Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 159
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) биринчи бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"СЕРТИФИКАТТАЛГАН ҮРӨНДӨР - түшүмдүүлүктүн бир кыйла жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылуучу, үрөндүн кадимки сортторуна салыштырмалуу илдеттерге, зыянкечтерге жана климаттык өзгөрүүлөргө бир кыйла туруктуу болуп саналуучу жогорку сапаттагы үрөндөр.";
- жыйырма биринчи абзацта "Мамлекеттик үрөн инспекциясынын" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма төртүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) үрөн жөнөтүүчүлөр - ушул Мыйзамга ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жөнөтүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.";
3) 4-берененин 1-пунктунда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"схемаларда өзгөчөлөнгөн, элиталык (базистик) жана сертификатталган (өзү чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи жана экинчи репродукция, кайчылашып чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи муундагы репродукция) үрөн категориялары таанылат;";
б) бешинчи абзац "инспекциядан өткөрүлөт," деген сөздөрдөн кийин "үрөн участоктору жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны ОЕСДнын схемалары менен так чектелет;";
г) 2-пункттун бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 5-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 9-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-беренеде:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
б) 6-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |