Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 168
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин өндүрүүнүн, импорттоонун, сактоонун жана сатып өткөрүүнүн жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында алкоголдук продукцияны өндүрүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонулушу катышуучулары уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер катышуучулары болуп саналган мамилелерге жайылтылат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу негизги аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат:
1) этил спирти - кантты жана крахмалды камтыган чийки затты (мөмө-жемиштерди кошпогондо) спирттик ачытуу методу менен, андан ары браганы кайрадан тартуу жана (же) брагоректификациялоо же учуп кетүүчү коштомо аралашма камтылган чийки зат этил спиртин ректификациялоо менен өндүрүлгөн, ошондой эле азыктык чийки заттан жана этил спиртин, аракты, ликер-арак ичимдиктерин өндүрүү учурунда пайда болуучу кайра иштетүү продуктуларынан даярдалган этил спиртинин башкы фракциясынан алынган этанолдун суу аралашмасынан турган, күчтүүлүгү 88 пайыздан кем эмес алкоголдук продукция. Этил спирти чийки зат этил спиртине жана ректификацияланган этил спиртине бөлүнөт. Этил спиртин өндүрүү үчүн ЕАЭБдин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) 2-тиркемесине ылайык тизмекте көрсөтүлгөн азыктык чийки зат колдонулат;
2) ректификацияланган этил спирти - кантты жана крахмалды камтыган чийки затты спирттик ачытуу, кийин браганы брагоректификациялоо менен же чийки зат этил спиртин, ошондой эле азыктык чийки заттан даярдалган этил спиртинин башкы фракциясын жана азыктык чийки заттан, арактан, ликер-арак ичимдиктеринен этил спиртин өндүрүү учурунда пайда болгон жана учуп кетүүчү коштомо аралашмаларды камтыган кайра иштетүү продуктуларын ректификациялоо методу менен өндүрүлгөн, кубаттуулугу 96 пайыздан кем эмес этил спирти;
3) чийки зат этил спирти - ректификацияланган этил спиртин өндүрүү үчүн багытталган жетилген браганы кайра тартуу менен даярдалган, кубаттуулугу 96 пайыздан кем болбогон жана учуп кетүүчү коштомо аралашмаларды камтыган этил спирти;
4) денатураланган этил спирти (денатурат) - этил спирти, ага спиртте эрий турган жана андан эң жөнөкөй физикалык-химиялык методдор (кайрадан тартуу, тоңдуруу, чыпкалоо ж.б.) менен бөлүнбөй турган жагымсыз жыттуу же даамдуу заттар кошулган этил спирти;
5) спирт камтылган продукция - даяр продукциянын көлөмүнүн 0,5 пайызынан ашык этил спирти камтылган азыктык же азыктык эмес продукция;
6) спирт камтылган азыктык продукция - алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн спирт камтылган жарым фабрикаттарды туюндурган, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 0,5 пайыздан ашык болгон алкоголдук продукция, анын ичинде мөмөдөн ачытылган шарап материалдары, мөмөдөн ачытылган-спирттүү шарап материалдары, жүзүм суслосу, спирттүү мөмө суслосу, спирттүү сусло, спирттүү ширелер, спирттүү тундурмалар, спирттүү морстор, жыттуу спирттер, суу-спирт экстракттары, концентрацияланган азыктык негиздер, азыкка жыт бергичтер, башка жарым фабрикаттар;
7) спирт камтылган азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирт камтылган башка продукцияны же этил спиртин өндүрүүнүн спирт камтылган калдыктарын пайдалануу менен өндүрүлгөн даяр продукциянын көлөмүнүн 0,5 пайызынан ашык этил спирти камтылган азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирт камтылган продукция, спирт камтылган парфюмердик-косметикалык продукция, ар кандай эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар);
8) денатураланган спирт камтылган продукция - ушул Мыйзамда каралган концентрацияда денатуралоочу заттарды камтыган, спирт камтылган азыктык эмес продукция;
9) алкоголдук продукция - ЕАЭБдин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентинин (ЕАЭБ ТР 047/2018) 1-тиркемесинде каралган тизмекке киргизилген продукцияны кошпогондо, этил спиртин пайдаланбастан же пайдалануу менен даярдалган, азыктык чийки заттан жана (же) спирт камтылган азыктык продукциядан өндүрүлгөн, этил спиртин колдонбостон же пайдалануу менен даярдалган, этил спиртинин көлөмдүк үлүшү 0,5 пайыздан ашык көлөмдүк үлүшү менен болгон азыктык продукция. Алкоголдук продукция этил спирти, спирттик ичимдиктер, алкоголу аз ичимдиктер, шараптан жасалган продукция, дистилляттар, сыра кайнатуу, бал кайнатуу продукциясы, спирт камтылган азыктык продукциясы сыяктуу түрлөргө бөлүнөт;
10) ичүүчү этил спирти - даяр продукциянын көлөмүнүн 95 пайызынан ашык эмес этил спирти камтылган азыктык чийки затынан өндүрүлгөн жана жумшартылган суу аралаштырылган ректификацияланган этил спирти;
11) спирт ичимдиктери - ректификацияланган этил спиртин жана (же) спирт камтылган азыктык продукцияны жана (же) башка алкоголдук продукцияны пайдалануу менен өндүрүлгөн алкоголдук продукция;
12) суусуз (жүз пайыздык) спирт - эсептешүүлөрдө колдонулуучу шарттуу түшүнүк;
13) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү - мындай продукцияны сатуу жана пайда алуу максатында, ошондой эле өз муктаждыктары үчүн уюмдун өндүрүүсү;
14) этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны жүгүртүү - импорт, экспорт, сактоо, дүң жана (же) чекене сатуу;
15) коньяк спирти - коньяктык шарап материалдарды фракциялык дистилляция жолу менен алынган спирт;
16) дүң сатуу - алкоголдук продукцияны чекене сатуу боюнча ишин жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерге алкоголдук продукцияны сатуу;
17) ректификация (брагоректификация) - суюк жана буу фазаларынын ортосунда аралашмалардын компоненттеринин ар кандай бөлүштүрүлүшүнө негизделген көп компоненттүү суюк аралашмаларды бөлүү ыкмасы;
18) чекене сатуу - алкоголдук продукцияны керектөө үчүн сатуу, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;
19) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун кубаттуулугу (өндүрүштүк кубаттуулук) - негизги технологиялык жабдууларда алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн максималдуу жылдык көлөмү, ал декалитрде көрсөтүлөт. Алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун кубаттуулугун эсептөө тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт;
20) өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануунун ченеми - декалитр менен туюндурулган негизги технологиялык жабдууларда алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн минималдык жылдык көлөмүнүн 50 пайызынан төмөн эмес өлчөмдө белгиленет. Негизги технологиялык жабдуунун тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт;
21) декалитр - алкоголдук тармактагы негизги көлөмдүк өлчөмдөрүнүн бири, аныктамасы боюнча он литрге барабар.
4-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополиянын жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын экономикалык кызыкчылыктарын, өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо;
- этил спиртин контрабандалык ташып келүүгө жана контрафакттык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдаланууга тыюу салуу;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны мыйзамсыз өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жокко чыгаруучу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана ташылып келүүчү этил спиртинин, алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;
- этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу;
- алкоголдук жана спирт камтылган продукциянын рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
5-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
6-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия
Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия белгиленет, ал мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
7-берене. Этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө карата талаптар
1. Чекене сатууну кошпогондо даяр продукциянын 9 пайыздан ашык көлөмүндө этил спирти камтылган коньяк спиртин жана алкоголдук продукцияны (аракты кошпогондо) өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө менчигинин түрүнө карабастан бир миллион сомдон кем эмес өлчөмдө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) бар юридикалык жактар жүзөгө ашырууга укуктуу.
Аракты өндүрүү менчигинин түрүнө карабастан, беш миллион сомдон кем эмес өлчөмдө төлөнгөн уставдык капиталы (уставдык фонду) бар юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чекене сатууну кошпогондо, этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалар алкоголдук продукцияны өндүрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашыра алат.
2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн пайдаланылуучу негизги технологиялык жабдуулар техникалык регламенттердин жана "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын экологиялык коопсуз технологияларды киргизүү бөлүгүндөгү талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
3. Спирт өндүрүшүнүн негизги калдыктарын (барду, көмүр кычкыл газы) толугу менен кайра иштетүүгө жана утилдештирүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдууларды киргизген шартта гана этил спиртин өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну эксплуатациялоого жол берилет.
4. Тиешелүү лицензиянын колдонулушу токтотулган учурда этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүүчү лицензиянын колдонулушу токтотулган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде этил спиртин (коньяк спиртин) өндүрүү үчүн ректификациялык колоннаны (түзүлүштү) жана/же алкоголдук продукцияны керектөө идишине жана/же затордук чанга (сыраны өндүрүүдө) куюу жана этикеткалоо үчүн автоматтарды (моноблокторду) демонтаждоого жана аларды лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сактоого милдеттүү.
5. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу жана техникалык регламенттери жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
8-берене. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополияны жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуучу чаралардын системасы
1. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүдөй атайын чаралардын системасы аркылуу ишке ашырылат:
1) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө жүз пайыз мамлекеттик монополияны киргизүү;
2) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо;
3) Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналбаган үчүнчү өлкөлөр менен соодада ачык-айкындуулук жана басмырлабоо принциптеринин негизинде киргизилүүчү жана колдонулуучу тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулушу мүмкүн;
4) алкоголдук продукцияны ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн ички рынокту коргоо чаралары киргизилиши мүмкүн. Атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же сатылуучу аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааларды жөнгө салуу;
6) спирттин жана алкоголдук продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттерди аткаруу.
2. Жогоруда саналган бардык чараларды көрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына кирет.
2-глава. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө карата талаптар
9-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн шарттары
1. Алкоголдук продукцияны (сыраны кошпогондо) өндүрүү үчүн азыктык өсүмдүк чийки затынан өндүрүлгөн этил спирти колдонулат, ал эми дан өсүмдүктөрүнөн этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) иштеп чыккан учурда азык-түлүк тобундагы дан өсүмдүктөрү колдонулууга тийиш.
2. Өндүрүүчү заводдун аймагында башка юридикалык жактарга, ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны сактоого жана сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
3. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны жүгүртүү аларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу төмөнкүдөй коштомо документтер болгон учурда гана жүзөгө ашырылат:
1) электрондук эсеп-фактура же электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз;
2) техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктыгын ырастаган документтердин көчүрмөсү;
3) товарларга декларациянын көчүрмөсү (импорттолгон этил спирти, алкоголдук продукция үчүн);
4) иштин белгилүү бир түрүн аткарууга лицензиянын көчүрмөсү.
4. Жүгүртүлүшү ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн коштомо документтер толугу менен же жарым-жартылай жок жүгүртүүдө жүзөгө ашырылуучу этил спирти, алкоголдук жана спирт камтылган продукция мыйзамсыз жүгүртүүдөгү продукция деп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында сатылуучу алкоголдук продукция этикеткага жана контрэтикеткага (импорттук продукция үчүн контрэтикеткага атайын чапталган чаптамада) мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүрүлгөн маалымат менен милдеттүү түрдө коштолот, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) алкоголдук продукциянын аталышы;
2) өндүрүүчүнүн аталышы жана анын юридикалык дареги, ал эми алкоголдук продукцияны импорттоо учурунда - импорттоочунун аталышы жана анын юридикалык дареги;
3) алкоголдук продукция чыгарылган өлкө;
4) алкоголдук продукциянын коопсуздук талаптарына ылайык келиши;
5) анын талаптарына алкоголдук продукция ылайык келүүгө тийиш болгон техникалык регламенттер;
6) керектөө идишиндеги алкоголдук продукциянын көлөмү;
7) алкоголдук продукциянын даамына жана жытына таасир этүүчү негизги ингредиенттердин аталышы;
8) даярдоо датасы жана пайдалануу мөөнөтү же пайдалануунун акыркы мөөнөтү;
9) күчтүүлүгү пайыз менен;
10) сактоо шарттары.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө саналган маалыматтарды камтыбаган алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатып өткөрүүгө тыюу салынат.
7. Этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча гана жүзөгө ашырууга жол берилет.
8. Этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны өндүрүү жана (же) жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Коньяк спиртин кошпогондо, этил спиртин сатып өткөрүү аны өндүргөн же импорттогон мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
10. Медициналык, ветеринардык жана башка максаттар үчүн этил спиртин сатып алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
11. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана/же сатып өткөрүлүүчү аракка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан минималдуу дүң-сатуучу жана чекене бааны белгиленет.
12. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана/же жүгүртүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) азыктык чийки заттан иштелип чыккан этил спиртин, азыктык эмес чийки заттан иштелип чыккан этил спиртин, ошондой эле мунайзаттарга кошулма катары багытталган этил спиртин бир эле дарек боюнча, ошол эле стационардык, кампа жайларында жана бир эле жабдууда өндүрүүгө жана/же сактоого;
2) саламаттык сактоо жана ветеринария субъекттери тарабынан сатууну кошпогондо, этил спиртин чекене сатууга;
3) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны тиешелүү лицензиясыз өндүрүүгө жана/же жүгүртүүгө;
4) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык белгиленген коштомо документтерсиз жүгүртүүгө;
5) алкоголдук продукцияны техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келишин ырастоочу документтерсиз жүгүртүүгө;
6) Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө" (ББ ТР 022/2011) жана "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 005/2011) техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген алкоголдук продукцияны берүүгө;
7) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн же жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоого жана/же белгиленген мөөнөттө бербөөгө;
8) үй шарттарында өндүрүлгөн, этил спирти камтылган алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүгө;
9) денатуралоочу заттарды жок кылуу максатында денатураланган этил спиртин же денатураланган спирт камтылган продукцияны кайра иштетүү боюнча ар кандай технологиялык процесстерди жана операцияларды жүзөгө ашырууга;
10) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө укугу жок уюмдан сатылып алынган этил спиртин юридикалык жактардын пайдаланууга;
11) алкоголдук продукцияны сактоого жана дүң сатууга жана/же контролдук-кассалык машинага лицензиясы болбогон субъекттерге алкоголдук продукцияны алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр жана/же импорттоочулар тарабынан сатууга;
12) алкоголдук продукцияны ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен сатууга.
13. Эгерде этил спирти жана алкоголдук продукция төмөнкү учурларда сатылып жаткан учурда, алар жүгүртүүдөн алып салынууга тийиш:
1) тиешелүү лицензиясыз;
2) техникалык регламенттердин талаптарына ылайык ырастоочу документтерисиз;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, маркировкасыз жана/же жасалма акциздик марка менен маркаланган;
4) спирт камтылган азыктык эмес продукцияларды кошпогондо, курамында азыктык эмес чийки заттан өндүрүлгөн же денатуралоочу кошулмалары бар этил спирти болсо;
5) ээси жок мүлк катары;
6) мындай продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу документтерисиз;
7) электрондук эсеп фактурасын же электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздебестен.
14. Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү этил спиртин жана алкоголдук продукцияны алып коюу жана конфискациялоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Алынган этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сактоо аларды алып коюу жүргүзүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган жерлерде жүзөгө ашырылат.
16. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция, ошондой эле курамында азыктык эмес чийки заттардан өндүрүлгөн этил спирти бар же денатуралоочу кошулмалары бар алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте техникалык муктаждыктар үчүн этил спиртине же болбосо спирт камтылган азыктык эмес продукцияга кайра иштетилүүгө тийиш.
17. Мындай кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо конфискацияланган этил спирти жана алкоголдук продукция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жок кылынууга тийиш.
10-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишке коюлуучу квалификациялык талаптар (критерийлер)
1. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө коюлуучу жалпы квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу объекттерди жайгаштыруу орундарын аныктоо, ошондой эле долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү;
2) керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздук талаптарын камсыз кылуунун регламенттөөчү техникалык документтердин (техникалык жөнгө салуу жана метрология, өрт коопсуздугу, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы документтердин) болушу;
3) дат баспаган болоттон жасалган резервуарлардын же ички бети эмаль менен капталган резервуарлардын болушу;
4) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча лицензияланган ишти жүзөгө ашырууда эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү өлчөөчү приборлор менен жабдылган калибрленген сыйымдуу жабдуунун болушу;
5) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатына химиялык жана технологиялык контроль жүргүзүү үчүн сыноочу лабораториянын болушу;
5) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү камсыз кылуу үчүн тараза жана өлчөө чарбасынын, басымды, температураны жана нымдуулукту өлчөөчү приборлордун, сыноочу лабораториянын приборлорунун жана аппараттарынын болушу;
7) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү менен видеобайкоо системасынын болушу;
8) өндүрүштү, чийки заттын, көмөкчү материалдардын жана даяр продукциянын сапатын химиялык жана технологиялык контролдоону жүргүзүүгө аккредиттелген лаборатория менен келишимдин болушу;
9) продукцияны кабыл алууну, сактоону, берүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн гана багытталган кампа жайларынын болушу;
10) этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү үчүн технологиялык жабдуулардын ушул өндүрүштөр үчүн мыйзамдардын талаптарына ылайык иштөөсүн камсыз кылуучу ысык жана муздак суу менен жабдуунун буу, муздак, электр менен жабдуунун, канализациянын жана желдетүүнүн стационардык коммуникацияларынын болушу;
11) техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык даяр продукцияны, өндүрүштүн кошумча продуктуларын, чийки заттарды, көмөкчү материалдарды, керектөө тараларын сактоо үчүн шарттардын болушу;
12) өндүрүштүн жана сыноочу лабораториянын ченөө каражаттары жана өлчөөлөрдү аткаруу методикасы менен метрологиялык камсыз кылуу;
13) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө иштегендердин эмгек шарттарынын санитардык-гигиеналык ченемдердин жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуучу атайын кийимдердин жана башка коргоочу каражаттардын болушу.
2. Этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүү боюнча ишке коюлуучу кошумча квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) өндүрүүчү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген өндүрүш паспортунун болушу;
2) санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген менчик укугундагы имараттардын, курулмалардын, кампа жана стационардык өндүрүштүк жайлардын жана жабдуулардын менчик укугунда болушу;
3) этил спиртин (коньяк спиртин кошпогондо) өндүрүү боюнча брагоректификациялык түзүлүштүн жана анын өндүрүштүк кубаттуулуктун 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө анын жүктөлүшүн камсыз кылуучу тиешелүү технологиялык жабдуунун болушу;
4) технологиялык процесстин жүрүшүндө пайда болуучу суюк барданы жана көмүр кычкыл газын өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн жабдуулардын менчик укугунда болушу;
5) сыноо лабораториясында хроматографиялык жабдуулардын болушу;
6) жабдуунун спецификациясы жана аларды жайгаштыруунун компановкалык пландары бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болушу;
7) этил спиртин өндүрүү үчүн чийки затты түздөн-түз жеке жана/же юридикалык жактардан - чийки затты даярдоочулардан сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүгө коюлуучу кошумча квалификациялык талаптар (критерийлер) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келген жабдуулардын менчик укугунда болушу;
2) жабдуулардын спецификациясы жана аларды жайгаштыруунун компановкалык пландары бар өндүрүштүн аппараттык-технологиялык схемасынын болушу;
3) сууну даярдоо жана суунун техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин камсыз кылуу үчүн жабдуулардын болушу;
4) этикеткалоочу жана тыгындоочу продукцияларды, керектөө тараларын даярдоочу ишканалардан түздөн-түз сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу;
5) эгерде мындай өндүрүштүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануу ченемине ылайык келбесе, арак өндүрүүнү жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
Арак өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууларды пайдалануу убактылуу токтотулуп турган учурда мындай токтотуп туруу мезгили уюмдун өндүрүштүк кубаттуулукту минималдуу пайдалануу ченемин сактабагандыгынын фактысын белгилөөдө эске алынбайт;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн чийки затты жеке жана/же юридикалык жактардан - чийки затты даярдоочулардан түздөн-түз сатып алууга контракттардын (келишимдердин) болушу.
4. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн ченемдерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
11-берене. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик контроль
1. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, сапатына жана коопсуздугуна, бул жааттагы мыйзамдардын жана тийиштүү лицензияларда каралган шарттардын сакталышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат.
2. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматты берүү менен чийки затты жана даяр продукцияны эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын орнотуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
4. Этил спиртинин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукциянын коопсуздук талаптарын жана ылайык келишин баалоо жол-жоболорун камсыз кылуу Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык жүзөгө ашырылат.
12-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн декларациялоо
Алкоголдук продукцияны чекене сатууну кошпогондо этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн декларациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана форма боюнча жүзөгө ашырылат.
13-берене. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар
Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттер этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тиешелүү лицензияны алгандан кийин этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинде аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мамлекеттик бюджетке жыйымдарды төгүүгө милдеттүү.
14-берене. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатып өткөрүүнүн тартиби
1. Алкоголдук продукцияны дүң жана чекене сатып өткөрүүнү уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактар жүзөгө ашырат. Жеке ишкерлер алкоголдук продукцияларды чекене сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырат. Алкоголдук продукцияларды сатып өткөрүү иштин лицензиялануучу түрү болуп саналат.
Алкоголдук продукцияны дүң жана/же чекене сатып өткөрүүгө лицензиясы жок жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат.
Фискалдык эске тутуусу жана кийин товарды жүгүртүүдөн кийин чыгаруу менен санариптик идентификациялоо каражаттарынын коддорун окуу менен контролдук-кассалык машинасыз алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат.
2. Төмөнкүлөрдө алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатууга жол берилбейт:
1) балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;
2) шаардык жана шаардын айланасындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы пайдалануудагы транспортто);
3) маданий уюмдарда (аларда жайгашкан, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн уюмдарды же коомдук тамактануу пункттарын кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмаларда;
4) 18 жаш куракка толо элек адамдарга;
5) 18 жаш куракка толо элек адамдар тарабынан;
6) ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштомо документтерсиз, маркалоосуз же жасалма акциздик марка менен маркаланган;
7) массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде, аскердик соода объекттерин кошпогондо, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда, күркөлөрдө, ларектордо, убактылуу конструкцияларда, ошондой эле бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
4. Алкоголдук продукцияны сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын соода жана кампа жайлары болушу керек.
15-берене. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуу
1. Этил спиртин импорттоого төмөндөгү учурларда гана жол берилет:
1) Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же убактылуу токтотулуп турганда;
2) Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн спирттин көлөмүн кыскартууда же этил спиртинин суралган көлөмүн көбөйтүүдө;
2. Алкоголдук продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгуу же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында каралган тартипте ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарды сактоо менен уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү этил спирти жана/же алкоголдук продукция техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү алкоголдук продукциянын сапатын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3-глава. Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
16-берене. Алкоголдук продукцияны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу адамдардын сатып алуучулардан өздүгүн ырастоочу документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу милдети
1. Жашы болжол менен 18 жаштан төмөн болгон адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сатып алуучунун жаш курагын аныктоо максатында өздүгүн ырастоочу документтерди - жарандын паспортун (ID-карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү талап кылууга. Паспортту алмаштыруучу документтерге анык аскердик кызмат өтөгөн офицердин күбөлүгү, мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы өздүгүн ырастоочу документтер кирет;
2) өздүгүн ырастоочу документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкоголдук продукцияны сатуудан баш тартууга;
3) 18 жашка толо элек адамдарга, өздүгүн ырастоочу документтери жок адамдарга алкоголдук продукцияларды сатууга тыюу салуу жөнүндө. алкоголдук продукцияларды колдонуунун зыяндуулугу жөнүндө маалыматтарды алкоголдук продукция сатылган жерлерге жайгаштырууга.
2. Ушул берененин жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
17-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер, мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
18-берене Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын 3, 6-беренелери (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 392-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2112-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 934-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 1 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 1-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 508-ст.);
7) "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-октябрындагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 10, 855-ст.);
8) "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 3, 147-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 8-августу № 168
Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Алкоголдук продукцияны дүң сатып өткөрүүгө лицензиясы жок жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат.
Фискалдык эске тутуусу жана кийин товарды жүгүртүүдөн кийин чыгаруу менен санариптик идентификациялоо каражаттарынын коддорун окуу менен контролдук-кассалык машинасыз алкоголдук продукцияны чекене сатууну жүзөгө ашыруучу жеке жана/же юридикалык жактарга алкоголдук продукцияны дүң сатууга тыюу салынат.
2. Төмөнкүлөрдө алкоголдук продукцияларды, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди сатууга жол берилбейт:
1) балдардын, билим берүү уюмдарында жана аларга чектеш аймактарда, ошондой эле түздөн-түз медициналык мекемелердин аймактарында;
2) шаардык жана шаардын айланасындагы каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө (жалпы пайдалануудагы транспортто);
3) маданий уюмдарда (аларда жайгашкан, анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн уюмдарды же коомдук тамактануу пункттарын кошпогондо), дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмаларда;
4) 18 жаш куракка толо элек адамдарга;
5) 18 жаш куракка толо элек адамдар тарабынан;
6) ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык коштомо документтерсиз, маркалоосуз же жасалма акциздик марка менен маркаланган;
7) массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлерде, аскердик соода объекттерин кошпогондо, аскердик бөлүктөрдүн аймагында, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда, күркөлөрдө, ларектордо, убактылуу конструкцияларда, ошондой эле бул продукцияны сатуу үчүн ылайыкташтырылбаган башка жерлерде.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алкоголдук продукцияны сатууга кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.
4. Алкоголдук продукцияны сатууну жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын соода жана кампа жайлары болушу керек.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)