Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 156
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 547-беренеде:
а) 3-бөлүктө "областтык жана аларга теңештирилген сотторго" деген сөздөр "экинчи инстанциядагы сотторго" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жасагандыгы үчүн камакка алуу түрүндө жаза чарасы салынган укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган соттун токтому апелляциялык тартипте экинчи инстанциядагы сотторго даттанылышы мүмкүн жана апелляциялык даттануу берилген учурдан тартып 48 сааттан кечиктирилбестен соттор тарабынан каралууга тийиш.";
2) 552-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "552-берене. Соттун түздөн-түз караштуулугундагы укук бузуулар боюнча кабыл алынган укук бузуу жөнүндө иш боюнча соттун токтомуна апелляциялык тартиптеги даттанууну экинчи инстанциядагы сот тарабынан кароо";
б) 1-бөлүктө "Областтык жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр "Экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-бөлүктө "Областтык жана ага теңештирилген сот" деген сөздөр "Экинчи инстанциядагы сот" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 22-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |