Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-июну № 124
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында орус тилинде окутуучу биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
С.Н. Жапаров |
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики | 1 июня 2023 года
|