Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 4-августу № 161
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Атмосфералык абанын сапатын контролдоо маселеси боюнча чарбакер субъекттерди жана ишкердиктин субъекттерин текшерүү алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарламасыз жүзөгө ашырылат жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-июнунда
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |