Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 7-июлу № 133
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 71-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алганда материалдык зыяндын ордун толтуруу катары сот тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
1) өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылуу жана өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кесепеттерин жоюу боюнча;
2) жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн жараксыз абалга келтирүүнүн кесепеттерин жоюу боюнча.";
2) 212-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 3-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алууну жана максаттуу багытын бузуу менен жерлерге өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүүнү уюштуруу же жетектөө -
он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2121 жана 2122-беренелер менен толукталсын:
"2121-берене. Жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөө
1. Кызмат адамы, жердин ээси тарабынан жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол бербөө боюнча чараларды көрбөсө, -
300дөн 700 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ошол эле жосун -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Эгерде кылмыш жасаган адам өзүм билемдик менен ээлеп алынган жер участогун кайтарып берүүнү камсыз кылса жана анын кесепеттерин жойсо, жоопкерчиликтен бошотулууга тийиш.
2122-берене. Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга келтирүү
1. Жерлерди айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануу үчүн атайылап жараксыз абалга келтирүү жана (же) анын максаттуу багытын кийин өзгөртүү үчүн жер участогунун бүтүндүгүн бузуу -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Сугат жерлерин айыл чарбалык жүгүртүүдөн чыгарууга алып келген ошол эле жосун -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- мамлекеттик тилдеги текстте "3. Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 372-1 жана 372-беренелеринде" деген сөздөр "3. Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 149, 372-1 жана 73-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги тексттин экинчи абзацы "предусмотренные статьями" деген сөздөрдөн кийин "149," деген цифралар менен толукталсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 144, 149 жана 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталуучу эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.";
2) 149-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жеке жактарга - 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөр боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана көрсүн:
- жерлерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алуу, кеңейтүү фактыларынын алдын алуу, бөгөт коюу боюнча, ошондой эле жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланылышын контролдоо боюнча;
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба багытындагы жерлерди жакшыртуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 14-июлундагы № 56 (3505)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 25-майында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |