Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 2-августу № 152
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "жана жоруктар жөнүндө иштер" деген сөздөр алып салынсын;
2) 23-берененин 1-бөлүгүндө "же жорук" деген сөздөр алып салынсын;
3) 26-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Жогорку соттун соттук коллегияларынын соттук курамынын жыйналыштарында төрагалык кылат же соттук коллегиянын судьяларынын ичинен төрагалык кылуучуну дайындайт;";
4) 37-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) зарыл болгон учурларда жеке аныктама менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын көңүлүн соттук ишин кароонун жүрүшүндө белгиленген мыйзам бузуу фактыларына, укук бузуу же кылмыш жасоого түрткү болгон себептерге жана шарттарга бурат, алар өздөрү көргөн чаралар жөнүндө жеке аныктаманын көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү;";
5) 38-берененин 1-пунктунда "жоруктар" деген сөз "укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 42-берененин аталышы жана 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басарлары
1. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басарлары - соттук коллегиялардын төрагалары судья болуп саналышат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:
1) соттук коллегиялардын жыйналыштарына төрагалык кылышат же соттук коллегиянын судьяларынын ичинен төрагалык кылуучуну дайындашат;
2) милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык соттук коллегиялардын жана соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылышат;
3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылышат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан бузук болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзүшөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүшөт;
4) сот өндүрүшүндө турган иштерге жана материалдарга карата арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карашат;
5) өздөрү жетектеген соттук коллегиялардын иши жөнүндө маалымат беришет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.";
7) 43-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) зарыл болгон учурларда жеке аныктама менен министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын көңүлүн соттук ишин кароонун жүрүшүндө белгиленген мыйзам бузуу фактыларына, укук бузуу же кылмыш жасоого түрткү болгон себептерге жана шарттарга бурат, алар өздөрү көргөн чаралар жөнүндө жеке аныктаманын көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 21-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |