Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 22-июну № 125
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "мамилелерди жөнгө салат," деген сөздөрдөн кийин "көрсөтүлгөн маркалоого ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 11-беренеде:
а) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"даярдоочу - өз атынан продукция өндүрүүнү же аны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу юридикалык же жеке ишкер катары катталган жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу;";
б) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сатуучу - сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишими боюнча товарларды сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан уюм, жеке ишкер жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жаран (жеке жак);";
в) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар;";
г) он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан табылган бузууларды четтетүү боюнча эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуулар кайрадан табылган учурда табылган бузууларды четтетүү жөнүндө монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан жазма эскертүү чыгарылат, аны аткаруу милдеттүү мүнөзгө ээ болот.";
4) 4-беренеде:
а) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, эрежелердин жыйындысында жана келишимдердин шарттарында товардын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптар жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына карата талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды өткөрүп берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.";
б) 6-пункттун биринчи абзацында "мыйзамдарында" деген сөз "жарандык мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 5-беренеде:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Даярдоочу (аткаруучу) узак пайдаланылуучу товардын (иштин), анын ичинде белгилүү мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч келтирүү, анын мүлкүнө же курчаган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын (тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
б) 4-пунктта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 6-берененин 4-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 9-берененин 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"эгерде аларды белгилөө Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринде каралган болсо, товарлардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстары тууралуу, ошондой эле имараттардын, курулмалардын энергетикалык натыйжалуулугунун имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайыктуулугу тууралуу маалыматтарды;";
8) 12-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамда же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.";
9) 16-берененин 5-пунктунун биринчи абзацында "чыгарууга укуктуу" деген сөздөр "кабыл алат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 17-берененин 1-пунктунун сегизинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 18-берененин 2-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 19-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 24-берененин 1-пунктунун төртүнчү абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 25-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 27-берененин он бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 47-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 48-беренеде "Мыйзам" деген сөз "жарандык мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 481-берененин 1-пунктунун экинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 49-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
20) 50 жана 51-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"50-берене. Мамлекеттик органдарга маалыматтарды берүү боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдети
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) монополияга каршы мамлекеттик органдын, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча, ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдардын жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон, ушул Мыйзамдын 8-10-беренелеринде каралган контролдоо предметине тиешелүү анык документтерди, жазуу жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды алар белгилеген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттердин, мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата техникалык регламенттердин талаптарынын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, коопсуздук талаптарына ылайык келбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогондо, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, аларды керектөөчүлөрдөн чакыртып алуу жана бул жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачууда, сатууда жана импорттоодо таңгактагы көрсөтүлгөн санына ылайык келбегендиги тууралуу жазма эскертүүлөрдү жөнөтөт;
ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторингди жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча ар жылдык маалыматты жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет.";
21) 52-беренеде:
а) 1-пунктта "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген, анын ичинде он төрт жашка чыга элек балдарга арналган товарларды өндүрүү же сатуу, иштерди аткаруу же болбосо кызматтарды көрсөтүү, ошого тете көрсөтүлгөн товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкеш келүүсүн ырастоочу расмий документти укук ченемсиз берүү же пайдалануу этиятсыздыктан олуттуу жана/же оор зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
г) 4-пунктта:
- экинчи абзацта "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу монополияга каршы мамлекеттик органдын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пулдарды салуу жөнүндө токтомуна.";
22) 53-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "Бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "Укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 552-берене менен толукталсын:
"552-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 27-июнундагы № 51 (3500) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 24-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |