КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-июлу № 138
2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене
2007-жылдын 23-ноябрында Гаагада кабыл алынган Балдарга алименттерди өндүрүп алуунун эл аралык тартиби жана үй-бүлөнү багуунун башка формалары жөнүндө конвенцияга (мындан ары - Конвенция) төмөнкүдөй шарт жана билдирүүлөр менен кошулсун:
Шарт:
Кыргыз Республикасы Конвенциянын 62 жана 44 (3)-беренелерине ылайык Борбордук органдардын ортосунда башка билдирүүлөрдү жүзөгө ашырууда француз тилин колдонуудан баш тартат. Мындай башка билдирүүлөр орус тилинде же болбосо англис тилинде жүргүзүлөт.
Билдирүүлөр:
Кыргыз Республикасы Конвенциянын 63-беренесине ылайык төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасайт:
1) Конвенциянын 23 (2) - (11)-беренесинин жоболоруна карабастан, чечимди таануу жана аткаруу жөнүндө билдирүүгө карата Конвенциянын 24 (1)-беренесинде каралган таануу жана аткаруу жол-жобосу колдонулат;
2) Конвенциянын 30 (7)-беренесинде каралган алименттер жөнүндө макулдашууну таануу жана аткаруу жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасынын Борбордук органы аркылуу гана берилиши мүмкүн;
3) Конвенциянын 44 (1)-беренесине ылайык, эгерде сураткан мүчө-мамлекеттердин ар кандай билдирүүлөрү жана тиешелүү документтери тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн кыргыз жана (же) орус тилдериндеги котормосу менен коштолсо, алар Кыргыз Республикасынын аймагында аткарууга кабыл алынат.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык шарт жана билдирүүлөр менен депозитарий болуп саналган Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине депонирлесин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 18-июлундагы № 57 (3506) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 7-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |