жарыя кылууда катышып олтурган процесстин катышуучуларына, анын көчүрмөсү кол койдуруу менен түздөн-түз сотто тапшырылат. Эгерде чечимдин көчүрмөсү өкүлгө тапшырылса, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга да тапшырылды деп эсептелет.
3. Процесстин катышуучуларына, анын ичинде чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууда катышпагандарга, жүйөлөнгөн чечимдин көчүрмөсү соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып беш күндүн ичинде тапшыруу жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде чечимдин көчүрмөсү ошондой эле өкүлгө жөнөтүлсө, анда ал өзүнүн атынан иш алып баруучу адамга тапшырылды деп эсептелет.
Чечим ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган эрежелер боюнча тапшырылды деп эсептелет.";
18) 182-беренеде:
а) 1-пунктта "өз алдынча талаптар менен" жана "же үчүнчү жак болгон адам" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) эгерде доогер аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготсо - аракетке жөндөмсүз жакка камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;";
в) 3-пунктта "же болбосо өз алдынча талаптары бар үчүнчү жакты" деген сөздөр алып салынсын;
г) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик бөлүктөрүнүн же аскердик түзүлүштөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө жүргөн доогер өтүнгөндө - Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу токтогонго чейин;";
19) 183-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) доогер чакыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө же кандайдыр-бир мамлекеттик милдетти аткарууга тартылып аскердик кызматта жүргөндө - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлүштөрүнүн курамында болуусу же болбосо мамлекеттик милдетти аткаруусу аяктаганга чейин;";
2) доогер дарылоо мекемелеринде болгондо же сотко келүүсүнө тоскоолдук кылган жана медициналык мекеменин маалымкаты менен ырасталган оорусу болгондо - дарылоо мекемесинен чыгарылганга же оорусу айыкканга чейин, бирок эки айдан ашык эмес мөөнөткө. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тарап өкүлүн дайындоого милдеттүү, ал эми сот ишти кароону кайрадан улантууга укуктуу;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) аларга расмий түшүндүрмө берүүнү же болбосо мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгаруу үчүн зарыл болгон маалыматты алууну талап кылуучу маселелер боюнча мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий суроо-талап жөнөтүү.";
20) 186-беренеде:
а) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) эгерде ошол эле доогердин ошол эле жоопкерге карата ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болсо эле иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө, административдик доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы болсо. Анын ичинде, эгерде бул доогердин кызыкчылыгы үчүн прокурор, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган тарабынан административдик доо коюлса да бул эреже колдонулат.";
в) 6-пунктта "же өз алдынча талаптары бар үчүнчү жак болуп саналган жеке адам" деген сөздөр алып салынсын;
г) 9-пунктта "ишти соттук териштирүүгө даярдоо процессинде же" деген сөздөр алып салынсын;
д) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"10) ушул Кодекстин 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, эгер талаш-тартыштын предмети жок болсо.";
21) 188-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) эгерде доогер административдик доо коюунун мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мында мындай мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмөсү жок болсо.";
22) 201-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Коммерциялык эмес уюм анын коомдук байкоочу катары шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга укуктуу.";
б) 3-бөлүк "Участкалык" деген сөздөн кийин ", округдук" деген сөз менен толукталсын;
в) 4-бөлүктө "Сотко" деген сөз алып салынсын;
23) 203-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Соттун чечими жана кассациялык инстанциядагы соттун токтому жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатпайт.";
24) 205-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Соттун чечими жана кассациялык инстанциядагы соттун токтому жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого жатпайт.";
25) 23-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
26) IV бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 231-глава менен толукталсын:
"231-глава. Аткаруу документтерин аткарууда сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
2111-берене. Сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу
Сот аткаруучусунун токтому жана аракети (аракетсиздиги) ушул Кодексте жана аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте ушул главада каралган эрежелер боюнча талашылышы мүмкүн. Кызыкдар жак түздөн-түз сотко же аткаруу өндүрүшү жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга (кызмат адамына) кайрылууга укуктуу.
2112-берене. Сот аткаруучусунун талашууга тийиш болгон токтомдору, аракеттери (аракетсиздиги)
Сот аткаруучусунун ушул Кодексте каралган тартипте талашууга тийиш болгон токтомдоруна, аракеттерине (аракетсиздигине) жекече кабыл алынган, натыйжасында жарандын, уюмдун жана аткаруу өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктары менен эркиндиктери бузулган; жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдуктар түзүлгөн; жаранга же уюмга кандайдыр-бир милдет мыйзамсыз түрдө жүктөлгөн же алар мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган токтомдор жана аракеттер (аракетсиздик) кирет.
2113-берене. Сот аткаруучусунун токтомдорун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды берүү
1. Сот аткаруучусунун токтому жана аракети (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же ушул токтом, аракет (аракетсиздик) менен укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жактар тарабынан талашылуусу мүмкүн.
2. Сот аткаруучусунун токтомун, анын аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арыз сотко бул токтом чыккан, аракети (аракетсиздиги) жасалган күндөн тартып, же болбосо ушул токтомдон, аракеттен (аракетсиздиктен) улам укуктары жана кызыкчылыктары бузулган жаранга же уюмга анын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон күндөн тартып он күндүк мөөнөттө берилет. Арыздын көчүрмөлөрү бардык кызыкдар жактарга, анын ичинде талашылып жаткан токтомду чыгарган же талаш-тартыш жараткан аракетти (аракетсиздикти) жасаган сот аткаруучусу иштеген сот аткаруучулары кызматынын бөлүмдөрүнө берилет.
3. Арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберүү сот үчүн мындай арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болуп саналбайт. Мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн себептери соттук жыйналышта айкындалат жана алар арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп калышы мүмкүн.
2114-берене. Сот аткаруучусунун токтомун жана аракетин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө арызды кароо
1. Арыз сот тарабынан анын сотко келип түшкөн учурунан тартып он күндүн ичинде арыз берүүчүнүн, сот аткаруучусунун катышуусу менен каралат.
2. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн соттук жыйналышка келбей коюусу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Сот талашылып жаткан токтомдун же аракеттин күчүн арыз сотто каралып жаткан убакытта арыз берүүчүнүн өтүнмөсү боюнча токтото турууга укуктуу.
4. Сот арызда баяндалган жана процесске катышуучулардын түшүндүрмөлөрүндө көрсөтүлгөн жүйөлөр, берилген далилдер жана иштеги башка материалдар менен эле чектелип калбастан, бул талаш-тартышты туура чечүү максатында, талашылып жаткан токтом, аракет (аракетсиздик) боюнча факт жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтеп чыгат.
5. Сотто даттанылып жаткан токтомдун, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн далилдөө милдети мындай токтомду кабыл алган же мындай аракетке (аракетсиздикке) жол берген сот аткаруучусуна жүктөлөт. Чыгарылган токтомдун, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) тууралыгына карата кандай болбосун шек саноолор арыз берүүчүнүн пайдасына түшүндүрмөлөнөт.
2115-берене. Соттун аныктамасы жана аны ишке ашыруу
1. Сот арызды негиздүү деп таануу менен, жол берилген жарандын (уюмдун) укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгын же жарандын (уюмдун) анын укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылгандыгын толук өлчөмдө жоюу жагында сот аткаруучусунун милдеттери жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Эгерде кызыкдар жактар апелляциялык даттануу (сунуштама) бербесе, соттун аныктамасы аныктама кабыл алынган күндөн тартып он кун өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Соттун аныктамасы жол берилген мыйзам бузууну четтетүү үчүн баш ийүүчүсүнүн токтому, аракети (аракетсиздиги) талашылып жаткан сот аткаруучулары бөлүмүнүн жетекчисине, же болбосо баш ийүүчүлүк тартибинде жогору турган органга, кызмат адамына оот аныктамасы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч күндүн ичинде жөнөтүлөт.
4. Аныктама жарандык процесстик мыйзамдарда жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча аткарылат.
5. Эгерде талашылып жаткан токтом же аракет (аракетсиздик) мыйзамга ылайык чыгарылганын же болбосо жасалгандыгын белгилесе, сот арызды канааттандыруудан баш тартат.
2116-берене. Соттук актылар боюнча даттануу жана сот аткаруучуларынын токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздиктерин) талашуу боюнча иштерди кайра кароо
1. Сот аткаруучуларынын мыйзамдуу күчүнө кире элек токтомдорун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштерди кайра кароо областтык соттордун тийиштүү соттук коллегия тарабынан апелляциялык өндүрүш тартибинде, апелляциялык инстанциядагы сотко иш келип түшкөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттө, ушул главада белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен ушул Кодекстин 24-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Соттун аныктамасына даттануу ушул иш боюнча соттун аныктамасы менен укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган адамдар тарабынан он күндүк мөөнөттө биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Соттук актыны кабыл алган сот бул даттанууну иш менен бирге тийиштүү инстанцияга, ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө жиберүүгө милдеттүү.
2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларды кассациялык тартипте кайра кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тийиштүү соттук коллегия тарабынан, иш кассациялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, ушул Кодекстин 26-главасында каралган эрежелер боюнча, ушул главада белгиленген алып салуулар жана толуктоолор менен жүргүзүлөт.
3. Даттанууну берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин даттануулар кабыл алынбайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте кайра кайтарылып берүүгө тийиш.
4. Соттук актылар жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра каралууга тийиш эмес.";
27) 213-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
28) 214-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өкүл тарабынан берилген апелляциялык даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документ түп нускада же болбосо талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдө тиркелиши керек.";
29) 219-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 3-пунктта "2 жана 3-бөлүктөрүнүн" деген сөздөр "1-3-бөлүктөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) апелляциялык даттануу (сунуштама) апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан мурда каралган соттук актыга берилсе.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, апелляциялык даттануу өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин даттануу (сунуштама) берген жакка кайтарылат.";
30) 223-беренеде:
а) 6-бөлүктө "12" деген цифралар "10" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 8-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
31) 225-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда жүйөлөнгөн соттук акты соттук териштирүү аяктаган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен процесстин катышуучуларына жөнөтүлөт (тапшырылат).";
в) 3-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны жарыя кылуу учурунда катышып олтурган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү сотто кол койдуруу менен түздөн-түз тапшырылат.";
г) 4-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны жарыя кылуу учурунда катышпаган процесстин катышуучуларына жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аларга аны жарыя кылуу күнүнөн тартып жети күндүн ичинде тапшыруу жөнүндө билдирүү менен тапшырык кат менен жиберилет (тапшырылат).";
32) 228-беренеде "12" деген цифралар "11" деген цифраларга алмаштырылсын;
33) 233-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) соттун чечими менен укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары козголгон жактар тартылбастан иш каралса.";
34) 234-берененин 3-бөлүгүндө "1, 2, 4 жана 5-пункттарында" деген сөздөр "1, 2, 4, 5 жана 6-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35) 241-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 242-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жеке даттануу (сунуштама) ал кабыл алынган күндөн тартып биринчи инстанциядагы соттун аныктамасына он күндүн ичинде, апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасына бир айдын ичинде берилиши мүмкүн.";
37) 244-берененин 2-бөлүгүндө "(жеке)" деген сөз алып салынсын;
38) 248-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу ал кабыл алынган күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.";
39) 249-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өкүл тарабынан берилген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү башка документ түп нускада же болбосо талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдө тиркелүүгө тийиш.";
б) 7-бөлүктө "билдирүү" деген сөз "өтүнмө" деген сөзгө алмаштырылсын;
40) 254-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) даттануу апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбогон соттук актыга берилсе;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) кассациялык даттануу (сунуштама) биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордун мурда кассациялык инстанциядагы сот тарабынан каралган соттук актыларга берилсе.";
в) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин даттанууну (сунуштаманы) берген жакка кайтарылып берилет.";
41) 259-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сот андан кийин соттук актыны кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетет.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кеңешүүчү бөлмөсүнөн чыккандан кийин сот кабыл алынган соттук актыны жарыялайт.
Сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыя кылууга укуктуу. Мында жүйөлөнгөн соттук акты аны жарыя кылуу күнүнөн тартып он беш күндүн ичинде жазуу жүзүндө түзүлөт жана процесстин катышуучуларына аны тапшыруу жөнүндө билдирүү менен тапшырык кат менен жиберилет (тапшырылат).";
42) 267-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча процесстин катышуучусунун арызынын (сунуштамасынын) негизинде, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, кайра каралышы мүмкүн.";
43) 268-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ, талашылып жаткан соттук актыны кабыл алуу учурунда арыздануучуга жана (же) сотко белгисиз болгон же белгилүү болушу мүмкүн болбогон жагдай;";
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
44) 274-берененин 1-пунктунда "269-беренесинин" деген сөздөр "272-беренесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 47-берененин 1-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тарап талаштуу же чечимде белгиленген укук мамилелеринен чыгып калган учурда (жарандын өлүмү, юридикалык жактын кайра уюшулушу, талап кылуунун башка жакка берилүүсү, карыздын которулушу жана материалдык укук мамилесинде жактардын алмашкан башка учурлары) сот жүйөлөнгөн, даттанылышы мүмкүн болгон аныктама аркылуу тарапты анын укук улантуучусу менен алмашуусуна жол берет. Укук улантуучулук процесстин кайсы болбосун стадиясында болушу мүмкүн.";
2) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мында сот доо берилген жактын кызыкчылыгында аны доогер катары тартууга укуктуу.";
3) 62-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Адвокаттын ыйгарым укуктары адвокаттык иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тапшырма келишимине ылайык берилген, юридикалык практиканы жүзөгө ашырып жаткан жакка тапшырма ордери менен ырасталат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Сотко кайрылганда өкүл ишеним каттын түп нускасын же көчүрмөсүнүн талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн формасын көрсөтүүгө милдеттүү.";
4) 63-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары, өкүлдүн доо арызга (арызга) же доо арызына (арызына) карата каршы пикирге кол коюуга, аларды берүүгө, доону камсыз кылуу жөнүндө арызга, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүүгө, иштин факты жүзүндөгү жагдайлары боюнча макулдашуу түзүүгө, жаңыдан ачылган жагдайлар жана жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө арызга кол коюуга, ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүүгө, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартууга, доону толук же жарым-жартылай таанууга, доо талаптарын көбөйтүүгө же азайтууга, доонун предметин жана негизин өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүүгө (ишенимди өткөрүп берүүгө) соттук актыга даттанууга, даттануудан баш тартууга, аткаруу барагын берүүгө укуктары өкүлдүк кылууну тапшырган жак дайындаган жак берген ишеним катта же тапшырма келишиминде атайын эскертилүүгө тийиш.";
5) 104-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) турак жайларды жалдоо келишимин кошпогондо, мүлктүк жалдоо келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө доолордо - келишимди колдонуунун калган мөөнөтүнүн ичинде мүлктү пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн жыйындысы менен, бирок үч жылдан ашык эмес мөөнөттө;";
6) 106-берененин 3-бөлүгүндө "жылдыруу же созуу жөнүндө маселе боюнча" деген сөздөр "жылдыруудан же созуудан баш тартуу жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 109-берененин 1-пунктунда "күбөлөргө," деген сөз алып салынсын;
8) 114-берененин 1-бөлүгүндө "башка тараптын пайдасына" деген сөздөрдөн кийин "анын арызы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
9) 118-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ишти кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан өндүрүлүүчү почта чыгымдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
10) 128-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сот ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же болбосо байланыштын башка каражаттарын колдонуу менен иш боюнча тараптардын макулдугу боюнча кыска тексттик кабарлоонун жана тиешелүү кабарламаны сот тарабынан жиберүү жана дарек ээси тарабынан алуу фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү байланыштын ушул сыяктуу формаларынын жардамы менен кабардар кылууга же чакырууга укуктуу.";
11) 134-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелишинен, майыптуулугунан, дене бойлук кемчиликтеринен же оорусунан улам өз колу менен, же болбосо факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча арызга башка жаран кол коюшу мүмкүн.";
12) 137-берененин 2-бөлүгүндө "жети" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 142-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактын иши боюнча доогердин, сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган тосмо доо билдирген жоопкердин арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн.";
14) 145-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "чараларын көрүү жөнүндө" деген сөздөр "маселелери боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 148-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "жокко чыгаруу жөнүндө" деген сөздөр "жокко чыгаруу жана жокко чыгаруудан баш тартуу маселелери боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 174-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"174-берене. Ишти маңызы боюнча кароону баштоо
Ишти маңызы боюнча кароо доогерден өз талаптарын колдой тургандыгы, жоопкерден доогердин талаптарын мойнуна алары же албасы жана тараптар ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү же медиация жол-жобосун жүргүзүүнү каалары же каалабасы жөнүндө суроолордон башталат.";
17) 176-берененин 1-бөлүгүндө "Иш баяндалгандан кийин сот" деген. сөздөр "Сот" деген сөзгө алмаштырылсын;
18) 197-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Сот тараптардын макулдугу менен чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Чечимдин резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот чечим жарыяланган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн чечимди түзүүгө милдеттүү.";
19) 214-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"214-берене. Соттун чечиминин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга тапшыруу жана жиберүү
1. Ишке катышуучу жактарга соттун жүйөлөштүрүлгөн чечиминин көчүрмөсү чечим жарыллангандан кийин дароо тапшырылат.
2. Ишке катышуучу, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыялаган учурда, соттун чечиминин көчүрмөсү чечим жарыяланган күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат менен жиберилет (берилет).";
20) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 171-глава менен толукталсын:
"171-глава. Соттук материалдарды кароонун өзгөчөлүктөрү
2141-берене. Соттук материалдар боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу
1. 72, 111, 112, 114, 115, 143, 145, 147, 148, 206, 208-210, 213, 337, 372, 391, 394, 406, 409-412, 415, 418, 423, 429, 438-беренелерде каралган соттук материалдар боюнча арыздарды кароо, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген башка учурларда арыздардын айрым түрлөрүн кароонун эрежелери менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Главада белгиленген өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылат.
2. Соттук материалдар боюнча арыздар алар сотко келип түшкөн күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө каралат.
3. Соттук материалдар боюнча арыздарды кароодо арызды камсыз кылуу чараларын көрүүгө, үчүнчү жактарды тартууга, иш боюнча өндүрүштү токтото турууга жол берилбейт.
2142-берене. Арыздын формасы жана мазмуну
1. Арыз сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.
2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) арыз берилүүчү соттун аталышы;
2) арыз ээси (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, дареги, юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги) жана башка кызыкдар жактар жөнүндө маалыматтар;
3) арыз ээсинин талабы;
4) арыз ээси өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;
5) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.
3. Арызга арыз ээси же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу болгондо анын өкүлү кол коёт.
4. Эгерде жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен, майыптуулугунан, дене бойлук кемчиликтеринен же оорусунан улам өз колу менен, же болбосо факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча арызга башка жаран кол коюшу мүмкүн. Ал жарандын колтамгасы нотариус тарабынан же болбосо ушундай нотариаттык аракетти жасоого укугу бар башка кызмат адамы тарабынан арыз ээсинин арызына өз колу менен кол коё албаган себептерин көрсөтүү менен күбөлөндүрүлүшү керек.";
5. Арыз ошондой эле тийиштүү соттун маалыматтык-телекоммуникациялык интернет түйүнүнүн расмий сайтында жайгашкан форманы толтуруу жолу менен сотко берилиши мүмкүн, ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте электрондук колтамга коюлат.
2143-берене. Арызга тиркелүүчү документтер
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) арыздын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга жөнөткөндүгү жөнүндө далилдер;
2) ишеним кат же арызга кол коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү башка документ;
3) арыз ээси өз талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу документтер.
2144-берене. Арызды кабыл алуу
Арызды соттун өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндөгү маселе арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө соттук териштирүүгө кабыл алуу жана дайындоо тууралуу аныктаманы кабыл алуу менен судьянын жеке өзү тарабынан чечилет.
2145-берене. Арызды кабыл алуудан баш тартуу
1. Сот арызды кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;
2) ошол эле жактын, ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча арызы сот тарабынан мурда каралса.
2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
2146-берене. Арызды кайтарып берүү
1. Сот төмөнкү учурларда арызды кайра кайтарат, эгерде:
1) иш бул сотко караштуу болбосо;
2) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;
3) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө;
4) ушул Кодекстин 2142 жана 2143-беренелеринин талаптары сакталбаса.
2. Арызды кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда иш эгерде бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Арызды кайтарып берүү, аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин, ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
5. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
2147-берене. Өндүрүштү токтотуу жана арызды кароосуз калтыруу
1. Сот арыз боюнча өндүрүштү токтотот, эгерде:
1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жана чечилүүгө тийиш болбосо;
2) ошол эле жактын ошол эле предмети жана ошол эле негиздери боюнча арызы сот тарабынан мурда каралса.
2. Сот арызды кароосуз калтырат, эгерде:
1) арыз кызыкдар жактын атынан кол коюлса же ага кол коюуга жана арызды берүүгө ыйгарым укугу болбогон жак тарабынан берилсе;
2) арыз ээси арызын кайтарып берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылса.";
21) 216-беренеде:
а) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгаруу үчүн ченемдик укуктук актыларды чечмелөө жөнүндө же талап кылынуучу зарыл болгон маалыматты же документтерди алуу үчүн мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына расмий суроо-талап жиберилгенде;";
б) берене төмөнкүдөй редакциядагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) бул иште колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келиши жөнүндө маселедеги анык эместик сот тарабынан табылганда жана мунун себеби боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна суроо-талап жөнөтүлгөндө.";
22) 220-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш-тартыш боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими же доогердин доодон баш тарткандыгына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө, анын ичинде прокурор берген доо боюнча соттун аныктамасы бар болсо;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) талаш-тартыштын предмети же тарабы жок болсо.";
23) 226-берененин 1-бөлүгүндө "бир айлык" деген сөздөр "отуз күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 22-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2311-берене менен толукталсын:
"2311-берене. Кассациялык инстанциядагы сотто протоколдун мазмуну
Кассациялык инстанциянын соттук жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) соттук жыйналыштын датасы жана орду;
2) соттук жыйналышты ачуунун жана жабуунун (баштоонун жана аяктоонун) убактысы;
3) ишти караган соттун аталышы, соттун курамы, соттук жыйналыштын катчысы, ишке катышуучу жактар, ошондой эле соттук жыйналышка катышуучу жактар жана алардын кассациялык даттанууга (сунушка) карата позициясы;
4) иштин аталышы;
5) төрагалык кылуучунун тескемелери жана өзүнчө процесстик акт чыгарбастан жана кеңешүү бөлмөсүнө кетпестен кабыл алынган аныктамалар;
6) соттук актыны кабыл алуу үчүн соттун кетүүсү жөнүндө маалыматтар;
7) соттук актынын резолютивдик бөлүгүн же толук текстин жарыялоо жөнүндө, ошондой эле жүйөлөштүрүлгөн соттук акты менен таанышуу датасы жөнүндө маалымат;
8) протокол түзүлгөн жана ага кол коюлган дата.";
25) 246-берене төмөнкүдөй редакциядагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) соттун чечими боюнча мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнгөн кызматкердин эмгек укуктарын бузган жактын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан талап билдирилсе.";
26) 259-берененин 1-бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) эгерде доо арызынын ушул Кодекстин 257-беренесинде белгиленген формасы жана мазмуну сакталбаса;"
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) эгерде ушул Кодекстин 258-беренесинде каралган документтер ишке катышуучу жактарга жөнөтүлгөндүгүнүн далилдери берилбесе;";
27) 262-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"14) нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыздар боюнча.";
28) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 361-глава менен толукталсын:
"361-глава. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш
3181-берене. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз берүү
1. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну туура эмес деп эсептеген кызыкдар жак бул жөнүндө нотариустун же нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын турган жери боюнча сотко арыз берүүгө укуктуу.
2. Арыз сотко ал арыз ээсине нотариалдык акт, жасалган нотариалдык аракет жөнүндө же нотариалдык аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып эсептелүүчү он күндүк мөөнөттө берилет.
3. Нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арызды кароодо кызыкдар жактардын ортосунда укук тууралуу талаш-тартыштын бар экендигинин аныкталышы бул арызды кароосуз калтырууга алып келет. Мында укук жөнүндө талаш-тартыш сот тарабынан доо өндүрүшүнүн тартибинде каралат.
3182-берене. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же аны жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арызды карап чыгуу
Арыз сот тарабынан арыз ээсинин, талашылып жаткан актыны кабыл алган, нотариалдык аракетти жасаган же нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тарткан нотариустун же башка кызмат адамынын катышуусу менен каралат. Бирок алардын келбей калышы арызды кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3183-берене. Нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти же аны жасоодон баш тартууну талашуу жөнүндө арыз боюнча соттун чечими
Арызды кароонун натыйжалары менен сот төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануу жөнүндө же болбосо нотариустун актысын, жасалган нотариалдык аракетти мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө;
2) нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануу жана нотариусту нотариалдык аракетти жасоого милдеттендирүү же болбосо нотариалдык аракетти жасоодон баш тартууну мыйзамсыз деп таануудан баш тартуу жөнүндө.";
29) 329-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) эгерде иш апелляциялык тартипте каралса."
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, апелляциялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурду кошпогондо, даттанууну кайра кайтаруу жөнүндө соттун аныктамасына кассациялык даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.";
30) 331-берененин 1-бөлүгү расмий тилдеги текстте төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Лицо, подавшее апелляционную жалобу (представление), вправе отказаться от нее до вынесения решения судом. Вышестоящий прокурор вправе отозвать представление до вынесения решения судом.";
31) 343-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Апелляциялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоодо сот ал жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук акты түзүүгө милдеттүү.
Апелляциялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.
Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кабардар кылуу менен кат аркылуу жиберилет (берилет).";
32) 353-берененин 2-бөлүгүндө "бир айлык" деген сөздөр "отуз күндүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 357-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөлөрү жиберилгендиги жөнүндө далилдер тиркелбесе;
7) эгерде иш кассациялык тартипте каралган болсо.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.";
34) 360-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
35) 361-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
36) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3611-берене менен толукталсын:
"3611-берене. Соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароонун тартиби
1. Ушул Кодекстин 39-главасында белгиленген тартипте кабыл алынган биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароо иш боюнча оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөр менен ушул Бөлүмдүн эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Кассациялык инстанциялардагы сот биринчи жана (же) апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамаларына даттанууларды (сунуштамаларды) даттануу өндүрүшкө кабыл алынган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин карайт, ал жөнүндө ишке катышуучу жактарга кабарлайт. Бул мөөнөт даттанууга (сунуштамага) каршы пикирлерин сотко келтирүү үчүн ишке катышуучу жактарга берилет. Даттанууга (сунуштамага) карата каршы пикирдин жоктугу аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу, доону (арызды) кароосуз калтыруу жөнүндө биринчи жана (же) апелляциялык инстанциялардагы соттун аныктамаларын кайрадан кароо жалпы тартипте жүргүзүлөт.";
37) 369-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кассациялык инстанциядагы сот кабыл алынган соттук актынын резолюциялык бөлүгүн жарыялоого укуктуу. Соттук актынын резолюциялык бөлүгүн чыгарууда сот ал жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен жүйөлөштүрүлгөн соттук актыны түзүүгө милдеттүү.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кассациялык инстанциядагы соттук жыйналышка катышуучу жактарга жүйөлөштүрүлгөн соттук актынын көчүрмөсү аны жарыялангандан кийин дароо тапшырылат.
Ишке катышкан, бирок соттук жыйналышка катышпаган жактарга, ошондой эле сот тарабынан соттук актынын резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурда, соттун актысынын көчүрмөсү акт жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирилбестен, тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирүүчү менен кат аркылуу жиберилет (берилет).";
38) 375-берененин 1-бөлүгүндө "жана кассациялык" деген сөздөр алып салынсын;
39) 378-берененин биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө арызды же сунуштаманы сот ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө соттук жыйналышта карайт.";
40) 385-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) нотариустун актыларын, жасалган нотариалдык аракеттерди же аларды жасоодон баш тартууну же талашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын башка органы тарабынан арыз берилсе.";
41) 44-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 411-берененин экинчи абзацында "арыз сот тарабынан ал сотко келип түшкөн күндөн баштап он күндүк" деген сөздөр "сот тарабынан ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
43) 413-берененин 1-бөлүгүндө "ал сотко келип түшкөн күндөн баштап бир айлык" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
44) 420-берененин 1-бөлүгүндө "ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
45) 425-берененин 1-бөлүгүндө "ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу мөөнөтүн камтуу менен, арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айлык" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 431-беренеде ", ишти соттук териштирүүгө даярдоо жана аныктама чыгаруу үчүн мөөнөттү кошкондо арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган" деген сөздөр "ушул Кодекстин 2141-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 30 (3479) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 9-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |