Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 12-июну № 118
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
397-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, адвокаттарга, прокурорго, жабырлануучуга, анын мыйзамдуу өкүлүнө, өкүлүнө жана адвокатына, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын № 48 (3497) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 3-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |