Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 11-майы № 98
2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банкка) кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 16-майындагы № 39 (3488) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 6-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |