Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-июлу № 146
Элдик Курултай жөнүндө
Элдик Курултай - коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелерди чечүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштамаларды бере турган кеңешүүчү, байкоочу коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын.
Ушул конституциялык Мыйзам Элдик Курултайдын уюштурулушун жана иштөө тартибин аныктайт.
Элдик Курултайга тийиштүү башка укуктук ченемдик актылардын жоболору ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш.
1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Элдик Курултайдын укуктук статусун, анын иш принциптерин, Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо тартибин аныктайт, ошондой эле Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
1) Улуттук Кеңеш - Элдик Курултайдын өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, насаат-кеңеш берүүчү жумушчу органы;
2) катчылык - туруктуу негизде иштөөчү Элдик Курултайдын органы;
3) регламент - Элдик Курултайдын уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салуучу, Элдик Курултай тарабынан бекитилүүчү документ;
4) делегат - Элдик Курултайга белгиленген тартипте шайланган өкүл;
5) жобо - Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартибин аныктоочу документ;
6) жумушчу топ - Элдик Курултайдын делегаттарынан шайланган, Элдик Курултайда каралуучу маселелерди даярдоо жана маселелерди чечүү боюнча сунуштарды киргизүү үчүн түзүлгөн топ;
7) эсептөө комиссиясы - каралуучу маселелер боюнча добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу үчүн Элдик Курултайдын делегаттарынан шайланган комиссия;
8) резолюция - каралып жаткан маселелер боюнча Элдик Курултай тарабынан кабыл алынган, сунуштама түрүндөгү чечим.
3-берене. Элдик Курултай
1. Элдик Курултай Элдик Курултайды өткөрүү мезгилине гана шайлануучу 700 делегаттан турат.
2. Элдик Курултайдын 700 делегатынын квоталарга бөлүнүшү Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен региондук, тармактык, этностук, улуттук жана жаш курактык таандыктуулугу өкүлчүлүк принциби боюнча аныкталат. Делегаттарды шайлоону өткөрүүнүн тартиби Улуттук Кеңеш бекиткен жобо менен аныкталат. Элдик Курултайды өткөрүү тартиби Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан бекитилген регламентте аныкталат.
3. Төмөнкүлөр Элдик Курултайдын делегаттары боло албайт:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
2) чет мамлекеттин жарандары (чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан сырткары);
3) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдар;
4) мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар адамдар, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар;
5) жашы 21ге жете элек адамдар.
4. Элдик Курултайдын делегатынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) делегаттык мөөнөтү аяктаганда;
2) мандатын ыктыярдуу тапшыруу жөнүндө арыз бергенде;
3) ага карата соттун чыгарылган айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) делегат каза болгондо;
5) соттун аны аракетке жөндөмсүз деп тааныган чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде же ал дайынсыз жоголду деп таанылганда;
6) мамлекеттик же муниципалдык кызматка өткөндө.
5. Элдик Курултайдын ыйгарым укуктары токтотулган делегатынын бош мандатын ээлөө тартиби регламентте аныкталат.
4-берене. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо принциптери
1. Жарандарды Элдик Курултайдын ишине катышууга же катышуудан баш тартууга мажбурлоого, жарандардын өз пикирин эркин билдирүүдө таасир тийгизүүгө тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Элдик Курултайга делегат катары шайланууга укуктуу.
3. Жынысына, улутуна, дин тутуусуна карабастан, ар бир адам ушул конституциялык Мыйзамга ылайык Элдик Курултайдын делегаты болуп шайланууга укуктуу.
5-берене. Элдик Курултайда каралуучу маселелер
Элдик Курултай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан жана төмөнкүдөй маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн өткөрүлөт:
1) референдумга коюлган маселелер боюнча сунуштар;
2) коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштамалар;
3) өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
5) мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери;
6) Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы;
7) экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
8) региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;
9) Кыргызстан элдеринин тарыхый, материалдык руханий мурастарын сактоо жана башка маанилүү маселелер.
6-берене. Элдик Курултайдын ыйгарым укуктары
1. Элдик Курултай Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтарын угат жана алар боюнча өз сунуштамаларын кабыл алат. Маселелерди кароо тартиби регламентке жана күн тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Элдик Курултай:
1) мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашырат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусун, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин алардын иши жөнүндө баяндамаларын угат;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин сунушу боюнча мамлекеттик жана коомдук маанидеги башка маанилүү маселелерди талкуулайт жана алар боюнча өз сунуштамаларын берет;
4) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине өз өкүлүн шайлайт;
5) Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.
7-берене. Элдик Курултайдын мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартиби
1. Мыйзам долбоорлорун демилгелөө үчүн Улуттук Кеңеш тарабынан тармактык адистерди чакыруу менен Элдик Курултайдын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.
2. Жумушчу топ мыйзам долбоорлорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштеп чыгат.
3. Элдик Курултайдын делегаттарынын көпчүлүк добушу менен жактырылган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет.
8-берене. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши
1. Улуттук Кеңеш Элдик Курултайдын делегаттарынын арасынан шайланган 17 мүчөдөн турат.
Улуттук Кеңеш өз курамынан төрагасын жана анын эки орун басарын шайлайт, талапкерлерди бекитүү үчүн аларды Элдик Курултайга сунуштайт.
2. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши Элдик Курултайдын иш убагында иштейт, Элдик Курултайдын кароосуна маселелерди даярдоону жүзөгө ашырат жана Элдик Курултайдын ишин координациялайт.
Улуттук Кеңеш Элдик Курултайдын жетектөөчү жана багыт берүүчү органы катары коомдук башталышта иштейт.
3. Улуттук Кеңеш Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салуучу регламентти иштеп чыгат.
4. Улуттук Кеңештин төрагасы Элдик Курултайдын жана Улуттук Кеңештин атынан мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
5. Улуттук Кеңеш 7 адамдан турган Элдик Курултайдын катчылыгын шайлайт.
6. Улуттук Кеңештин иштөө тартиби Элдик Курултайдын регламентинде аныкталат.
9-берене. Элдик Курултайдын катчылыгы
1. Элдик Курултайдын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу жана анын конституциялык функцияларын аткаруу үчүн Элдик Курултайдын туруктуу негизде иштөөчү органы - 7 адамдан турган катчылыгы түзүлөт.
2. Катчылыктын кызматкерлери Улуттук Кеңештин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Улуттук Кеңештин төрагасы Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп саналат.
4. Катчылыктын иштөө тартиби Элдик Курултай бекиткен регламентте аныкталат. Катчылыктын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
5. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрү менен биргеликте Элдик Курултай тарабынан кабыл алынган резолюцияларды аткарууну жүзөгө ашырат, ошондой эле жалпы иш кагаздарын жүргүзөт.
10-берене. Элдик Курултайдын коомдук уюмдар менен өз ара иштөөсү
Элдик Курултай үй-бүлөнүн, аялдардын, балдардын, улгайган жарандардын, жаштардын, эмгек мигранттарынын, ошондой эле коомдук мекемелердин, кесиптик бирликтердин, чыгармачылык жамааттардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка этностордун өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсү, улуттук биримдикти жана ынтымакты сактоо, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыз кылуу кызыкчылыгында коомдук уюмдар менен тыгыз кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
11-берене. Элдик Курултайды өткөрүү тартиби
1. Элдик Курултайдын жалпы жыйыны бир жылда бир жолу өткөрүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук Кеңештин сунушу боюнча Элдик Курултайды өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
3. Элдик Курултайдын катчылыгы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартибин, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди камсыз кылат.
4. Жалпы жыйындын жыйынтыгы боюнча Элдик Курултай резолюция кабыл алат. Кабыл алынган резолюция сунуш катары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
12-берене. Элдик Курултайдын резолюциясы
1. Элдик Курултайдын резолюциясы Элдик Курултайдын делегаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2. Элдик Курултайдын резолюциясы ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
3. Добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууда эсептөө комиссиясы түзүлөт. Ачык добуш берүүнү өткөрүү тартиби регламент менен аныкталат.
4. Элдик Курултайдын резолюциясы Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан эске алынат.
5. Элдик Курултайдын резолюциясы, протоколдору жана башка документтери 3 жылдык мөөнөткө сакталат, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте архивдик сактоого Кыргыз Республикасынын Президентинин архивине өткөрүп берилүүгө тийиш.
13-берене. Элдик Курултайды уюштурууну жана өткөрүүнү финансылык жана башка жактан камсыз кылуу
1. Элдик Курултайды өткөрүүнү финансылык, материалдык-техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын фонддорунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу иштери тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Улуттук Кеңешке жүктөлөт.
14-берене. Элдик Курултайдын ишин камсыз кылуу
Элдик Курултайдын ишин уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 681 "Элдик Курултайдын катчылыгы” мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
15-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Элдик Курултайдын жаңы курамы шайланганга, Улуттук Кеңеш жана катчылык түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген убактылуу жобого ылайык Элдик Курултайды өткөрүү жана жер-жерлерде делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча уюштуруу комитети түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |