Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 9-августу № 172
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2019-жылдын 30-апрели, № 34-35) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "ошондой эле, Кодекске ылайык жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин" деген сөздөр "Кодекске ылайык жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле бажы органдарынын ишин уюштурууну жана камсыз кылууну регламенттөөчү укуктук мамилелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 7-9, 11, 17, 19, 34, 38, 41, 44-47, 50-52, 54, 57, 58, 62-67, 69-71, 83, 86, 91-93, 95, 97, 98, 100-104, 107-112, 118, 121, 122, 125, 129-131, 133-136, 138-142, 145, 146, 148, 155, 161, 162, 176, 187, 189, 193, 195, 198, 199, 201, 204, 206-208, 212, 213, 216-218, 221-223, 225-227, 229-232, 235, 238, 240, 241, 247, 249, 251-беренелердеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 12-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Алдын ала маалымат аны ташуучу, же болбосо Кодекстин 82-беренесинин 4-пунктунда, 83-беренесинде, 88-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн башка жактар тарабынан бажы органына берилген учурдан тартып юридикалык мааниси бар фактылар жөнүндө күбөлөндүрүүчү юридикалык жактан маанилүү маалымат болуп калат.
Алдын ала маалыматка кирүүчү берилип жаткан маалыматтар анык жана документ түрүндө ырасталган маалыматка негизделүүгө тийиш.
Алдын ала маалыматта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жактар жоопкерчилик тартат.";
4) 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Товарларды классификациялоо
1. Декларант жана башка жактар товарларды классификациялоону Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бажылык декларациялоодо жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык бажы органына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду билдирилген башка учурларда жүзөгө ашырат.
Эгерде Кодекске ылайык бажы декларациясында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү каралбаса, бажылык декларациялоодо товарларды классификациялоо жүзөгө ашырылбайт.
2. Товарларды классификациялоонун тууралыгын текшерүү бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бажы органы товарларды классификациялоону жүзөгө ашырган учурлар Кодекстин 20-беренесинин 2-пунктунда белгиленген.
3. Бажы органы тарабынан товар чыгарылганга чейин да, чыгарылгандан кийин да туура эмес классификациялоо аныкталганда, товарды классификациялоо жөнүндө чечим бажы органы тарабынан он төрт жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы бажылык, башка документтерге жана (же) маалыматтарга Кодекстин 325 жана 326-беренелерине ылайык текшерүү жүргүзөт, ал эми товарларды чыгаруу Кодекстин 121-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат, же болбосо мындай товарлар убактылуу сактоого жайгаштырылат.
Эгерде товарларды бажылык декларациялоодо берилген документтерде товарларды чыгарганга чейин аларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн зарыл, билдирилген маалыматтар камтылбаса же ырасталбаса, бажы органы Кодекстин 325-беренесинин 4-пунктуна ылайык, товардын сыпаттамасын, анын функциялык багытын жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле анын пайдалануу жааты жана Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын классификациялык кодун аныктоого таасир этүүчү анын негизги касиеттери тууралуу маалымат (техникалык документация, товардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө өндүрүүчүнүн маалыматы) камтылган документтерди суратып алууга укуктуу.
Документтер жана маалыматтар суралган жак мындай документтерди жана маалыматтарды Кодекстин 325-беренесинин 7-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
Кодекстин 121-беренесине ылайык товарлар чыгарылган учурда, товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органы сураган кошумча документтер жана маалыматтар Кодекстин 325-беренесинин 14-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө берилет.
Ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бажы органы тарабынан товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер жана маалыматтар суралганда, ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүшү тиешелүү документтер жана маалыматтар берилгенге чейин токтотулуп турат.
4. Товарды классификациялоо жөнүндө чечим кагаз жүзүндөгү документ түрүндө даярдалат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органынын аталышын;
- декларанттын аталышын;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;
- товардын аталышын;
- товарды классификациялоо үчүн зарыл маалыматтарды;
- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча он орундуу классификациялык кодду;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин негиздемесин, ага кошуп мындай чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон себептерди;
- бажы органы тарабынан Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын туура эмес классификациялык кодун аныктаган товардын номерин, документтин номерин (бажы декларациясынын же бажы декларациясы катары пайдаланылган башка документтин);
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын кызмат орундарын, фамилияларын жана аты-жөндөрүн жана алардын кол тамгаларын (бажы органынын начальниги жана аткаруучу).
5. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимде товардын кодуна таасирин тийгизбеген каталар табылганда, бажы органы товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат.
Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алган бажы органынын аталышын;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин каттоо номерин жана анын кабыл алынган датасын;
- товардын аталышын;
- декларанттын аталышын;
- өзгөртүүлөр киргизилүүчү товарды классификациялоо жөнүндө чечим тууралуу маалыматты, ошондой эле оңдолгон маалыматтар көрсөтүлгөн графалардын номерин;
- товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимди кабыл алган бажы органынын кызмат адамдарынын кызмат орундарын, фамилияларын жана аты-жөндөрүн жана алардын кол тамгаларын (бажы органынын начальниги жана аткаруучу).
Товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кагаз жүзүндөгү документ түрүндө даярдалат жана товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Товарларды классификациялоо жөнүндө чечим же товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечим бажы органы тарабынан кабыл алынганда, мындай чечим декларантка Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөтүндө, бир эле убакта Кодекстин 112-беренесинин 2-пунктунда каралган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тууралуу талап менен, же болбосо товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролунун жыйынтыктары боюнча бажы органы тарабынан чечим кабыл алынышы үчүн Кодекске ылайык белгиленген мөөнөттөрдө, бир эле убакта Кодекстин 112-беренесинин 3-пунктунда каралган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечим менен маалымдалат.
Эгерде товарларды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу кабыл алынган чечим бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү зарылдыгына алып келбесе, мындай чечим декларантка Кодекстин 119-беренесинде белгиленген товарларды чыгаруу мөөнөттөрүндө, же болбосо, эгерде мындай чечим товарлар чыгарылгандан кийин кабыл алынса, ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымдалат.
7. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөгө таасирин тийгизүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим бажы органы тарабынан төлөөчүгө бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммалары жөнүндө билдирүү жөнөтүү же бажы органы тарабынан бажы декларациясында билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
8. Товарды классификациялоо жөнүндө чечимдин, товарды классификациялоо жөнүндө чечимди өзгөртүү тууралуу чечимдин формалары жана аларды толтуруу тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
5) 39-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-берене. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча жабдуу үчүн программалык камсыз кылууну алып жүрүүчүлөрдү баалоо
Программалык камсыз кылууну алып жүрүүчүлөрдүн бажылык наркы Комиссиянын актысына ылайык аныкталат.";
6) 41-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн бажы наркынан жана (же) эсептик көрсөткүчтөрдө алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрү, анын ичинде бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдардын максималдуу жана (же) минималдуу өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 3-бөлүктө:
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизмекке ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн адистештирилген товарларга карата;";
7) 43-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
". 43-берене Алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн жыйымдар
Алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган өлчөмдө алынат.";
8) 54-берененин 10-бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кабарлама тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлгөн учурда, кабарлама жөнөтүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин ал тапшырылды деп эсептелет.";
9) 59-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы органы тарабынан ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.";
б) 4-бөлүктө "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "бажы органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 60-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кодекстин 59-беренесинин 2 жана 3-пункттарында, ушул берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн негиздердин болушу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ырасталат.";
11) 82-берененин 3-бөлүгүндөгү "мыйзамдарына" деген сөз "банк мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 98-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- "жана жазуу жүзүндөгү формаларда" деген сөздөр "формада" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Жазуу жүзүндөгү бажылык декларациялоого Кодексте, эл аралык келишимдерде жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларда каралган учурларда жол берилет.
Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында Кодекстин 104-беренесинин 4 жана 5-пункттарында каралгандан башка, декларациялоо жазуу жүзүндө жүргүзүлүшү мүмкүн болгон учурлар аныкталышы мүмкүн.
Бажылык декларациялоо декларант же болбосо бажы өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Бажылык декларациялоону жүзөгө ашырууда декларанттар үчүн белгиленгендерге караганда жагымдуу шарттарды бажы өкүлдөрү үчүн белгилөөгө жол берилбейт.";
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталышы мүмкүн:";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Бажы органдарынын маалыматтык системаларын пайдалануу менен электрондук формада товарларды декларациялоодо бажы операцияларын жасоо технологиясы, анын ичинде товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы органдарына документтерди жана маалыматтарды электрондук түрдө берүү технологиясы, товарларды электрондук формада декларациялоодо бажы органдары менен декларанттын ортосундагы өз ара аракеттенүү, электрондук формада декларациялануучу товарларга бажы контролун жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.";
13) 110-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эл аралык электрондук сооданын алкагында жеке жактардын андан кийин сатып алуусу максатында Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү жана эл аралык почта жөнөтмөлөрүндө жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы кампасынын бажы жол-жоболорун колдонуу менен почта байланышынын оператору тарабынан дайындалган бажы операцияларын жүргүзүү боюнча эксперимент өткөрүүнүн тартибин, мөөнөтүн жана шарттарын, бул экспериментте катышуучу товарлардын категорияларын, аларды өткөрүү орун-жайларын, бажы алымдарын, салыктарды, бул экспериментке катыштырылган товарларга карата товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн бажы жыйымдарын төлөөнүн өлчөмдөрүн жана тартибин, Бирликтин кодекси жана ушул мыйзам менен аныкталгандан айырмаланган мындай товарларга карата бажы контролун жүргүзүүнүн тартибин, мындай товарлар бажы контролунда турганга чейин түзүлгөн жана алар түзүлгөн учурда бажы кампасынын бажы жол-жобосу аяктаган жагдайларды, ошондой эле бул эксперименттин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду даярдоо тартибин аныктайт.";
14) 121-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Бажы органдары өз компетенциясынын чегинде бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы чек арасында мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) башка түрлөрүн жүзөгө ашырат.";
15) 124-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "124-берене. Бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда бажы органдарынын жана мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы чек арасы аркылуу ташылуучу жана башка мамлекеттик органдар контролдоого тийиш болгон товарларга карата бажы контролунун зонасында контролдук жүргүзүүгө болгон жалпы координацияны бажы органдары камсыз кылат.
Бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда бажы органдары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартиби, анын ичинде маалыматтык системаларды пайдалануу менен бажы жана мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтер жана (же) маалыматтар (билдирүүлөр) менен алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
в) 3 жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 131-берененин 2-бөлүгүндө:
а) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбегенде же аны берүү мөөнөттөрү бузулганда;";
б) 5-пунктта "профилдеринин" деген сөз алып салынсын;
17) 137-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 145-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"5) ар жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн берүү менен байланышкан төлөмдөрдөн;
6) ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөрдөн.";
19) 146-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 3-пунктунда "бажы иши чөйрөсүндө кылмыш жасаган адамдарга карата" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөр "тартиптик жоопкерчиликти же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 150-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасын жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.";
21) 157-берененин экинчи абзацында "үч" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 158-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуунун тартибин бузган факт аныкталган учурда, келип чыккан кесепеттерге жараша кызматкер тартиптик жоопкерчиликти, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.";
23) 173-берененин 5-бөлүгүндө "кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн" деген сөздөр "кабыл алынган чечимди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 185-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу процессин ишке ашыруу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жактарды тобокелдиктин төмөнкү, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонууда бажы органдарынын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Тобокелдик деңгээли төмөн жактарга карата бажылык текшерип кароо ушул Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 5-7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча дайындалышы мүмкүн.
Тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырууда тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт.
Мында тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата:
- товарлар чыгарылганга чейин бажы контролун жүргүзүү үчүн тандап алуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипке ылайык жана тобокелдиктерди башкаруу системасынын негизинде жүзөгө ашырылат;
- бажы контролу товарлар чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт.
Товарлар чыгарылгандан кийин тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүү үчүн тандоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Товарлар чыгарылгандан кийин тобокелдик деңгээли төмөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүү үчүн маалыматтарды берүү маалыматтык системаны пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
Тобокелдиктин деңгээлине жараша бажылык текшерип кароону толук жүргүзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилениши мүмкүн.";
25) 205-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"205-берене. Бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын жоопкерчилиги
Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабагандыгы үчүн бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактар, алардын жетекчилери жана кызматкерлери ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 22-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |