Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 154
2023-жылдын 7-мартында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында инфекциялык ооруларды изилдөө илимий борборун куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2023-жылдын 7-мартында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында инфекциялык ооруларды изилдөө илимий борборун куруу жана иштетүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россиялык тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо газетасынын 2023-жылдын 8-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |