Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-майы № 99
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Финансы пирамидасын түзүү, башкача айтканда, финансы пирамидасынын түзүмү боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жолу менен жарандардын тартылган ушул акча каражаттарынын, активдеринин жана мүлктөрүнүн эсебинен пайда алуу системасын түзүү, ошого тете финансы пирамидасын уюштуруу же жетектөө, эгерде бул ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолсо, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-ресурстарын пайдалануу аркылуу, ири өлчөмдөгү зыян келтирүү менен коштолгон финансы пирамидасын ачык жарнамалоо, -
1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 5-апрелинде
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |