Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 26-июлу № 150
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
35-статьянын 3-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун (туунду коомдордун) карамагындагы гидроэлектр станцияларынын жана суу сактагычтардын имараттарын жана курулмаларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кыймылсыз мүлккө таандык болгон башка мүлк.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 1-августундагы № 61 (3510) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |