Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 2-августу № 151
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 27-беренеде:
а) 4-бөлүктө "жана 14" деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүктө:
- "8 жана 10" деген сөздөр "8, 10 жана 14" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстте "реабилитациялоочуларга кирет" деген сөздөр "реабилитациялоочу болуп эсептелет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 132-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "8 жана 10" деген сөздөр "8, 10 жана 14" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги 451-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жаңыдан" деген сөз "кайтадан" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пунктунда "жаңыдан" деген сөз "кайтадан" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктө "Жаңыдан" деген сөз "Кайтадан" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 455-берененин биринчи бөлүгүндө:
а) "Жаңы" деген сөз "1. Жаңы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-пунктта "жаңы" деген сөз "кайтадан" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 2-пунктта "ачылган" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 04-августундагы № 62 (3511) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |