Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 14-июлу № 135
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
71-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Компенсация моралдык залалдын оордугунун даражасына жараша дайындалат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 7-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |