Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-апрели № 90
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндары - Азиянын олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппаратында жана көрүү органдарында жабыркоосу бар майып спортчулардын арасында ар бир 4 жылда өткөрүлүүчү спорттук мелдештер;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар - Эл аралык олимпиадалык жана паралимпиадалык комитеттин калкасы астында 4 жылда бир өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер;
спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттар - атлеттер арасында 4 жылда бир же жылына 1 жолудан көп эмес өткөрүлүүчү ири эл аралык ' мелдештер;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиада жана Паралимпиада оюндарында, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн белгилүү бир спорттун түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоочу окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик кылуучу адам;
биринчи машыктыруучу - чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен, баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу, спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен адам.";
2) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 6-статьяда:
а) статьянын аталышында "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- дене тарбия жана спорт жаатында жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиги үчүн бир жолку акчалай сыйлык түрүндөгү мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн аныктайт;";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Бир жолку акчалай сый акыларды төлөө өлчөмү Олимпиада, Паралимпиада, Азия жана Азиянын паралимпиадалык оюндарына, дүйнөнүн жана Азиянын чемпионаттарына спортчулардын катышуусу башталганга чейин 1 жыл мурун аныкталат. Мында, чемпиондор жана байге ээлери үчүн сый акылардын суммалары, ошондой эле машыктыруучулар (курама команданын башкы машыктыруучусу, курама команданын улук машыктыруучусу, жеке машыктыруучу, биринчи машыктыруучу) жана врачтар үчүн бөлүштүрүлүүчү сый акылардын суммалары жана аларды бөлүштүрүү пайыздары буга чейин төлөнүп берилген бир жолку акчалай сый акылардын суммасынан кем эмес белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актылары аркылуу башка орундар үчүн бир жолку акчалай сый акылардын мамлекеттик төлөмдөрүн белгилөөгө укуктуу.";
4) 7-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 14-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 19-статьяда:
а) төртүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 22-статьянын экинчи жана жетинчи бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 23-статьяда:
а) экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) III главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "III глава. Дене тарбия жана спорт менен машыгуучу адамдардын укуктары жана милдеттери, аларга мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык кепилдиктер жана аларды коргоо";
12) 25-статьянын экинчи, төртүнчү жана жетинчи бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 31-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 42-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 1-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |