Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 21-июлу № 143
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин экинчи бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге;".
2-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 931-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-1 жана 8-2-пункттар менен толукталсын:
"8-1) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу;
8-2) мамлекеттик маанидеги объекттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу;".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 15-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 21-июлу № 143
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин экинчи бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү жана аэропортторду куруу үчүн бөлүнгөн жерлерге;".
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)