Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2023-жылдын 7-июлу № 134
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула "укуктарды жана милдеттерди," деген сөздөрдөн кийин "ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-статьянын 1-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
а) биринчи жана экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдар - ишкердиктин субъекттерин текшерүүнү жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда ыйгарым укук берилген, тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгуучу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитүүчү аткаруу бийлик органдары.
Текшерүү - өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача башкаруу максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоонун же көзөмөлдөөнүн ар кандай формасы. Текшерүүнүн ар кандай формасы деп ар кандай максаттар үчүн ишкердиктин субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка ар кандай суроо-талаптар, мамлекеттик органдар жүргүзүүчү ишкердиктин субъектин (өкүлүн) чакыруулар түшүнүлөт.";
б) онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүү барактары - бул текшерүүнүн субъекттеринин ишине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунда каралган, аларды сактабоо адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч келтирген талаптардын толук тизмеги. Мында, көрсөтүлгөн талаптар ченемдик укуктук актылардын түзүмдүк элементтерине, анын ичинде эң кичинекей түзүмдүк элементине конкреттүү шилтемелер болушу керек.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Текшерүүнүн объекти - тобокелдиктин тиешелүү тармагында жүзөгө ашырылуучу текшерүүнүн субъектинин иши же ишинин бөлүгү.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:
"21-статья. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин максаты жана милдеттери
1. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин негизги максаты болуп өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыздоо саналат.
2. Текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана башкача түрдө башкаруу;
2) текшерүүнүн субъекттерине маалымдоо, консультацияны жана сунуштамаларды берүү.";
5) 3-статьяда:
а) үчүнчү абзац "карама-каршылыктар" деген сөздөн кийин ", кемтиктер" деген сөз менен толукталсын;
б) тогузунчу абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- өмүрдүн, ден соолуктун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди башкаруу;
- ыйгарым укуктуу органдардын ишинде алдын алуу чараларынын артыкчылыгы.";
6) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- аларга бекитип берилген көзөмөлдөгү иштин алкагынан тышкары чыгууга;
- укук коргоо органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү же оозеки көрсөтмөлөрүнүн, тапшырмаларынын, суроо-талаптарынын негизинде ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү дайындоого жана/же жүргүзүүгө.";
7) 6-статьяда:
а) ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Пландуу текшерилүүгө тийиш болгон юридикалык жактар, алардын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бир бирдиктүү текшерүү субъектин түзөт жана, эгерде алардын иши тобокелдиктин бир тармагына кирсе жана тобокелдиктин бирдей даражасына ээ болсо, текшерүүлөрдүн планында текшерүүлөрдүн ар түрдүү субъекттери катары көрсөтүлүшү жана каралышы мүмкүн эмес.
Эгерде юридикалык жактын, анын экономикалык ишинин объекттеринин, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши тобокелдиктин бир нече ар түрдүү даражалары менен байланышкан болсо, анда юридикалык жак, анын объекттери, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү текшерүүлөрдүн пландарында өз алдынча каралат.";
в) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Текшерүү барактары милдеттүү тартипте текшерүүнүн конкреттүү предметин, ошондой эле аларды сактоо текшерилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын конкреттүү түзүмдүк элементтерине негиздемени жана шилтемелерди камтууга тийиш. Текшерүү барактары аларды кабыл алуу түздөн-түз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан келип чыкпаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун сактоо жагындагы маселелерди камтышы мүмкүн эмес.";
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Текшерүүнүн субъекттери билдирмелерди берүү жөнүндө кайрылууну ыйгарым укуктуу органдарга бул кайрылууда аныкталган электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүүгө укуктуу, анда өздөрүнө билдирмелерди жөнөтүүгө өз макулдугун берүүгө тийиш, билдирмелер текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол коюу менен тапшырганга барабар болот. Бул кайрылуу жактырылгандан жана ыйгарым укуктуу орган кайрылуунун ээсине кол койдуруп тааныштырылгандан кийин, текшерүүнүн субъектине көрсөтүлгөн электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмени жөнөтүү текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол коюу менен билдирмени тапшырганга барабар болот.
Эгерде текшерүүнүн субъекти ушул беренеде каралган электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмелерди алууга өз укугунан баш тартууну чечсе, текшерүүнүн субъекти ыйгарым укуктуу органдарга электрондук байланыш каналдары аркылуу билдирмелерди берүүдөн баш тартуусу бар кайрылууну жөнөтсө, мындай кайрылуу жактырылууга тийиш. Мындай учурда билдирмелерди электрондук байланыш каналдары аркылуу текшерүүнүн субъектине жөнөтүү текшерүүнүн субъектинин жетекчисине жеке же ыйгарым укуктуу жагына кол койдуруу менен тапшырганга барабар болбойт.";
д) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Курулуш ченемдерине жана эрежелерине, тамак-аш азыктарын, өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга карата талаптарга, эмгекти коргоонун жана экологиялык коопсуздуктун талаптарынын ылайык келүүсүнө пландуу текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.";
е) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 7-статьяда:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту "бузгандыгы тууралуу" деген сөздөрдөн кийин "ушул статьянын 2-1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык берилген" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 - 2-3-бөлүктөр менен толукталсын:
"2-1. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ыйгарым укуктуу органга берилүүчү арыздар төмөнкүдөй минималдуу маалыматтарды камтууга тийиш:
1) арыз ээсинин жеке маалыматтарын: жеке жак үчүн - аты-жөнүн, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дарегин, юридикалык жак үчүн - уюмдун аталышын, ИСНди;
2) арыз ээсинин бузулган укугунун жана/же кызыкчылыгынын маңызын;
3) укуктар жана/же кызыкчылыктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларын же көчүрмөлөрүн.
2-2. Ыйгарым укуктуу органдар арызда баяндалган маалыматты баалоону төмөнкүдөй чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзөт:
1) тобокелдиктин баяндалып жаткан тармагында текшерүү жүргүзүү арыз даректелген ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет;
2) маалыматтын негиздүүлүгү;
3) укуктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларынын же көчүрмөлөрүнүн болушу;
4) текшерүүнүн субъекти бузушу мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин аныктоо;
5) текшерүүнүн ушул субъекти тарабынан мурдагы бузуулардын болушу;
6) бузуу табылган учурдан бери өткөн убакыт;
7) адамдын өмүрү жана ден соолугу, айлана-чөйрө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктары үчүн мүмкүн болгон кесепеттерди баалоо;
8) коркунучка дуушар болуп жаткан керектөөчүлөрдүн тобун аныктоо жана аялуу топторго мүмкүн болгон таасири;
9) берилген үлгүнү изилдөөнүн натыйжалары (болгон учурда);
10) ушул жактан же башка жактардан бир эле факт боюнча мурда келип түшкөн арыздардын жана баяндалган маалыматтардын аныктыгын кароонун жыйынтыктарынын болушу.
2-3. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча, адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугуна коркунучтун даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирме жөнөтүү менен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
1) пландан тышкары текшерүүнү кечиктирбестен жүргүзүү жөнүндө;
2) мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө;
3) пландуу текшерүүнүн алкагында арызда баяндалган маалыматты текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө.
Эгерде кайрылууну кароонун жүрүшүндө арызда баяндалган фактылар буга чейин текшерилгендиги белгиленсе, анда кайрылуунун авторуна мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары бар жооп жөнөтүлөт.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана тараганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда), өзгөчө экологиялык кырдаалдар, өндүрүштө кырсыктын келип чыгуу коркунучу пайда болгондо, курулуш ченемдери жана эрежелери бузулганда калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын табуу жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөздө болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн.";
9) 11-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Текшерүүлөр аралыктан же көчмө формасында жүргүзүлөт. Эгерде текшерүүнүн максатына жетүү үчүн текшерүүнүн субъектинин иш жүзүндө иштеген жерине баруунун зарылдыгы болбосо, аралыктан текшерүү жүргүзүлөт. Көчмө текшерүү текшерүүнүн субъекти жайгашкан жер боюнча жана (же) анын иш жүзүндө иштеген жери боюнча жүргүзүлөт. Текшерүүлөр анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө бузуулар жоюлбаган фактылар табылса, анда ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы текшерүүнүн субъектине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонот. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган таасир этүү чараларын колдонгондон кийин ыйгарым укуктуу орган, эгерде бузуу адамдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга таасирин тийгизсе - 3 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жана башка учурларда - 15 жумуш күнгө чейин контролдук текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.";
г) 7-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерүүнүн субъектисинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы кирсе, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле учурда жүргүзүлөт.
Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле учурда жүргүзүлөт.
Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө кирген текшерүүнүн субъектинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле учурда жүргүзүлөт.";
11) 13-статьянын 4-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 151-статьянын аталышында жана текстинде ар кандай жөндөмөлөрдөгү "мониторинг" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "контроль" деген сөзгө алмаштырылсын;
13) 152-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-статья. Текшерүүлөрдү эсепке алуунун маалымат базасы
1. Ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнүн субъекттеринин электрондук маалымат базасын жүргүзөт.
2. Текшерүүнүн субъекттеринин маалымат базасы маалыматтык жана контролдук бөлүктөрдөн турат.
3. Контролдук бөлүк текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча, текшерүүлөрдүн субъекттери жана объекттери жөнүндө маалыматты камтыйт жана ыйгарым укуктуу органдарга гана жеткиликтүү.
4. Текшерүүлөрдүн субъекттери боюнча маалымат базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Электрондук маалымат базасында маалымат жок болгон пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбейт.";
14) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 153-статья менен толукталсын:
"153-статья. Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары
1. Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары болуп адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана төмөндөтүү боюнча текшерүүнүн субъекттерине алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна шайкештигинин маселелери боюнча маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү саналат.
2. Маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) текшерүүнүн субъекттеринин жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларына жоопторду;
2) консультацияларды берүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттерине тобокелдиктин даражасын төмөндөтүүгө, бузууларды болтурбоого жана укук бузууларды жоюуга багытталган сунуштамаларды жана методикалык жардамды берүүнү.
3. Маалымдоонун, консультацияларды жана сунуштамаларды берүүнүн ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) алдыңкы тажрыйба боюнча колдонмолорду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун сактоо маселелери боюнча жетектөөчү принциптерди камтыган башка документтерди иштеп чыгуу жана жайылтуу;
2) окутуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
3) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттеринин укуктары боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу.
4. Текшерүүнүн субъекттерине берилүүчү маалымат, консультация жана сунуштамалар негиздүү, бир түрдүү, так жана түшүнүктүү, укук бузууну болтурбоо, тобокелдиктердин ыктымалдуулугун төмөндөтүү жана жокко чыгаруу максатын көздөгөн болууга тийиш.
5. Алдын алуучу чаралар ишкердиктин субъекти үчүн укуктук кесепеттерге (санкцияларга) алып келбейт.";
15) 17-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- 6-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацын кошпогондо, эгерде ушул юридикалык жакка же болбосо анын филиалдарынын же өкүлчүлүктөрүнүн бирине карата үстүдөгү календардык жылда пландуу текшерүү жүргүзүлгөн болсо, жакты текшерүүгө жол бербөөгө;
- эгерде ыйгарым укуктуу органдын талаптары алар өкүлү болуп саналган кызмат адамдарынын жана ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирбесе, алардын талаптарын аткарбоого.";
16) 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын бузуу табылса, ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн субъектинин ишинин адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугуна, айлана-чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына сөзсүз болуучу жана олуттуу коркунуч алып келген бөлүгүн гана токтото турат.";
17) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 192-статья менен толукталсын:
"192-статья. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү
1. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана ыйгарым укуктуу органдардын компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында алардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү бааланат.
2. Текшерүүнүн субъекттерине карата жаза чаралары, айыптар боюнча сандык көрсөткүчтөр же санкцияларды колдонуу менен байланышкан башка көрсөткүчтөр, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыштыгы же саны ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнүн чен-өлчөмдөрү катары колдонулушу мүмкүн эмес.
3. Баалоо үчүн текшерүүлөрдүн максаттарына жетүүнү чагылдырган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды сактоо, тобокелдиктерин болтурбоо жана коргоо деңгээли пайдаланылат. Көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн чогултулган маалыматтар объективдүү жана так болууга тийиш.
4. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн натыйжалуулукту өлчөөгө тиешеси жок ыйгарым укуктуу органдардын ишинин көрсөткүчтөрүнөн айырмалоо керек.
5. Ыйгарым укуктуу органдардын ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн баалоо базалык жана атайын чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
6. Базалык чен-өлчөмдөр болуп конкреттүү тармактагы тобокелдик деңгээлин бара-бара төмөндөтүү жана коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча максаттарга жетүү менен байланышкан натыйжалар саналат.
7. Атайын чен-өлчөмдөр текшерүүлөрдү пландоонун жана адекваттуу адамдык жана техникалык ресурстарды пайдалануунун көрсөткүчтөрүнө негизделет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
8. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн баалоо ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдардын жогору турган органдары менен бирдикте ушул статьянын 6 жана 7-бөлүктөрүндө каралган чен-өлчөмдөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.";
18) 20-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык жана кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 24-майында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |