Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-апрели № 93
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) бешинчи бөлүктө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы бөлүктө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандык жана эмгек мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он сегизинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "ченемдик укуктук актылар тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-статьянын төртүнчү абзацында "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьянын биринчи бөлүгүндө "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-статьяда:
а) 1-бөлүктүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга;";
б) 2-бөлүктө:
- бешинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 81-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- экинчи, он биринчи жана он үчүнчү абзацтарда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он экинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн төртүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- жетинчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 11-статьяда "колдонуудагы мыйзамдарга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 12-статьяда "башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Каада-салттык (көмүүгө) пособиени төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
11) 17-статьяда "башка ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 22-статьянын 3-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) үчүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 23-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 24-статьяда:
а) 3-бөлүктө "мыйзамдарга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктөгү "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 241-статьянын биринчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 25-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 26-статьянын 3-бөлүгүндө "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка мыйзам актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 271-статья менен толукталсын:
"271-статья. Социалдык камсыздандыруу органдарынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн социалдык камсыздандыруу органдарына документтерди жана маалыматтарды кагаз жана электрондук түрдө берүүнү, анын ичинде маалыматтар базасынан берүүнү ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды берүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен акы төлөнбөгөн негизде жүзөгө ашырат.";
19) 28-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат.".
2-берене
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-статьянын 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-статьяда:
а) 2-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункттун үчүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 8-статьянын 4-пунктунун он төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-статьяда:
а) 2-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-пункттун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 91-статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 12-статьяда:
а) 1-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоюлган, кайра түзүлгөн учурда өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсияга укугу бар адамдарга пенсияларды төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык Социалдык фонддун органдары тарабынан жүргүзүлөт.";
7) 121-статьянын 2-пунктунун төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 141-статьянын үчүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 16-статьянын 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 22-статьяда:
а) 3-1-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-пункттун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 23-статьянын тогузунчу бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 24-статьянын 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 29-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 31-статьянын экинчи бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 32-статьяда:
а) 11-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пунктта "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 33-статьянын 2 жана 3-пункттарында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 34-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасында "мыйзамдарына" деген сөз "жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 36-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бешинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда "башка ченемдик укук актылары" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 21-статьяда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктүн 15-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 8-статьяда:
а) биринчи бөлүк "жөнүндө маалыматтар" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи бөлүк "катары катталган" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
в) үчүнчү бөлүк "катталган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Камсыздандырылган адам жана иш берүүчү тарабынан берилүүчү камсыздандырылган адамдар жөнүндө маалыматтар
Ишке кирип жаткан камсыздандырылган адам иш берүүчүгө идентификациялык жеке номеринин бар экендигин ырастаган документ көрсөтүүгө милдеттүү. Мында ишке кирип жаткан же жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим түзүп жаткан адам иш берүүчүгө каттоо үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды берет.
Ишкана жоюлган учурда иш берүүчү жоюлуу фактысын ырастоочу документтер менен катар Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан камсыздандырылган ар бир кызматкерге карата маалыматтарды, жумуштуулук жана эмгек акы жөнүндө билдирүү түрүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берүүгө милдеттүү.";
8) 10 жана 101-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 11-статьяда:
а) 1-бөлүк "катталган жердеги" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "Социалдык фондго" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "социалдык жактан коргоо күбөлүгүн алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына кайрылууга," деген сөздөр алып салынсын;
б) экинчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 14-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) экинчи жана үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төртүнчү абзацта "ошондой эле социалдык жактан коргоо күбөлүгү жоголгон" деген сөздөр алып салынсын;
12) 15-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү үчүн камсыздандырылган адамдарды жумушка кабыл алууда жеке идентификациялык номерин көрсөтүүнү жана ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген маалыматтарды берүүнү талап кылууга;";
б) экинчи бөлүктө:
- экинчи абзацта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына" деген сөздөр "камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзацта "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна" деген сөздөр алып салынсын;
13) 16-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө:
- бешинчи абзацта "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он экинчи абзацта "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууну;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү боюнча талаптарды коюу үчүн 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык жана айып санкцияларын кошуп эсептөөнү;";
2) 3-статьяда:
а) биринчи бөлүктө:
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана укук коргоо органдарына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптары бузулгандыгы жөнүндө маалыматты жана материалдарды берүүгө;";
- он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фонддорду, ошондой эле өнүктүрүү фонддорун түзүүгө. Резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат;";
- жыйырма биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын жөнгө салуу жана жеке маалыматтар менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде башка жеке маалымат кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды суратууга, алууга, иштеп чыгууга жана берүүгө, анын ичинде түздөн-түз мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында гана жеке маалымат субъектинин макулдугусуз;";
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар, айыптар жана башка финансылык санкциялар боюнча карыздардын суммаларын төлөөчүдөн өндүрүү жөнүндө маалыматты камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;";
3) 4 жана 5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун жана Социалдык фонддун каражаттары
1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттары иш берүүчүлөрдүн жана жарандардын милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.
2. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүдөй киреше булактарынын эсебинен түзүлөт:
- пенсиялык топтоолорду кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун каражаттарынан;
- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондуна түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүн жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык кирешелерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөрдүн, иштеген жарандардын жана башка адамдардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган республикалык бюджеттен ассигнованиелерден;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук которбогондугу үчүн туумдардан, айыптардан жана пайыздардан;
- регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттардан;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөр которгон каражаттардан;
- жоюлуп жаткан ишканалардын кызматкерлерине пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалардан;
- Социалдык фондго таандык ишканалардын акциялары боюнча дивиденддерден;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлүк жарандардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Социалдык фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешелерден;
- Социалдык фондго таандык, анын ичинде ыкчам башкаруу укугундагы мүлктү сатуудан жана ижарага берүүдөн алынган кирешелерден, толук көлөмдө;
- акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерден;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
3. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөрдү каржылоого жумшалат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөнү;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөнү;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууну;
- камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды;
- Социалдык фонддун учурдагы ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну;
- резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фонддорун.
4. Социалдык фондго түшкөн каражаттарды каржылануучу фонддор боюнча бөлүштүрүү Социалдык фонддун учурдагы ишинин чыгымдарын, пенсияларды жеткирүү жана төлөө чыгымдарын каржылоого жиберилүүчү суммаларды алып салгандан кийин жүзөгө ашырылат. Социалдык фонддун учурдагы ишинин чыгымдары жыл сайын түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен каржыланат жана алардын жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпоого тийиш. Почталык байланыш уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет, банк уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн чыгымдардын ченемдери мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет.
5-статья. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулугу
1. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ. Ушул мыйзамда белгиленген Социалдык фонддун өздүк киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат.
2. Социалдык фонддун бюджеттик системасын Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чындоо фондунун бюджеттери түзөт.
3. Эсептик мезгил финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын аралыгында, пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчёттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар бүткөрүлөт.
4. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору жыл сайын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгат.
5. Социалдык фонддун бюджетинин жана анын аткарылышы жөнүндө отчётунун долбоорлору Байкоочу кеңеш менен макулдашылат.
6. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышынын аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт.
7. Социалдык фонддун бекитилген бюджетинин аткарылуу процессине башка органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
8. Ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында финансылык отчётторду жарыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчётторунун түзүмү, даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет.";
4) 9-статьяда:
а) үчүнчү бөлүктүн он төртүнчү абзацында "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) он экинчи бөлүктүн тогузунчу абзацында "(мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу башчыларынын макулдугусуз)" деген сөздөр алып салынсын;
в) он үчүнчү бөлүктө "мыйзамдарына" деген сөз "эмгек мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу органдардын маалымат базаларынан Социалдык фондго маалыматтарды берүү акысыз жүзөгө ашырылат.".
5-берене
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 4 жана 12-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 9-бөлүктүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 13-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Депозитарий - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык депозитарийлик ишти жана инвестициялык фонддордун, пайлык инвестициялык фонддордун жана топтолуучу пенсиялык фонддордун депозитарийинин ишин жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиясы бар юридикалык жак.";
2) 4-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү алууга;";
- 5-пунктта "мыйзамдарына" деген сөз "жарандык мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 3 жана 7-пункттарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4 жана 5-пункттарда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктүн 5-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 9-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-берененин 1-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 12-беренеде:
а) 3 жана 14-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 13-бөлүктүн 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 5, 8 жана 10-пункттарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 13-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 14-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 16-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6 жана 9-пункттарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 17-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 18-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 19-берененин 4 жана 7-бөлүктөрүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 21-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 22-беренеде:
а) 1-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 8-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" жана "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 23-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги № 35-36 (3484-3485) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 15-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |