КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-майы № 112
2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Төртүнчү протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 19-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |