Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 30-марты № 76
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "70-статьясынын 1-пунктуна" деген сөздөр "76-беренесинин 1-бөлүгүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 82-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдө "турмушка ашырылышына" деген сөздөр "аткарылышына" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) расмий тилдеги текстте 3-статьянын биринчи бөлүгүндө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 4-статьянын биринчи бөлүгүндө "турмушка ашырууну" деген сөздөр "аткарууну" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 5-статьянын экинчи бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси менен макулдашуу боюнча жумушчу топко Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери киргизилиши мүмкүн.";
6) расмий тилдеги текстте 6-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "по претворению в жизнь" деген сөздөр "исполнению" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) 7-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "турмушка ашырылышын" деген сөздөр "аткарылышын" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) расмий тилдеги тексттеги 8-статьяда "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) 10-статьянын биринчи бөлүгүндө "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" жана "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Укук бузуулар жөнүндө" жана "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө "административдик" деген сөз алып салынсын;
11) расмий тилдеги тексттеги 15-статьяда "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) расмий тилдеги текстте 16-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "проведения в жизнь" деген сөздөр "исполнения" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүктө "проведением в жизнь" деген сөздөр "исполнением" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 521-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын төртүнчү абзацында "Өкмөтү" жана "Жогорку сотунун Конституциялык палатасы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Министрлер Кабинети" жана "Конституциялык соту" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-статьяда:
а) биринчи бөлүктүн төртүнчү абзацында "Премьер-министринин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |