Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 20-июлу № 142
2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдар
2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, ошондой эле аларды социалдык коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) курман болгон адамдар - мөөнөтүнүн эскиргенине карабастан, алардын каза болушуна же өлүшүнө 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттары себеп болуп, курман болгон же өлгөн адамдар;
2) жабыр тарткан адамдар - соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталган, ден соолугуна оор, анча оор эмес жана жеңил жаракат алган адамдар, ошондой эле 2021-жылдын 28-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы, ошондой эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарындагы окуяларда алган жаракаттардын кесепетинен майыптыгы бар жактар деп таанылган адамдар.
3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) курман болгон адамдардын балдарына;
2) эгерде курман болгон адам жалгыз баласы болсо, курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине);
3) жабыр тарткан адамдарга.
4-берене. Социалдык кепилдиктерди белгилөө
Ушул Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.
5-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга карата мамлекеттик саясат төмөнкүлөрдү карайт:
1) курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга укуктук жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылуучу максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;
2) 2021-жылдын апрель окуяларынын жана 2022-жылдын сентябрь окуяларынын катышуучуларынын баатырдык иштери, мамлекеттин кызыкчылыктарын, жарандардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоодогу эрдиктери жөнүндө фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында максаттуу чагылдырууну.
6-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо программаларын жүзөгө ашырууда жана курман болгондордун элесин түбөлүккө калтырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу, жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо боюнча максаттуу программалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип жана жүзөгө ашырылып жатат, анда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.
7-берене. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо
1. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктерди берүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоонун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кошумча белгиленген чараларын каржылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Мыйзамда белгиленген социалдык кепилдиктерди каржылоо үчүн кошумча каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан белгиленген тартипте алынышы мүмкүн.
2-глава. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
8-берене. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул
1. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул - 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле майыптыгы бар деп таанылган, жабыр тарткандарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча дайындалуучу ар айлык социалдык жөлөкпулдун түрү.
2. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:
1) курман болгон адамдардын балдарына - алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин;
2) курман болгон адамдардын ата-энелерине (атасына, энесине) - курман болгон адам жалгыз баласы болгон учурда пенсия курагына жеткенде - өмүр бою;
3) майыптыгы бар адамдар деп таанылган жабыр тарткандарга - майыптыгы белгиленген датадан тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин.
Кошумча социалдык жөлөк пулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Ар айлык кошумча социалдык жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
9-берене. Курман болгон адамдардын балдарына социалдык кепилдиктер
Курман болгон адамдардын балдарына төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) мектепке чейинки мамлекеттик билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санаториялык типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде кезексиз жана акысыз орундар менен камсыз кылуу;
2) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн квоталарды берүү;
3) алар он сегиз жаш куракка толгонго чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү;
4) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу).
10-берене. Жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктер
Жабыр тарткан адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
2) биринчи деңгээлдеги дарылоочу-профилактикалык уюмдарда артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
3) медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
4) санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
5) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу;
6) жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун жер жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте биринчи кезекте алуу (бир жолу);
7) жайыттар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чабуу үчүн участокторду жана малды жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте алуу;
8) турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте алар ээлеген мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак жайларын жеке менчикке акысыз өткөрүп берүү;
9) улгайгандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алууга укугу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейлөөгө укугу.
11-берене. Ушул Мыйзамда каралбаган кошумча социалдык кепилдиктер жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кесиптик бирликтердин бирикмелери өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде төмөнкүлөр боюнча кошумча чараларды көрө алат:
1) курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды тамак-аш азыктары, отун менен камсыз кылуу боюнча;
2) турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча;
3) жеке же кооперативдик курулушка, ошондой эле медициналык, соода жана транспорттук тейлөөгө пайызсыз ссуда берүү боюнча.
3-глава. Корутунду жоболор
12-берене. Ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.
13-берене. Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жабыр тарткан адамдардын укуктарын юридикалык жактан коргоо
Курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам алууга укуктуу.
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 29-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |