Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 19-апрели № 92
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-пунктунда "бир айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
2) 55-берененин 2-бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги текстте "борбордук трибунадагы" деген сөздөр алып салынсын;
б) расмий тилдеги текстте "представителя ответственного комитета с центральной трибуны" деген сөздөр "председателя ответственного комитета" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 56-берененин 1-бөлүгүндө "жооптуу комитеттин өкүлүнүн борбордук трибунадагы" деген сөздөр "жооптуу комитеттин төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 65-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:
"61. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишим Конституцияга шайкеш келеби деген маселеде айкын эместиктер табылган учурда, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында көрсөтүлгөн субъекттер конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте Конституциялык соттун корутундусун алууга кайрылууга укуктуу.";
5) 83-берененин 1-бөлүгү:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) электрондук тутумду пайдалануу менен ачык добуш берүүнүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн;";
6) 84-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Төрагалык кылуучу катталган депутаттардын санын жарыялайт жана мыйзам долбоорун добуш берүүгө коет.";
б) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 159-берененин 1-бөлүгүндө "фракциянын лидеринин, депутаттык топтун жетекчисинин сунушу боюнча фракция, депутаттык топ" деген сөздөр "тиешелүү фракциянын лидери же тиешелүү депутаттык топтун жетекчиси менен макулдашуу боюнча Төрага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 163-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ушул Мыйзамдын 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары, 90-беренесинин 2-бөлүгү 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11 жана 31-пункттары 2022-жылдын 16-ноябрынан тартып күчүнө кирет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 16-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |