Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-майы № 96
2023-жылдын 21-мартында Москва шаарында кол коюлган Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия өнүктүрүү банкынын төлөнгөн уставдык капиталындагы Россия Федерациясынын үлүшүнүн бөлүгүн сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 21-мартында Москва шаарында кол коюлган Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Евразия өнүктүрүү банкынын төлөнгөн уставдык капиталындагы Россия Федерациясынын үлүшүнүн бөлүгүн сатып алуу-сатуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 27-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |