Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 13-майы № 100
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-берененин экинчи бөлүгүндө "6 айдан" деген сөздөр "3 айдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 3-беренеде:
а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштуруу боюнча өз ишин мыйзамдуулук, калыстык жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттерине келип түшкөн жарандардын жана юридикалык жактардын алгачкы текшерүү органдарына жана тергөөчүлөргө карата даттануулары, кайрылуулары тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 6-апрелинде
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынг |