Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 17-марты № 60
"Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) экинчи, үчүнчү жана бешинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак.";
в) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси.";
г) онунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат.";
2) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери
Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт.
Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында кызматкерлер үчүн ушул Мыйзамда каралгандан башка кыйла жагымдуу шарттарды белгилеген эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин эрежелери кабыл алынат.";
3) 3-статьяда "(бирликтер, ассоциациялар)" деген сөздөр алып салынсын;
4) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери
Социалдык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негизги принциптерде түзүлөт.
Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) үч жактуулук (республикалык деңгээлде, тармактын жана кесиптин деңгээлинде кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык диалогго мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттүү катышуусу);
2) социалдык өнөктөштүктү Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында жана сунуштамаларында бекитилген эл аралык эмгек стандарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө жана ишке ашырууга багыттоо;
3) социалдык өнөктөштөрдүн өз алдынчалыгы, анын ичинде өзүн-өзү уюштуруунун формаларын жана тартибин тандоонун, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү шайлоонун, ошондой эле аталган жол-жоболорго мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн өз алдынчалыгы;
4) социалдык өнөктөштөрдүн теңдиги жана макулдашуулардын ыктыярдуу мүнөзү;
5) социалдык өнөктөштөрдүн ак ниеттүүлүгү, анын ичинде бири-биринин сүйлөшүү позициясын бузууга жана баркын түшүрүүгө жол берилбестик, социалдык диалогдун тараптарынын толук өз ара маалымдалышы, коом же бардык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон маселелердин ачык-айкындуулугу, социалдык өнөктөштөрдүн аракеттеринин алардын билдирген максаттарына шайкештиги, сүйлөшүүлөрдү баштоодон, улантуудан же консенсуска жетишилген шарттарда макулдашуу түзүүдөн качууга, этибар албоого жана/же баш тартууга жол берилбестик, социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашууларды түзүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектөөгө жол берилбестик;
6) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштөрдүн ишинин ачык-айкындуулугу, республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган макулдашуулардын тексттерин, кол коюлган макулдашуулардын ишке кириши менен кызматкерлерди камтуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгү;
7) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде макулдашууларды түзүүдө колдонуудагы эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу социалдык-эмгек стандарттарын колдоонун же жогорулатуунун артыкчылыгы;
8) макулдашуулардын аткарылышынын милдеттүүлүгү жана кабыл алынган милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартууга жол берилбестик, макулдашууларды бузгандарга карата социалдык өнөктөштөрдүн таасир этүү чараларынын шайкештиги жана адекваттуулугу;
9) бардык деңгээлдердеги социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүүчү адамдарга карата басмырлоого жана зомбулукка жол берилбестик;
10) иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги;
11) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк жана социалдык диалог үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мамлекеттин жоопкерчилиги.";
5) 5-статьянын төртүнчү абзацында "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Социалдык өнөктөштүктүн иштөө негиздери
Социалдык өнөктөштүк төмөнкүлөрдүн негизинде иштейт:
- социалдык өнөктөштүктүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр;
- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү, социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.";
7) 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Социалдык өнөктөштүктү республикалык деңгээлде уюштуруу
Республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүк туруктуу иштөөчү орган болуп саналган жана тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнөн, кесиптик бирликтер бирикмелеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн бириктирүүчү иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Республикалык үч тараптуу комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
8) 9-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- социалдык-эмгек маселелери жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;";
б) экинчи бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктүн акттарын аткарбаган уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;";
в) үчүнчү бөлүктө "Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "комиссия жөнүндө жободо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 10-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тармактык комиссиялардын иши комиссиялар тарабынан бекитилген бул комиссиялар жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат.";
10) 13 жана 15-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Макулдашуулардын түрлөрү
Жөнгө салынуучу социалдык-эмгек мамилелери чөйрөсүнө жараша эмгек мыйзамдарына ылайык башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана башка макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.";
12) 18-статьянын төртүнчү-он биринчи бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 19, 20, 23, 24 жана 25-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 27-статьянын биринчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 28-статьяда "мыйзамдарында" деген сөз "эмгек мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 2-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |