Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 6-июну № 117
Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети жана максаты
1. Ушул Мыйзам жеке жактардын активдерин легалдаштырууга, анын ичинде салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөстөн легалдаштырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, жеке жактарга таандык, анын ичинде башка жактарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан, атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу; Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүү; көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу; активдердин сакталышын жана ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоо киргизилгенге чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоону кепилдөөнү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Ушул Мыйзам чет мамлекеттин аймагында кылмыштардын же укук бузууларды жасоонун натыйжасында алынган жана өндүрүлгөн жана соттун чечимдеринин негизинде ушундай деп таанылган активдерди легалдаштырууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбайт.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) активдер - атайын декларацияны тапшырган күнгө карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган, 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон мүлк жана мүлктүк укуктар (анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, банк эсептериндеги акчалай каражаттар, Кыргыз Республикасындагы жана/же анын чегинен сырттагы накталай акча каражаттары, баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, Кыргыз Республикасындагы коммерциялык уюмдардын жана/же чет өлкөлүк уюмдардын уставдык капиталындагы жана мүлкүндөгү катышуу үлүштөрү (пайлары);
2) декларациялоо объекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте декларантка мурда таризделбеген жана/же декларацияланбаган жана/же башка жакка таризделген, ошондой эле декларациялоо субъекти тарабынан бул мүлккө укуктарды сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн, сатып алуунун иш жүзүндө төлөнгөн (чыныгы) наркынан айырмаланган нарк боюнча таризделген Кыргыз Республикасынын аймагында жана/же анын чегинен сыртта жайгашкан декларациялоо субъектине таандык болгон активдер;
3) декларациялоо субъекттери - Кыргыз Республикасынын жарандары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгы бар, бирок Кыргыз Республикасынын жарандыгынан баш тартпагандар, Кыргыз Республикасында жашап туруу мүмкүнчүлүгү бар адамдар, кайрылмандар;
4) декларант - ушул Мыйзамда аныкталган тартипте атайын декларацияны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылган декларациялоо субъекти;
5) атайын декларация - жеке катар номери бар жана декларант тарабынан өзүнө таандык болгон активдерди жана акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун декларациялоо фактысын ырастаган так отчеттуулуктагы документ;
6) активдерди декларациялоо - декларанттын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан атайын декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү жолу менен активдерди ыктыярдуу декларациялоого байланышкан иш-аракеттери;
7) ыйгарым укуктуу кызмат адамдары - Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын мамлекеттик нотариустары жана Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары, жеке жактын активдери жөнүндө атайын декларацияны ушул Мыйзамда каралган тартипте күбөлөндүрүүчү нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин жана башка мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдары;
8) декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, бул мезгилдин ичинде жеке жактар ыйгарым укуктуу кызмат адамына декларациялоого кайрыла алат;
9) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү жана өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган реестр: кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо датасын, декларанттын жеке маалыматтарын, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациянын бузулганы же жоголгону жөнүндө маалыматты;
10) декларациялык босого - кирешелердин жана мүлктүн наркынын 100000000 сомдон ашкан жалпы суммасы;
11) декларациялык төлөм - декларациялык босогодон ашкан суммага карабастан, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери тарабынан бир убакта төлөнүүчү 1000000 сом;
12) активдердин номиналдык ээси - активдердин иш жүзүндөгү ээсинин кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин менчик ээсинин (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашыруучу жак;
13) активдердин иш жүзүндөгү ээси - декларант, анын кызыкчылыгында жана/же анын тапшырмасы боюнча активдердин номиналдык ээси активдердин менчик ээсинин (ээсинин) укуктарын жүзөгө ашырат.
2. Ушул Мыйзамда пайдаланылган Кыргыз Республикасынын жарандык, салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган мааниде колдонулат.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон декларациялоо объекттерине (активдерге) жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелерине жана санкциялык тизмектерге киргизилген адамдарга жайылтылбайт.
3. Ушул Мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдө чектелген же жүгүртүүдөн алынган;
2) ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурда Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде аларды камакка алуу жана конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими бар болгон, ошондой эле кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн предмети болуп саналган активдерге карата.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.
4-берене. Активдерди декларациялоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
1. Декларациялоонун субъектиси 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон, атайын декларацияны күбөлөндүрүү датасына карата менчик ээси же иш жүзүндөгү ээси декларант болуп саналган активдерди декларациялоо үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта жүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылууга укуктуу.
2. Суммасы ушул Мыйзамда белгиленген декларациялык босогодон ашпаган активдерди декларациялоодо декларациялык төлөм алынбайт. Мындай учурда декларант Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан нотариалдык аракеттин ушул түрүн аткаргандыгы үчүн белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алымды гана төлөйт.
3. Декларациялык босогодон ашкан суммага активдерди декларациялоодо декларациялоо субъекти төмөнкүлөрдү төлөйт:
1) нотариалдык аракеттердин ушул түрүн жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө мамлекеттик алымды;
2) аккумуляциялык эсепке которулуучу жана республикалык бюджеттин кирешесине которулуучу декларациялык төлөмдү.
4. Декларациялануучу активдердин наркы декларациялоо субъекти тарабынан өз алдынча аныкталат жана анын иш жүзүндөгү наркына шайкеш келүү предмети текшерилбейт.
5. Активдерди декларациялоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) декларациялоо субъекти ушул Мыйзамдын 5-беренесинде белгиленген мөөнөттө өзүнүн активдерин декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрылат;
2) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларант кайрылган учурда ага атайын декларацияны берет жана аны толтуруу тартибин түшүндүрөт;
3) декларациялоо субъекти атайын декларацияны бир нускада толтурат жана аны күбөлөндүрүү үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына инсандыгын ырастоочу документти, ошондой эле мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен берет. Эгерде активдердин наркы декларациялык босогодон ашып кетсе, декларант атайын декларацияга декларациялык төлөм төлөнгөндүгүн ырастоочу документти кошумча тиркейт;
4) ыйгарым укуктуу кызмат адамы декларациялоо субъектинин катышуусунда:
а) декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи менен анын атайын декларацияда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарынын шайкештигин текшерет;
б) атайын декларациядагы анын колтамгасынын аныктыгын ырастайт;
в) Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине атайын декларациянын жеке катар номерин, толтурулган датасын жана декларанттын жеке маалыматтарын киргизет;
г) атайын декларациядагы декларанттын колтамгасын өзүнүн колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрөт жана аны декларантка тапшырат.
Атайын декларация декларантта сакталат.
6. Декларант атайын декларацияны алган күнү ыйгарым укуктуу кызмат адамына көчүрмөлөрдү калтырбастан, атайын декларацияны күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу кызмат адамынан анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алууга да укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы төмөнкү учурларда атайын декларацияны күбөлөндүрүүдөн баш тартууга укуктуу:
1) инсандыгын ырастоочу документ көрсөтүлбөгөндө;
2) мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ берилбегенде;
3) декларанттын атайын декларациядагы жеке маалыматтары анын инсандыгын ырастоочу документи менен шайкеш келбегенде;
4) ушул беренеде каралган учурда декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ берилбегенде;
5) эгерде декларант изделип жаткан адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде жана санкциялык тизмектерге киргизилсе;
6) аларга карата ушул Мыйзам колдонулбаган активдер аныкталса.
8. Атайын декларацияда камтылган активдер жөнүндө маалыматтар Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрине киргизилбейт. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы, башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан атайын декларациядан көчүрмөлөрдү жасоого тыюу салынат.
9. Күбөлөндүрүлгөн атайын декларация жоголгон же бузулган учурда декларант ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жаңы атайын декларацияны толтурууга жана декларациялоо мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу кызмат адамына берүүгө укуктуу. Бузулган атайын декларация Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан декларанттын катышуусунда жок кылынат.
10. Атайын декларациянын формасы, ошондой эле Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестрин жүргүзүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
11. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракет Активдер жөнүндө атайын декларациялардын реестринде гана катталат.
12. Ушул Мыйзам колдонулган мезгилде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чегинде декларациялоонун катышуучуларынын кабардар болуусун жогорулатуу жана ушул Мыйзамды өз убагында ишке ашыруу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшөт.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Активдерди декларациялоонун мөөнөтү
Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү болуп 2023-жылдын 9-июнунан тартып 2024-жылдын 31-декабрын кошо алган мезгил аралыгы саналат.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Ушул Мыйзам менен берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер
1. Мамлекет өзүнүн мүлктүк абалын жана кирешелерин ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жеке жактар (жеке ишкерлердин декларацияларын кошпогондо) тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген бардык декларациялардын (кагаз жана электрондук түрлөрүн) расмий түрдө жок кылынышын кепилдейт.
Декларацияларды жок кылуу ал боюнча эсептелген салыктык милдеттенмелерди жокко чыгарбайт. Декларацияларды жок кылуунун мөөнөтү - ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 60 календардык күндүн ичинде. Салыктык органдар сальдо боюнча маалыматтарды ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде салыктар боюнча жазат.
Жок кылуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
Бирдиктүү салык декларацияларын жок кылууга байланыштуу, мурда декларацияланган активдер декларациялоо субъектисинин ыктыяры боюнча атайын декларацияга киргизилиши мүмкүн.
2. Декларациялоо жол-жобосун жүргүзүү мезгилинде укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан декларантка жана/же активдердин номиналдык ээлерине карата активдерди сатып алуу, пайдалануу же тескөө маселелери боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
3. Декларант активдерди декларациялоо жүргүзүлгөндөн кийин 2025-жылдын 31-январына чейин активдердин номиналдык ээлеринен өзүнө карата менчик укугун кайра тариздөөгө милдеттүү. Кайра тариздөө салыктарды төлөбөстөн жүргүзүлөт.
Активдерди декларантка кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык декларациялануучу мүлктү менчикке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Активдерди декларациялоо, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар кылмыш ишин козгоо, укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш, тартиптик өндүрүш, декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата салыктык, бажылык жана башка төлөмдөрдү эсептөө үчүн негиз катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.
5. Декларанттар, ошондой эле активдердин номиналдык ээлери төмөнкүлөрдөн бошотулат:
1) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же болбосо тескөөдө алар терроризм жана экстремизм, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо, адам сатууну, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүнү, курал-жарак сатууну жүзөгө ашыруудан түшкөн киреше табуу учурларын, ошондой эле инсанга жана жеке менчикке каршы кылмыштарды жасоону кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган жосундарды жасаса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен;
2) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же тескөөдө алар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузууларды жасаса, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен;
3) эгерде атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алууда, пайдаланууда же тескөөдө алар тартип жоопкерчилигине алып келүүчү мыйзамдарды бузса, эмгек жана башка мыйзамдарда каралган тартип жоопкерчилигинен;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салык, бажы жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн, ошондой эле эгерде бул бузуулар атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди сатып алуу, пайдалануу же болбосо тескөөгө байланышкан шартта, тиешелүү укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен.
6. Активдерди декларациялоо фактысы, ошондой эле атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларант жана/же активдердин номиналдык ээси катышкан кылмыш-жаза ишинин, укук бузуулар жөнүндө иштин алкагында далил катары пайдаланылбайт.
7. Декларант активдерди декларациялоодо өзүнүн активдеринин келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат берүү милдетинен бошотулат.
Бардык мамлекеттик органдар үчүн декларант тарабынан берилген атайын декларация атайын декларацияда көрсөтүлгөн активдерди декларациялоо фактысын ырастоочу документ болуп саналат.
8. Декларант жөнүндө маалымдар жана атайын декларацияда камтылган маалыматтар декларанттын жашыруун сыры деп таанылат жана ачыкка чыгарылууга тийиш эмес. Атайын декларацияда камтылган маалыматты декларанттын ыктыярдуу эркин билдирүүсү боюнча гана ачыкка чыгарууга мүмкүн.
9. Эгерде декларациялоо датасына карата декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата декларацияланып жаткан активдерди сатып алуунун, пайдалануунун же тескөөнүн мыйзамдуулугуна тиешелүү кылмыш-жаза же жарандык сот өндүрүшү жүргүзүлбөсө, ушул берене менен белгиленген кепилдиктер колдонулат.
10. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер декларантка жана/же активдердин номиналдык ээсине карата өзүнүн активдери ушул Мыйзамда каралган тартипте алар тарабынан декларацияланган күндөн тартып колдонулат.
11. Ушул Мыйзамга каршы келген мыйзамдардын ченемдерин декларациялоо субъектисине каршы колдонууга тыюу салынат. Ушул Мыйзамда белгиленген кепилдиктер кайра каралууга тийиш эмес.
(КР 2024-жылдын 18-июнундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Мамлекеттик кепилдиктерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик кепилдиктерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жана/же башка жоопкерчилик тартат.
8-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чечимдерди кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жана ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каражаттарды карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 4-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |