Редакцияот 04.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 4-августу № 155

 

 2023-жылдын 25-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы долбоорлорун ишке ашыруу боюнча борбордук топ" долбоору боюнча грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене

2023-жылдын 25-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы долбоорлорун ишке ашыруу боюнча борбордук топ" долбоору боюнча грант берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына кабарласын.

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н.Жапаров