Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-майы № 109
2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө мальдив тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2023-жылдын 2-июнундагы № 44 (3493) “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 3-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |